Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Президент оффшордогу акчаны кайтаруу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды

0
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын тышына, оффшордук чөлкөмдөргө мыйзамсыз, кылмыш жолу менен чыгарылып кеткен акча каражаттарын издөө жана кайтаруу үчүн кошумча механизмдерди түзүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.


Анын маалыматында айтылгандай, президент “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзамды Жогорку Кенеш 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алган.


Мыйзам террорчуларды каржылагандарга жана кылмыштуу кирешени адалдаштыргандарга каршы күрөш үчүн укуктук негиз түзүп берет. Ал коррупциялык кылмыштарга каршы иш жүргүзүү жана оффшордогу акча каражаттарын кайтаруу механизмдерин жаратууга да шарт түзөт.


Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөн соң күчүнө кирет. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса