Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Новости за 09.12.2024

"Бир нече жолу зордуктады". Чымкентте диспансердеги кыздар кыйноо көргөн

Azattyk.org 

Казакстанда Психикалык саламаттык борборунда дарыланып жаткан эки кыз "мекеменин кызматкерлеринин" зордуктоосуна кабылганын айтып чыгышты. Кыздардын бири жашы жете элек өспүрүм экени, зордуктоодон кийин боюна бүтүп, аборт жасатканы белгилүү болду. Полиция иш козгоду, бирок шектүүлөр аныктала элек.

Президент үч өлкөнүн темир жол курулушу декабрдын аягында башталарын айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы акы алына турчу айланма жолдун ачылышында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна ушул айдын аягында капсула салынарын айтты. Курулуш кайсы жерден башталары тууралуу кенен маалымат берген жок. “Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун курулушу утур-утур жылып келатат. Садыр Жапаров быйыл июль айында үч өлкөнүн темир жолунун курулушу августта башталарын билдирген. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын... Читать дальше...

"Сосновка" бекетинен оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрө баштады

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" бекетинде жүк ташыган машиналарга киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 9-декабрда саат 9:00до алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеме 8-декабрда жолдор тайгак болуп, ар кандай кырсыктарды жана тыгынды алдын алуу үчүн "Сосновка" постунда чектөө киргизген. Кыргызстанда кан жолдордо аба ырайына байланыштуу маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип жатат. Тиешелүү мекемелер узак жолго чыккан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн алмаштырып, ар кандай кырдаалга даяр болуу керектигин эскертип келет.

Камактагы Салык кызматынын төрагасы Абдувапов кызматтан убактылуу четтетилди

Azattyk.org 

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын камактагы төрагасы Алтынбек Абдувапов тергөө аяктаганга чейин кызматтан убактылуу четтетилди. Бишкектин Биринчи май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Кыдыкбек Кыдыров анын милдетин убактылуу аткарат. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Өкмөт башчынын дагы бир тескемеси менен Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Исламбек Кыдыргычов убактылуу жумуштан бошотулду. Читать дальше...

Медицина багытында мыйзамсыз иш алып баргандардын жазасы катаалдашты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн колдонуудагы мыйзам бузууга жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбооруна кол койду. Ага ылайык, Саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамында элдик медицина менен мыйзамсыз алектенгендер, дары-дармекти, медициналык буюмдарды мыйзамсыз өндүргөн жана саткандар үчүн жазаны катаалдатуу каралган. Мындан тышкары, документке медициналык ишмердик үчүн лицензия алган жактардын ишмердигин талаптагыдай көзөмөлдөө үчүн ченемдер жана жоболор кирген. “Медициналык манипуляциялар... Читать дальше...

Президент Жапаров өлкөдө туруктуулук орноп, үч жылда бир да митинг болбогонун айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда акыркы үч жылдын ичинде бир да митинг болбогонун билдирди. Бул тууралу мамлекет башчы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы акы алына турчу айланма жолдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Президент туруктуулук орноп, тыштан 2021-жылдан бери өлкөгө түз жана кыйыр түрдө 5 млрд доллардан ашык инвестиция келгенин кошумчалады. “Байкадыңыздарбы акыркы үч жылда өлкөбүздө бир да митинг болгон жок. Стабилдүүлүк орноду, ички дүң продукциябыз өстү. Ошол үчүн тыштан... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Рублёв признался, что пережил депрессию после поражения на Уимблдоне-2024






Предложение о запрете фастфуда детям до 18 лет направили в Госдуму

Более 120 московских самолетов сели в аэропорту Нижнего Новгорода за год

На портале «Активный гражданин» завершилось голосование по комплексному благоустройству «Янтарной горки»

Будет ли эффективной интегральная оценка знаний: мнение педагога