Прокуратура Шереметтин ишинде «илинчек» табылганын билдирди
Беларус, орус журналисти Павел Шеремет 2016-жылы 20-июнда Киевдин борборунда машине айдап баратып жардырууга дуушар болгон. Украин бийлиги Шереметтин өлүмүн «атайын уюштурулган иш» деп тапкан.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында журналисттин жарандык никеде турган аялы, «Украинская правда» гезитинин негиздөөчүсү Елена Притула Шереметтин өлтүрүлүшүн «теракт» катары кароону өтүнүп, прокуратурага арыз жазган.
Андан соң башкы прокурор Юрий Луценкону ишти колго албаганы үчүн сотко берген.
Тергөө Шереметтин журналисттик ишмердиги, бирөө менен жеке кастык мамилеси, Украинадагы кырдаалды курчутуу жана машиненин бузуктугу деген версиялар каралып жатканын билдирген.
