Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Новости за 26.11.2024

Жоомарт Карабаевдин соту 28-ноябрга жылды

Azattyk.org 

26-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин иши боюнча соттук отурум болбой калды. “Кылым шамы” укук коргоо уюму мамлекеттик айыптоочу эмгек өргүүсүндө болгондуктан, анын ордуна башка прокурор келгенин билдирди. Ал иш менен таанышып чыгуу үчүн убакыт сурап, кийинки жараян 28-ноябрга дайындалды. Бул жолку соттук жараянда лингвист-эксперттер Таалайбек Абдыкожоев менен Нурлан Сакпаев көрсөтмө берет деп күтүлүп жаткан. Улуттук... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

27-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17 Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 12…17 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 Ысык-Көл облусунда тункүсүн -1…-6, күндүз 4…9 Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6 Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Бишкекте көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу каралууда

Azattyk.org 

Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу аталган агенттиктин башчысы Нурдан Орунтаев маалымат жыйында билдирди.   "Сталин, Хрущевдин убагында курулган үйлөр көп. Алардагы болжолдуу 500 батири бар үй бир нече гектар жерди ээлеп, 10 миң чарчы метрдей гана турак жайды түзүп жаткан болсо, азыркы жаңы технологиялар менен заман талабына ылайык... Читать дальше...

Бишкекте автобус жол кырсыгына кабылып, сегиз адам жаракат алды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэриясы 26-ноябрда Барпы Алыкулов жана Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан Mercedes-Benz автоунаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөнүн билдирди. Жол кырсыгынан автобустун беш жүргүнчүсү, жеңил машинедеги үч адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Мэриянын алдын ала маалыматына ылайык, жол эрежесин Mercedes-Benz автоунаасынын айдоочусу бузган. Бишкекте ушул жылдын сегиз айында автобустар катышкан 231 жол кырсыгы катталган. Читать дальше...

Садыр Жапаровдун Германияга расмий сапары башталды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда расмий сапар менен Германияга барды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы президентти Берлин шаарынын эл аралык аэропортунан Германиянын Тышкы иштер министрлигинин протокол жетекчисинин орун басары Фолькер Тиммерман жана башка расмий адамдар тосуп алышканын билдирди. Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мындан тышкары, Германиянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт. Читать дальше...

ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 37% көбөйгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган). Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 12 001 коргоо ордери берилген. Анын ичинен 11 227си аялдарга, 529у эркектерге берилген. Андан тышкары 245 балага коргоо ордери берилген. Укук бузуулар жөнүндө... Читать дальше...

Улуттук банк валюта базарына 92 миллион 250 миң доллар сатты

Azattyk.org 

Улуттук банк 25-ноябрда валюта базарына 92 миллион 250 миң доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды. Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери 23 ирет интервенция жасап, анын көбүндө долларды сатып алды. Ушул тапта доллардын расмий курсу 86 сом 78 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 86 сом 65 тыйындан сатып алынып, 87 сом 15 тыйындан сатылууда. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Читать дальше...

Белгилүү хирург Эрнст Акрамов дүйнө салды

Azattyk.org 

Окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамов 26-ноябрда Бишкекте 89 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Эрнст Акрамов Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, медицина илиминин доктору, профессор. Эл аралык бир катар сыйлыктарды алган. 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бирок мандатынан баш тарткан. 2002-жылдан тартып, Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына... Читать дальше...

Өзбекстан: Мирзиёевдин таасирдүү күйөө баласы кайда?

Azattyk.org 

Коңшу Өзбекстандын Коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, президенттин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров Түштүк Кореяга чыгып кеткени тууралуу маалымат тарады. "Азаттыктын" өзбек кызматы ишенимдүү булактарына таянып, Умаров кызматтан алынганын 25-ноябрда жазды.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Курникова

“Курникова в инвалидном кресле больше не нужна?”, – поклонники Иглесиаса нашли ему новую пассию






Врачи извлекли из пищевода пятилетней девочки брошку-зайчика

В Приморье врачи спасли роженицу и малыша после экстренной эвакуации

В Дагестане обсудили вопросы организации образовательного процесса для осужденных с применением дистанционных технологий

Индекс Мосбиржи подскочил на фоне переговоров делегаций РФ и США