Өзбек диссиденти Сафар Бекжан жарандыктан ажыратылды
– Мен Өзбекстандын Берлиндеги консулдугунан кат алдым, анда 2017-жылы 17-мартта президенттин жарлыгы менен жарандыктан ажыратылганым жазылыптыр. Катта жарандыктан эмне себептен ажыратылганым туурасында эч нерсе айтылбаптыр. Эгер менин экинчи жарандыгым болсо, алар муну себеп катары белгилей алышмак. Бирок менин башка жарандыгым жок. БУУ тарабынан берилген качкын макамым гана бар, - деди Сафар Бекжан.
Өзбекстандын Берлиндеги консулдугу жеке мүнөздөгү маалыматтарга комментарий берүүдөн баш тартты.
Өзбекстандын Хорезм облусунда туулуп-өскөн Сафар Бекжан “Эрк” демократиялык партиясынын мүчөсү болуп турган кезде, 1993-96-жылдары түрмөгө отурган. Эркиндикке чыккандан кийин өзбек түрмөсүндөгү абал тууралуу “Тиги дүйнөнүн астанасы алдында” деген китеп жазган.
Ал саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу 1997-жылы өлкөдөн чыгып кетип, кийинчерээк Швейцариядан башпаанек алган. Учурда Сафар Бекжан Эл аралык жазуучулар парламентинин мүчөсү.
