АКШнын президенти Дональд Трамп Сириянын түндүк-чыгышындагы райондордон америкалык аскерлердин чыгарылышына байланыштуу комментарий берип жатып, Түркияны зекиди. Ал 7-октябрда «Твиттердеги» баракчасына Анкара менен Европа мамлекеттери Сириянын түндүк-чыгышында «Ислам мамлекети» террордук уюмунун туткунга түшкөн жоочуларынын андан аркы тагдырына байланыштуу маселени чечиши керек деген оюн жазды. Трамп эгер Түркия өзүнө жакпай турган кадамдарга барса экономикасын «ойрон» кылып сала аларын эскертти.
«Мен буга чейин ишенимдүү айтып келгендей эле азыр да кайталайм: эгер Түркия кайсы бир жоруктарга бара турган болсо, мен өзүмдүн улуу жана теңдешсиз көсөмдүгүмө карабай чектен ашканы үчүн (мен буга чейин да жасагандай) Түркиянын экономикасын тыптыйпыл ойрон кыла алам», деп жазды ал.
Расмий Анкара Дональд Трамптын мындай билдирүүсүнө үн ката элек.
Мунун алдында Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрт кошуундарына каршы аскердик операция баштай турганын жарыялаган. АКШ Анкаранын аскердик операциясына катышпай тургандыгын жана бул аймактардан жоокерлерин алып чыгып кетерин билдирген. Көп өтпөй эле АКШнын 50-100 чамалуу жоокери түркиялык аскерлер жортуул жасайт деген аймактан алысыраак жерге жайгашары белгилүү болгон.
Анкара күрд согушкерлерин «террордук топтор» деп атап келет жана өзүнүн чек арасында «коопсуздук аймагын» түзөрүн буга чейин бир канча жолу жарыялаган.
Ушул тушта Түркияны 3,6 миллиондон ашык сириялык качкын байырлап жатат. Анкара алардын теңинен көбүн чек арадагы коопсуз аймакка көчүрөрүн кабарлаган.
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!
В МЧС объяснили появление пожарных у театра "Теремок"
Комфорт, безопасность и время для себя: что предоставляет клиентам «Таксовичкоф»
СЛД «Красноярск» компании «ЛокоТех-Сервис» получило право ремонтировать грузовой электровоз «Ермак» в объеме ТР-2
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге