Кыргызстанда активисттер депутаттардын санын азайтууга кол топтоп жатышат
Кыргызстандык активистер Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны 120дан 35ке азайтууну тала кылып онлайн кол топтоп жатышат. Петиция сhange.org платформасында жүргүзүлүүдө. Кол топтоо боюнча Алена Хоменко аттуу жаран демилге көтөрүп, ал парламенттеги депутаттардын саны азайса, аларга мамлекет короткон чыгым азайып, бюджетке пайда болорун негиз кылууда. 9-июнда петицияга кол койгондордун саны 5000ден ашты. Демилгечилер 7500 кол топтоону максат кылышкан. Кыргызстанда 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Читать дальше...