Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Милиционер машинеси менен сүзүп кеткен үч адамдын бири каза тапты

0
Кара-Балта шаарында милиция кызматкери машинеси менен үч адамды сүзүп кетип, алардын бири ошол жерден мүрт кетип, экөө ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты “Азаттыкка” Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.


Баштапкы маалыматка караганда, машине айдап бараткан 27 жаштагы милиционер мас абалында болгон. Анын "Mercedes-Benz" автоунаасы "Nissan Cefiro" менен сүзүшүп, жанында турган адамдарга барып тийген.


Айыбын мойнуна алган милиционер Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнүн кызматкери экени аныкталды.


Кылмыш иши козголду. Шектүү бир айга тергөө абагына камалды. 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса