Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 12.03.2019

Аял депутаттарга колдоо жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын элинин 52 пайызын аялдар түзөт. Ошол эле учурда өлкөдө бир да аял губернатор же аким жок. 453 айыл аймактын болгону 14ү айым. Аймактарда аялдардын бийликке келишине эмне бөгөт болууда? Бул жолу "Эже-сиңдидер" берүүсүндө ушул темада баарлаштык.

Тергөөчүлөр пара менен кармалды

Azattyk.org 

Өткөн аптада Ленин райондук милициясынын эки тергөөчүсү пара алып жатып кармалды. Ага чейин Чүйдүн Москва райондук сотунун сот аткаруучусу пара менен колго түшкөн.

Зайналиев ишине тыюу салган чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылды

Azattyk.org 

Табып Ашым (Хашим) Зайналиев анын элди өз алдынча дарылашына тыюу салган соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.  19-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, анын элди дарылашына, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салган. Буга райондук прокуратуранын өтүнүчү себеп болгон. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгогон кылмыш... Читать дальше...

Нуржигит Кадырбеков маданият министринин орун басары болду

Azattyk.org 

Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мунун алдында өкмөттүн башка буйругу менен маданият министринин орун басарлык кызматынан Айнура Султанбаева бошотулган.  Кадырбеков 12-мартта жамаатка тааныштырылды. Ал буга чейин президенттин алдындагы «Ыйман» фондун жетектечү. (ErN)

"Гүлнара Каримова аман-эсен абакта жатат"

Azattyk.org 

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы абактагы Гүлнара Каримова өз өмүрүнө кол салган деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу башкы көзөмөл органына шилтеме кылып «Kun.uz» сайты кабарлады. Ал эми АКШ бийлиги Гүлнара Каримовага пара алган деп расмий айып такты.

«Коопсуз шаардын» экинчи фазасы эки апта кечигип иштейт

Azattyk.org 

12-марттан тарта ишке ашат деп пландалган «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасы эки апта кечигип башталат. Бул тууралуу «Азаттыкка» долбоорду ишке ашырып жаткан «Вега» концернинен билдиришти. Мекеме иштин кармалып жатышын курулуш-монтаждоо жумуштарынын техникалык долбоорлорун макулдашуу кечеңдегени менен түшүндүрдү. “Бишкекбашархитектура” байланыш жана электр линияларын жердин асты менен алып өтүүнү сунуштаган. Жагдайды анализдөө учурунда аны ишке ашырууга техникалык мүмкүнчүлүктөр жоктугу аныкталган. Читать дальше...

Конор Макгрегор киши тоноду делип Майамиде кармалды

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Спортчу отелден чыгып келе жатканда жабырлануучу аны телефонго тартканга аракет кылган. Бул учурда ММА мушкери эркек кишинин колундагы мобильнигин талкалап, буту менен тепселеп салган. Жабырлануучунун айтымында, уюлдук телефону миң доллар турат.



Зидан “Реалга” кайтып келди

Azattyk.org 

Зинедин Зидан мадриддик «Реал» клубунун башкы машыктыруучусу болуп кайтып келди. Бул тууралуу команданын расмий сайтында кабарланды. Андагы маалыматка ылайык, франциялык атактуу футболчу клубдун машыктыруучусу катары 2022-жылга чейин эмгектенет. Зидандын «Реалга» машыктыруучу катары кайтышы бул клубдун күйөрмандары үчүн кубанычтуу жаңылык болду. Себеби, акыркы учурда испаниялык клуб улам жеңилүүгө туш болуп жаткан.  Буга байланыштуу учурдагы башкы машыктыруучу Саньяго Солари клубдан кетүүгө мажбур болду. Читать дальше...

Эфиопияда кулаган “Боинг 737” учагынын “кара кутусу” табылды

Azattyk.org 

10-мартта эртең менен Эфиопиянын борбору Аддис-Абебанын чет жакасында кулаган учактын “кара кутусу” табылды. Бул тууралуу эфиопиялык мамлекеттик телеканал кабарлады. Эми “кара кутуларга” жазылып калган маалыматтын негизинде кырсыкка эмне себеп болгону иликтенет. "Ethiopian Airlines" авиакомпаниясына таандык учактын бортунда 157 киши болгон. Кырсыктан эч ким аман калган эмес. "Боинг-737" Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге багыт алган. Абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндөн кийин кырсыкка кабылган. Читать дальше...

Алжирдин президенти шайлоого катышуу ниетинен баш тартты

Azattyk.org 

Алжирдин президенти Абдел Азиз Бутефлика шайлоого катышпасын жана 18-апрелге белгиленген добуш берүүнүн башка мөөнөткө жылдырылганын жарыялады. Бул тууралуу дүйшөмбүдө тараткан билдирүүсүндө жарыялады. “Бешинчи мөөнөт президентке барбайм. Мындай маселе менин алдымда турган эмес. Менин жаш курагымды жана ден соолугумдун абалын эске алуу менен алжир элинин алдындагы акыркы милдетим катары жаңы республиканын пайдубалын түптөөнү эсептейм”, - деп айтылган билдирүүдө. 20 жылдан бери мамлекетти башкарып... Читать дальше...

АКШ Орусиянын банкына санкция киргизди

Azattyk.org 

АКШ орусиялык “Еврофинанс Моснарбанкка» санкция салды. Бул тууралуу АКШнын Финансы министрлигинин расмий сайтында кабарланды. АКШ бийлиги аталган орус банкы буга чейин санкцияга туш болгон венесуэлалык PDVSA мунай-газ корпорациясына банктык кызмат көрсөткөн деп айыптоодо. АКШнын финансы министри Стивен Мнучин “Еврофинанс Моснарбанкка” карата санкция Венесуэлада “Мадуранын легитимсиз режимин колдогондорго” каршы кандай чара көрүлөрүнүн көрсөткүчү экенин билдирди. “Еврофинанс Моснарбанктын” 50... Читать дальше...

Бишкекте турак үй өрттөнүп кетти

Azattyk.org 

Бишкектин Сеченев көчөсүндөгү турак үйдө 11-март күнү кечинде өрт чыкты. Бул тууралуу ϴзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, өрт кечки саат алтыда тутанып, түнкү саат 10дон өткөндө өчүрүлдү. ϴрттүн чыгуу себеби жана чыгымдары эсептелүүдө. (BkA)

Саясий негизде соттолгондорду актоо маселеси талкууланат

Azattyk.org 

Бишкекте саясий негизде соттолгондорду актоо демилгелери талкууланат. Аны «Саясий туткундарды коргоо комитети” деп аталган уюм уюштурууда. Талкууга буга чейин абактан чыккан саясатчылар, укук коргоочулар катышат. Анда мурдагы бийлик учурунда саясий негизде соттолгон адамдарды актоо боюнча бийлик өкүлдөрүнө, коомчулукка кайрылуу жолдонот. Комитет ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны 30га чукул экенин эсептеп жатат. Өткөн жумаларда бул тизмеге кирген саясатчылар Бектур Асанов... Читать дальше...

“Коопсуз шаар”: жаңы камералар иштей баштайт

Azattyk.org 

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында 23 жаӊы камера иштей баштайт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул ирет Бөкөнбаев-Манас, Чүй-Манас, Чүй-Павлов, Жибек Жолу-Манас, Махатма Ганди-Боталиев, Жибек Жолу-Курманжан Датка, Ахунбаев-Байтик баатыр, Чүй-Абдрахманов, Байтик баатыр-Максим Горький, Шабдан баатыр жана Ибраимов көчөлөрүндө көзөмөл камералары жол эрежесин бузган автоунааларды каттайт. Ал эми Чүй облусунун аймагында 12 камера иштей баштайт. Читать дальше...

“Кыргызалтын” ишканасын холдинг катары түзүү сунушталды

Azattyk.org 

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомун холдинг катары түзүү сунушталып жатат. Бул маалыматты аталган ишканадан ырасташты. Мындай план компанияны өнүктүрүү боюнча стратегияга ылайык иштелип чыкты. Анда холдингдин иштөө багыты кеңейтилип, өлкөдөгү кен байлыктарды издөө, чалгындоо жана инвесторлор менен бирге иштетүү каралган. Компаниянын жетекчилиги бул өзгөрүү өз кезегинде тоо-кен долбоорлорунда Кыргызстандын кызыкчылыктарын толук кандуу коргоого мүмкүнчүлүк түзөт деп ниеттенүүдө. “Кыргызалтын” ишканасы 1992-жылдан бери иштеп келет. Читать дальше...

Укук коргоочу коркутууларга кабылганын билдирди

Azattyk.org 

Укук коргоочу Рита Карасартова 8-мартта Бишкекте өткөн аялдардын тилектештиги боюнча жүрүштөн соң тынымсыз коркутууларга кабылганын билдирди. Укук коргоочунун айтымында, анын дарегине агрессивдүү билдирүүлөр келип жатат. "Айрымдар чет өлкөгө чыгып кетпейсиңби деп айтышат. Мен андай жолго барбайм. Эгер башка жакка чыгып кетсем, Кыргызстандагы жарандык коом үчүн чекит койгон болом. Мен ушул өлкөдө туулган соң пикирлердин ар түрдүүлүгү үчүн күрөшөм", - деди Карасартова. Рита Карасартова бул маселе... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Елена Рыбакина и Юлия Путинцева узнали соперниц на старте Уимблдона-2024






Телеканал ТНТ и Good Story Media приступили к съемкам нового сериала «Кукушкин» с Данилой Рассомахиным, Дарьей Руденок и Александром Якиным

Гибатдинов отправил на довыборы в Гордуму своего помощника, участников СВО и врачей

Граждане Ирана смогли проголосовать за своего президента из Казани

В Подмосковья очистят 14 водоемов в рамках программы «100 прудов и озер»