Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2019

Новости за 14.06.2019

Левада: Орусияда Украинага терс көз караштагылардын саны азайды

Azattyk.org 

"Левада-борборунун" жаңы сурамжылоосу Орусияда Украина менен АКШны "душман мамлекет" деп эсептеген жарандардын саны азайганын көрсөттү. Май айында жүргүзүлүп, жыйынтыгы 14-июнда жарыяланган сурамжылоого ылайык, Кошмо Штаттарга карата терс көз караштагы орусиялыктардын саны былтыркыдан 11 пайызга азайып, быйыл 67 пайызды түздү. Украинаны кас маанайдагы өлкө деп эсептегендердин саны былтыр 49 пайыз болсо, быйыл 40 пайызга чейин азайды. "Левада-борборунун" директору Лев Гудков айрым орусиялыктар... Читать дальше...

Өзбекстан ШКУнун алгачкы экономикалык форумун Самаркандда өткөрүүгө чакырды

Azattyk.org 

Өзбекстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алгачкы экономикалык форумун Самарканд шаарында өткөрүүнү сунуш кылат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Бишкекте аталган уюмдун башчыларынын саммитинде өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирди: - Биз биринчи экономикалык форумду өткөрүүгө даярбыз. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери ортосунда аймактык деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп туруу керек. Бүгүн Бишкекте өткөн саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын... Читать дальше...

Моди ШКУга террорчулукка каршы эл аралык саммит өткөрүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди террорчулукка каршы эл аралык саммит өткөрүүнү сунуш кылды. Бүгүн 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде сүйлөп жатып ал терроризмди колдогон өлкөлөрдү "изоляцияда калтыруу" керек экенин айтты. - Террорчуларга жардам берип, аларды каржылаган өлкөлөр жоопко тартылышы керек, - деди Моди. Ошондой эле ал аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда Ооганстан маселеси өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. "Нью-Дели досу Ооганстанга мындан ары да колдоосун... Читать дальше...

Сот “Бишкек жүргүнчүлөр автокомбинатын” мэрияга өткөрүп берди

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук соту “Бишкек жүргүнчүлөр автокомбинатын” жана ага караштуу жер тилкесин алып-сатуу боюнча келишимди жокко чыгарып, мүлктү ага мурда ээлик кылган шаардык муниципалитетке кайтарган чечим кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады. Соттун чечимине ылайык, шаардагы жалпы аянты 666,4 чарчы метрди түзгөн комплекс, 8001,3 чарчы метрди түзгөн имарат, 5,028 гектарды түзгөн жана 0,258 гектарды түзгөн жер тилкеси шаарга кайтарылды. “Бишкек жүргүнчүлөр автокомбинаты” коммуналдык... Читать дальше...

ШКУ саммити ишин жыйынтыктады

Azattyk.org 

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити Бишкек декларациясын кабыл алуу менен аяктады. Мындан тышкары маңзат соодасына каршы күрөшүү, санариптешүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, айлана-чөйрөнү коргоо, гуманитардык маселелерди жөнгө салуу, туризм, айыл чарба тармактары боюнча кызматташтыкты камтыган макулдашууларга кол коюлду. ШКУ катчылыгынын эл аралык "Астана" каржылык борбору, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы жана Европа экономикалык комиссиясы менен кызматташуу меморандумдары кабыл алынды. Читать дальше...

АКШ Оман булуңундагы чабуулга байланыштуу видео жарыялады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Оман булуңундагы эки танкерге жасалган чабуулдагы Ирандын ролун айгинелейт деген видеону жарыялады. Бейшемби күнү жарыяланган бул видеодон Ирандын "Ислам революциясынын сакчылар корпусуна" таандык кеменин экипажы бутага алынган мунай танкерлеринин биринен жарылбай калган минаны алып жаткандай көрүнөт. Пентагон Ирандын күчтөрү чабуулдан кийин изин жаап-жашырууга аракет кылды деп ишенип турганын АКШнын расмий өкүлдөрү CNN телеканалына билдиришти. Читать дальше...

Рахмон: Тажикстан ШКУ аймагында коопсуздукту бекемдөө үчүн кызматташууга даяр

Azattyk.org 

Тажикстан Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) террордук жана экстремисттик бирикмелердин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири пайдалануусуна бөгөт коюучу иш-аракеттерин күчөтүшү керек деп эсептейт. Бул тууралуу 14-июнда Бишкекте ШКУнун саммитинде тажик президенти Эмомали Рахмон билдирди. - Аймакта туруктуулукту бузуу аракеттерине бирге каршы турушубуз зарыл. Тажикстан маалыматтык чөйрөдөгү жаңы коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөш боюнча кызматташтыкты активдештирүүгө даяр, - деди Рахмон. Читать дальше...



С. Жээнбеков: ШКУ эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө

Ca-irnews.com (kg) 

«ШКУ эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

ШКУ саммитинде Иран АКШны айыптады

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде АКШ бийлигинин Тегеранга карата саясатын сынга алды. Роухани "акыркы учурда айрым өлкөлөрдүн бир тараптуу кийлигишүүсү дүйнөлүк стабилдүүлүктү, коопсуздукту жана кызыкчылыкты коркунучка кептеп жатканын" билдирди. Иран лидеринин айтымында, АКШнын акыркы аракеттери Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка олуттуу коркунуч жаратып жатат. - АКШ бийлиги акыркы эки жылда эл аралык нормаларды бузуп, өзүнүн экономикалык... Читать дальше...

Күзгү жана кебете

Azattyk.org 

Бийлик менен эл кантип өз ара түшүнүшөт? Журналисттер коомдук пикирге таасир этүү мүмкүнчүлүгүн кандай пайдаланууда?

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти

Ca-irnews.com (kg) 

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары бүгүн, 14-июнда ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти.

Путин: Сириядагы террорчул очокторду толугу менен жок кылуу керек

Azattyk.org 

Сириядагы террордук очокторду толугу менен жок кылуу керек. Бул тууралуу Орусиянын президенти Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммитинде билдирди. Путин Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтты. - Сириянын Идлиб аймагындагы террорчул очокторду толугу менен жок кылуу үчүн расмий Дамаскка көмөктөшүү зарыл, - деди Орусия президенти. Ошондой эле Путин "дүйнөдөгү террорчул күчтөрдү каржылаган булактарга каршы күрөшүү керек" деди. Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан... Читать дальше...

15-июнга карата аба ырайы: катуу жамгыр жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет чукул билдирүү таратып, 15-16-июнда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, чагылган түшөт. Тоолордо кар жаайт. Катуу жааган жаандан улам сел коркунучу сакталат. Синоптиктердин кабарлашынча, 15-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо жамгыр жаайт, бийик тоолорго кар түшөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көлдүн чыгыш тарабына жаан катуу жаайт. Кээ бир райондордо мөндүр түшүшү ыктымал. Читать дальше...

Тажик түрмөсүндөгү тополоңго ИМ тобу жоопкерчилик алды

Azattyk.org 

Тажикстандын Вахдат шаарындагы түрмөдө өткөн айда чыккан тополоңго "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алды. Аталган радикал топ 32 адамдын өмүрүн алган бул окуянын артында "халифаттын жоокерлери" турганын өзүнүн "Ал-Набаа" аттуу сайты аркылуу 14-июнда билдирди. Бирок аталган сайт бул маалыматты ырастаган эч кандай далилдерди келтирген жок. Буга чейин Тажикстандын Ички иштер министрлиги тополоң маалында өлтүрүлгөн 32 кишинин 17си "Ислам мамлекети" террордук тобуна мүчө болгону үчүн эркинен ажыратылганын маалымдаган. Читать дальше...

Имран Хан: Пакистан ШКУнун террорчулукка каршы демилгелерин колдойт

Azattyk.org 

Пакистан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин террорчулукка каршы күрөштөгү демилгелерин колдойт. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Имран Хан ШКУнун Бишкекте өткөн саммитинде билдирди. - Пакистан терроризмдин бардык формаларына, анын ичинде айрым элдерге карата мамлекеттик терроризмге каршы. Биздин өлкө бул багытта күрөш жүргүзүүдө жакшы жетишкендиктерге ээ болууда. Ошол тажрыйбабыздан бөлүшүүгө даярбыз, - деди ал. Имран Хан Түштүк Азия терроризм жана маңзат ташуу, исламофобия... Читать дальше...

Төрт айда Кыргызстандан 163 миллион доллар чыгарылып кетти

Azattyk.org 

2019-жылдын январь-апрель айларында кыргызстандыктар 163,3 миллион доллар каражатты чет өлкөлөргө которуп кетишти. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады. Май айында жана июндун алгачкы жарымында сыртка чыгарылып кеткен каражаттар эсептелип бүтө элек. Жылдын алгачкы төрт айында чет өлкөдөгү мигранттар Кыргызстанга 740 миллион доллардан ашуун акча жөнөтүшкөн. Улуттук банктын сайтындагы “Акча которуу” бөлүгүндөгү маалыматтар ылайык, 2018-жылы кыргызстандык мигранттар өлкөгө 2 миллиард 685 миллион доллар которушса... Читать дальше...

Путин: ШКУда төрага катары Иран боюнча талап коёбуз

Azattyk.org 

Орусия Шанхай кызматташтык уюмунда (ШКУ) төрагалык милдетти аркалоо учурунда Ирандын өзөктүк программасы боюнча саясий келишимдин аткарылышын талап кылууну улантат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин бүгүн, 14-июнда Бишкекте ШКУ саммитинде сүйлөп жатып айтты. - Ирандын ядролук программасынын тегерегинде түзүлгөн кырдаал тынчсыздануу жаратууда. Бул пландан АКШнын чыгып кетиши аймакта кырдаалды дестабилдештирүү менен катар өзөктүк куралды жайылтоо режимин үзгүлтүккө учуратуу коркунучун да жаратууда, -  деди Путин. Читать дальше...

Новости России
Москва

Инновации в логистике: какие технологии изменят логистику в России в ближайшем будущем


Бишкекте ШКУ саммитинин алкагында Индия Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визити болот

Ca-irnews.com (kg) 

Бүгүн, 14-июнда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Мирзиёев ШКУнун "жашыл алкагын" түзүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Өзбекстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) "жашыл алкагын" түзүүнү сунуш кылат. Бул тууралуу бүгүн ШКУнун Бишкекте өткөн саммитинде өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирди. - ШКУнун "жашыл алкагын" түзүү боюнча программа кабыл алуу актуалдуу маселе деп эсептейбиз. Максат - өлкөлөрүбүздө ресурс үнөмдөөчү заманбап жана экологиялык таза технологияларды кеңири жайылтуу. Өзбекстандын президенти ошондой эле агроинновациялык долбоорлорду колдоого, экономикалык форумдарды өткөрүп турууга, коопсуздукту кымсыздоочу чараларды көрүүгө... Читать дальше...

Cаммит, тыгын, сейил...

Azattyk.org 

Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтүп жатат. Саммитке Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Индиянын жана Пакистандын президенттери келди.

Си Цзиньпиң: ШКУ аймагындагы экономика ачык болушу шарт

Azattyk.org 

Аймактык экономика азыркыга караганда ачыгыраак, толеранттуу жана интеграцияга ийкемдүү болушу керек. Бул тууралуу бүгүн 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде сүйлөп жатып Кытайдын лидери Си Цзиньпиң билдирди. Ал ошондой эле ШКУ ар бир мүчө мамлекет өзүнө пайда көрө алчудай кызматташтыктын үлгүсү болууга умтуларын белгилеп, инвестиция тартууну, соода-сатыкты кеңейтүүнү улантууга чакырды. Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын... Читать дальше...

Жээнбеков: Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүү зарыл

Azattyk.org 

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун курууну тездетүү зарыл. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Бишкекте өтүп жаткан саммитинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков билдирди. Кыргыз президенти ШКУнун эл аралык жана аймактагы мааниси чоң экенин белгилеп, расмий Бишкек бул уюм алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле Жээнбеков уюм алкагындагы транспорттук-логистикалык байланыштарды күчөтүү зарыл экенин белгилеп, “Бул багытта биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан... Читать дальше...

Токаев: ШКУ өлкөлөрүндө маалыматтык коопсуздукка көңүл буруу зарыл

Azattyk.org 

Казакстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында маалыматтык коопсуздук борборун түзүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн 14-июнда Бишкекте ШКУ саммитинде сүйлөп жатып казак президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди: - Терроризм проблемасы глобалдык түйүндө да байкалууда. Киберкоопсуздукту камсыздоодо кошумча чаралар талап кылынып жатат. ШКУда маалыматтык коопсуздук боюнча борбор түзүү бул мейкиндиктеги коопсуздук үчүн маанилүү роль ойномок. Казакстандын президенти катары алгач жолу эл... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Карен Хачанов

Хачанов уступил Руне на предуимблдонском выставочном турнире в Харлингеме






Подмосковное УФАС снова оштрафовало АО «Альфа-Банк» за нарушение закона о рекламе

Пять звездных пар с большой разницей в возрасте

«dikGAZETE», Турция: Проект газового хаба в Стамбуле позволит Турции занять достойное место в мировом энергетическом секторе

В Петербурге курьер сервиса доставки еды до смерти забил 50-летнего мужчину