Иран аймактык коопсуздукту бекемдөөгө гана умтулат жана чыр-чатак чыгаруу ниети жок
Хасан Рухани: Иран аймактык коопсуздукту бекемдөөгө гана умтулат жана башка өлкөлөр менен чыр-чатакташууну каалабайт.
Хасан Рухани: Иран аймактык коопсуздукту бекемдөөгө гана умтулат жана башка өлкөлөр менен чыр-чатакташууну каалабайт.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Санкт-Петербургдагы экономикалык форумга катышат. 5-июнда эки лидер сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Си Цзиньпин Москванын зоопаркына эки панданы берди. Путин бул ишаратты эки өлкөнүн ортосундагы «ишенимдин жана сый-урматтын» белгиси катары баалады. Вашингтон жана Батыш менен мамилелери чыңалып турган чакта Орусия менен Кытай өз ара байланыштарын бекемдөөгө умтулуп жатышат. Владимир Путинди «ынак досум» деп атаган Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдөн... Читать дальше...
Модель биринчи таймда талаага чуркап чыга калып, "Ливерпуль" менен "Тоттенхэмдин" оюнун үзгүлтүккө учураткан.
Биз - адам баласы - ар дайым жалгызбыз. Өзүбүздү өзүбүз гана дайыма жандап жүрөбүз.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 75 жыл мурда «Нептун» операциясына катышкан ардагерлерге ыраазычылыгын билдирип, курман болгондорду эскеришти. Макрон, Мэй жана АКШнын президенти Дональд Трамп – Экинчи дүйнөлүк согуш маалында негизги батыш союздук өлкөлөрдүн учурдагы лидерлери – Нормандияга 75 жыл мурда болгон окуяны эскерүү үчүн келишти. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй: «Эгерде бир күн кийинки муундардын тагдырын аныктайт деп айта турган болсок... Читать дальше...
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун аракеттерине баа берүү маселесин карайт. Бул тууралуу премьердин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди. Ал «өкмөт башчы жогорку деңгээлдеги аткаминердин жана журналисттин айланасындагы бул инцидент бийликтин бардык аткаруу бутагына көлөкө түшүрүп жатканын» өкүнүү менен кабылдап жатканын белгилейт. Мунун алдында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов өзүнүн кабарчы кызга карата сүйлөгөн сөзү тууралуу комментарий берип... Читать дальше...
Бийликти колдон чыгаргысы келбеген саясий лидерлер эркин маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнүн жаңы жолдорун өздөштүрүп жатышат.
Баш калаанын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча соттук кароо уланууда. Сотто Финансы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков жана Азамат Исаков жабырлануучу тарап катары суракка алынды. Иш боюнча башкы айыпталуучулардын бири, камакта отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты азыркы финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны суракка чакырууну өтүндү. Исаков мүчөлүк кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын... Читать дальше...
Чүй облусунун Төмөнкү Орок айылында чогулган 100гө жакын тургундар тараптарды ынтымакка, биримдикке чакырып жатышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Орок айыл аймагынын башчысы Уран Чодуев билдирди. «Илгертен туруктуу жашап келген эл, үйүбүз да, жумушубуз да бир. Азыр эми жаштар арасында тентектик, түшүнбөстүк болуп чатак чыгып кетиптир. Бирок эми ал басылат, мына, аксакалдарыбыз келип жатат. Элдин маанайы жакшы эле», - деди ал. Кечээ, 5-июнда Төмөнкү Орокто Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен... Читать дальше...
Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов облустук администрацияга чогулган активисттер жана журналисттер менен жолугуп, өзүнүн кабарчы кызга карата сүйлөгөн сөзү тууралуу комментарий берди. - Мен барсам чын эле 3-4 үйдүн терезеси сынган экен. Камалган балдардын ата-энелери менен сүйлөштүм. Таяк жеген 2 баланын сүрөтүн көрсөттү «Ватсаптан», чын эле уруп, мээси чайкалыптыр. Бирок операция болгон эмес. Кайра келатсам прокурордой болуп алдыман чыгып «кайда жүрөсүз, эмнеге кечиктиңиз» деген тон менен суроо берди. Читать дальше...
105 миңден ашуун кыргызстандык мигрант Орусиянын миграциялык мунапысын колдонду. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында билдирди. Ал жалпы 200 миңдей кыргыз жараны тобокел тобунда болгонун, иш жүзүндө алардын жарымы гана илешкенин ырастады. Ибраимжанов муну менен катар дагы беш жарым миңдей адам "кара тизмеден чыкканын кошумчалады. Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке жасалган мамлекеттик сапарынын... Читать дальше...
Кыргызстандын башкы окуясына айланган миллиондогон доллардын изи тууралуу журналисттик иликтөөгө өкмөт көңүл бурду.
Журналисттер жана активисттер кабарчы кызды келекелеген өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун кызматтан кетишин талап кылып митингге чыгышты. Алар ушул тапта Чүй облустук администрациясынын алдында чогулуп, аткаминердин кабинетине кирүүгө аракет кылышты. Активист Мелис Аспеков Абдраимов мамлекеттик кызматкердин этикасына сыйбаган аракетке барганын сынга алды. "Чүйдүн облусунун башчысы Туйгуналы Абдраимов журналист кызды мазактап, мыскылдап, басмырлады. Бул өтө туура эмес нерсе. Читать дальше...
Кыргызстандын өкмөтү 2019-жылы Сүлүктү, Кадамжай, Кара-Кече, Туюк-Каргаша, Тоголок, Ноокат, Жетим сыяктуу кендерди сынакка коюуну пландап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тоо-кен тармагындагы кырдаал боюнча кеңешмесинде белгилүү болду. Жыйында Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов сынакты өткөрүүнүн жол- жоболору тууралуу маалымат берди. Өкмөт башчы кен иштетүүгө сынактардын шарттарын сапаттуу даярдоо зарылдыгын белгиледи. Читать дальше...
UFC уюму Валентина Шевченко менен Жессика Айдын боло турчу беттешин утурлай YouTube-каналына атайын видео чыгарды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фыраттын чыр чыккан Төмөнкү Орок айылына барганы боюнча кеңешме өткөрүп, билдирүү берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди. «Ал боюнча бүгүн Тышкы иштер министрлигинде кеңешме өтүп, жолугушуу болот. Маалыматты күндүн жүрүшүндө беребиз. Кечээ эми ызы-чуу болбодубу. Биз бул маселе боюнча өз ичибизден сүйлөшөбүз»,-деди Дыйканбаев. 5-июндун кечинде Түркиянын Кыргызстандагы... Читать дальше...
Соцтармак колдонуучулары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматтан кетирүүнү талап кылууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Ислам Кодировдун наамына берилген жасалма паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылган 29 жаштагы коңшу өлкөнүн жаранын (Ю.М.) колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Муну менен бирге аэропорттун күтүү залында айтылган кылмыш тобунун уюштуруучусу, Кыргызстандын жараны, 52 жаштагы А.С. да кармалды. Анын жанынан да Пайзулло Насыров аттуу жарандын наамына даярдалган жасалма паспорт табылды. Тергөө... Читать дальше...
Эл аралык экономикалык форумга катышуу максатында Орусияга барган Си Цзиньпин Владимир Путин менен жолугушту.
Ал үчүн Дана Уайт айрым мүлкүн сатууга аргасыз болду.
Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү журналисттен кечирим сурап, кызматтан кетиши керек. Ушундай талап менен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, облус башчысы Туйгуналы Абдраимовду айыптап жатышат. Буга анын кечээ 5-июнда Сокулуктагы окуяны чагылдыруу үчүн барган журналист кыздардын бирине орой мамиле кылып, “Сиздин жүзүңүз мага жакпай турат” деп келеке кылганы себеп болду. Коомдук активисттер... Читать дальше...
Спортчулар уткан медалдын 10у алтын.
Жогорку Кеңеште бүгүн 6-июнда жалпы жыйын болбойт, депутаттар эл кыдырып, жолугушууларды өткөрүшөт. Өткөн аптада парламент 6-7-июнь күндөрү өлкө аймагында шайлоочулар менен жеринде иш алып баруу чечимине келишкен. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынган. Июнь айынын соңунда парламент жайкы эс алууга кетип, сентябрдын башында кайрадан ишке киришет. 120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө - КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Читать дальше...
Бүгүн 6-июнда Бишкекте “Парламенттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мониторинг жана баалоо жүргүзүү” деген темада аймактык форум ишин баштайт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттарынан тышкары Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн парламент өкүлдөрү да чакырылган. Күн тартибинде парламенттин ишин баалоонун Кыргызстандагы ыкмалары жана эл аралык тажрыйба, өкмөт менен жарандык коомдун пикирин эске алуу, алар менен кызматташуу маселелери бар. Кыргызстандын 120 мандаттан турган парламенти беш жылга шайланат. Читать дальше...
Бүгүн 6-июнда Улуттук илимдер академиясынын Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунда директор шайланат. Мекеменин маалыматына караганда, эки адам талапкерлигин койгон. Алар – директордун милдетин аткарып жаткан Нур Саралаев жана укук бөлүмүнүн башчысы Алмаз Токтогулов. Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. Академиянын 39 анык мүчөсү... Читать дальше...