Пневмония бир аптада дээрлик үч эсе өстү
Кыргызстанда пневмония болуп ооругандардын расмий саны бир апта ичинде дээрлик үч эсе көбөйдү. Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына караганда, коронавирус эпидемиясы башталгандан бери 15-июлга чейин мындай диагноз 9204 адамга коюлду. Бир апта мурда бул көрсөткүч 3829 бейтап болчу. Бул оорудан соңку бир сутка ичинде 74 бейтап каза болду, алардын 57си аймактарда, 17си Бишкекте. Март айынан бери өпкөсүнөн кагынып (пневмония) көз жумгандардын саны 571 адам болду. Кечээтен бери 954 бейтап жаңы аныкталды. Читать дальше...