Бабанов экинчи жолу УКМКга суракка кирди
“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) экинчи жолу сурак берүүгө кирип кетти. Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоонун үгүт маалында, Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары суралып жатат. Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында, ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун, Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 20-августта УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылган. Читать дальше...