IT академиянын тагдыры талашка түштү
Кыргызстандын программисттер ассоциациясы былтыр өкмөткө IT (маалымат технологиялар) академиясын кеңейтүү максатында имарат сурап кайрылган. Бирок өкмөттүн токтому менен Билим берүү жана илим министрлиги IT академиясын Мамлекеттик юридикалык академияга караштуу ачууну чечкен.