Кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек араны тактоо иштери активдүү жүрүп жатканын билдирип, жумушчу топтордун жолугушуусу уланууда. Тактоо иштеринде кайсы маселелер кыйынчылык жаратышы мүмкүн?
Бүгүн Чүй облустук сотунда жазуучу Олжобай Шакирдин апелляциялык арызы каралмак. Бирок ишти караган соттук коллегиянын мүчөлөрүнүн бири өткөн аптада коррупцияга шек саналып камалганы үчүн сот белгисиз мөөнөткө жылып кетти.