Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада жаткан Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев реанимациядан чыга элек. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо боюнча орун басары Александра Олексюк "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Рысалиев сүйлөй алат. Бирок кан басымы туруктуу эмес:
- Ал эсине келген. Жай сүйлөп жатат. Кан басымы анчейин туруктуу эмес. Көтөрүлүп жатат. Азырынча реанимацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Бирок эртеңкиге консилиум пландалууда.
Рысалиев 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген.
Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткени боюнча кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Батукаев бошотулган учурда Зарылбек Рысалиев Мамлекеттик жаза аткаруу кызматын жетектеп турган.
Тергөөнүн алкагында Батукаевге «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.
Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. ЖАМК жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да 26-июнга чейин камалган. 7-июнда ИИМ Атаханов "тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргендиктен бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн" маалымдады.Ошондой эле мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да ИИМге сурак берип чыккан.
2013-жылы атайын прокурор болуп иштеп турган Нарын облустук прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. Өткөн аптада Батукаев абактан чыккан кезде Башкы прокуратураны жетектеген экс-депутат Аида Салянова да кармалып, 26-июнга чейин камалды. (NT)
«Я ВАС СПРАШИВАЮ, КТО ВЕРБОВАЛ ВАЗ, ЗЕЛЕНСКОГО?!» Записки Мессии по технике безопасности.
Вебкам-студия MONTANA в Санкт-Петербурге
Новый рекорд России: медитация Relax FM объединила 1699 человек
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
Model viewer forensics reveal that Elden Ring: Shadow of the Erdtree's Dancing Lion boss is actually two little guys piloting it around
Гайд и тактика по подземелью «Лагерь Карлиан» в Tarisland
There is an early power up in Elden Ring: Shadow of the Erdtree that basically turns the game into Sekiro, but the description is so vague I didn't realize how good it was until 40 hours later
'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning
Прокуратура Москвы сообщила о задержании матери оставленного в подъезде ребенка
Режиссер Иван Складчиков: «Осовременивать спектакль надо смыслами, а не костюмами»
Тула вошла в топ-10 древних славянских городов, популярных для отдыха в июне
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
Четверых пострадавших при атаке на Севастополь детей госпитализировали в РДКБ
Вебкам-студия MONTANA в Санкт-Петербурге
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
Совладельцы инвестгруппы "Русские фонды" отправлены под домашний арест