Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын чыгышында 2014-жылдан бери 13 миңден көп адамдын өмүрүн алган жаңжалды жөнгө салууга багытталган Париждеги сүйлөшүүгө катышуу үчүн келишти.
Елисей сарайына өз-өзүнчө кортеждин коштоосунда келген Путин менен Зеленский алгач Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел менен өз-өзүнчө жолугушту. Андан кийин Парижде төрт мамлекеттин лидери кеңири жыйынга чогулушту
Кийин Владимир Путин жана Владимир Зеленский эки тараптуу сүйлөшүү да өткөрмөкчү.
Орусия менен Украинанын президенттери «Норманд төрттүгү» форматындагы жолугушууда 2016-жылдан бери биринчи ирет кездешип жатышат. Бул - быйыл апрелде президенттикке шайланган Владимир Зеленскийдин Путин менен да алгачкы жолугушуусу.
Ал арада француз полициясы Елисей сарайынын алдында Орусия президентинин саясатына каршы акция уюштурган Femen аялдар кыймылынын эки мүчөсүн камакка алды. “Путиндин согушун токтотууну” талап кылган эки аялды полиция дароо кармап кетти.
Киевде да миңдеген адам катышкан акция өтүп, анда митингчилер Зеленскийди бул кездешүүдө Украинанын позициясын бекем коргоого жана беш «кызыл чектен» өтпөөгө чакырышты.
Орусия 2014-жылы Украинадагы Евромайдан окуяларынан кийинки бийлик алмашуудан көп өтпөй Крым жарым аралын аннексиялаган. Орусиянын бул аракети БУУнун 100дөн ашык өлкөсүнүн кескин сынына кабылып, Батыш мамлекеттери Москвага санкция киргизишкен. Ошондон тартып Крымдын макамы Орусиянын Украина жана Батыш менен мамилесиндеги эң талаштуу маселе бойдон калып келет.
Кремль бардык дооматтарды жокко чыгарып, 2014-жылы Крым боюнча чечимди ошол жерде жашаган эл референдум аркылуу кабыл алган деген жүйөнү карманат.
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Певица Семенович заявила, что не считает поздней беременность в 41 год
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Тишковец: на следующей неделе в Москве снова ожидаются ливни