Кыргыз Либерал-демократиялык партиясы FactCheck порталы жазган партиянын бет ачарына Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун жакын адамдарынын биринин катышканы боюнча маалыматка жооп кайтарды.
Партия "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырган маалыматта партиянын бетачарына бардык каалоочулар келип кеткенин, бирок бул алар менен тилектеш деген ишаратты билдирбесин белгиледи.
“Бет ачарга Интернет аркылуу бардык жарандарды чакырганбыз, бардык каалоочуларга эшик ачык болгон. Нарын, Ош, Ысык-Көлдөн бери каалоочулар келип катышкан. 600дөй киши катышкан иш-чарада биз ким кимдин өкүл баласы же досу, тууганы экенин териштире алган жокпуз. Жүк ташуучу компаниянын жетекчиси экени айтылып жаткан Нурбек аттуу жаран партия лидерлеринин бири менен да тааныштыгы жок жана партиянын иш-чарасына атайын чакыртылган эмес. Биз тескерисинче партиянын бет ачарында олигархтардын, акчанын күчү менен шайлоону жеңем дегендерге каршы экенибизди ачык айтканбыз жана аларды катуу сындаганбыз”, - деп айтылат билдирүүдө.
Партия мүчөлөрү FactCheck порталын шайлоого катышууга ачык жана купуя аракет көрүп жаткан башка партиялардын катарындагы талапкерлерди жана артында турган күчтөрдү иликтөөгө чакырган.
Буга чейин 2-февралда FactCheck порталы Бишкекте өткөн КЛДПнын бет ачарына Матраимовдун өкүл баласы экени айтылган Нурбек Керимбеков аттуу адамдын катышканын жарыялап, "партиянын Матраимовго тииешеси барбы?" деген суроо койгон.
Башында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, экономика министрин мурдагы орун басары Элдар Абакиров жана саясат талдоочу Сейтек Качкынбай турган Кыргыз Либерал-демократиялык партиясы алдыдагы жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорго катышарын жарыялаган. (BkA)
«585*ЗОЛОТОЙ» назвала топ-10 самых популярных драгоценных камней в России
Выставки индустрии моды в Москве
Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.
Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks
Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)
Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
Коллекция CD этномузыки экзотических стран представлена на открытии выставки в Симферополе
Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»
Литературный монолог
«По праву памяти»,
к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова,
советского и российского писателя.