15-июнга карата аба ырайы: катуу жамгыр жаайт
![15-июнга карата аба ырайы: катуу жамгыр жаайт](https://gdb.rferl.org/8E1552B2-BC78-490A-8918-CC6F5FF531BF_cx0_cy15_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызгидромет чукул билдирүү таратып, 15-16-июнда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, чагылган түшөт. Тоолордо кар жаайт. Катуу жааган жаандан улам сел коркунучу сакталат.
Синоптиктердин кабарлашынча, 15-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо жамгыр жаайт, бийик тоолорго кар түшөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көлдүн чыгыш тарабына жаан катуу жаайт. Кээ бир райондордо мөндүр түшүшү ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, айрым райондордо секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус болот.
Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 25…27 градус болот. (ErN)