Кыргызстандык ишкер түрк элчисин рейдерликке айыптоодо
Бишкектеги "Вефа" соода борборунун азыркы ээси - "Аруу Жылдыз" ишканасынын жетекчиси Умсун Назарбекова 18-февралдагы маалымат жыйынында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат аталган соода борборун тартып алууга аракет кылып жатат деп айыптады:
“Түрк элчиси мыйзамга карабай, Жогорку Кеңештин айрым, абройлуу өкүлдөрүнө ишенип, менин бизнесимди, “Вефа” соода борборун рейдерлик жол менен басып алгысы келип жатат. Анын кандай укугу бар. Бул ишке байланыштуу төрт жолу сот болду. Баардык отурумдардан утуп чыктык. Эми Жогорку сотто бизди болбогон нерсе менен каралап салабы деп коркуп жатам. Чындык биз тарапта. Мен 26 жылдык иш тажрыйбамда эч кимди алдаган эмесмин”
Бишкектеги "Вефа" соода борборунун мурунку ээси түркиялык "Өзгүн Иншаат" ишканасы менен "Аруу Жылдыз" компаниясынын ортосундагы 2016-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, "Вефа" соода борбору "Аруу Жылдыз" ишканасынын карамагына өткөн. Түркиялык ишкана бул келишимди жокко чыгарып, соода борборун кайтарып берүү өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бул иш 2018-жылдан бери соттук инстанцияларда каралып келе жатат.
Жогорку сот ишти 13-февралда карап, тараптардын жүйөөлөрүн уккан. Кийинки соттук териштирүү 20-февралда уланат.
"Өзгүн Иншаат" ишканасынын жактоочусу Алия Турумбекова Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат сот жараянына катышып жатканын ырастады. Адвокат муну мыйзам ченемдүү көрүнүш деп билдирди. Анын айтуусунда, "Өзгүн Иншаат" ишканасы Түркияга тийиштүү, ошондуктан, элчи мамлекеттин өкүлү катары сот жараяндарына байкоочу катары барып жатат.
“Вефа” соода борборун түркиялык "Өзгүн Иншаат" ишканасы 2006-жылы курган. Ишкана соода борборун 2016-жылы кыргызстандык компанияга саткан.
2016-жылы Түркияда төңкөрүш болгондон кийин айрым ишканалар жана аларга таандык делген мүлктөрү улутташтырылган. Түркия буга чейин Кыргызстандан "Кайнак" компаниясын сот аркылуу кайтарып, улутташтырган. "Вефа" соода борбору да Түркияда улутташтырылган мүлк катары эсептелет.
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат буга чейин «Сапат» билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүү пландалып жатканын жарыялаган. Кийинчерээк Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги анын айткандарын четке каккан.
Кошмо Штаттарда акыркы жыйырма жылга жакын убакыттан бери өз эрки менен бозгунда жашап келаткан Фетхуллах Гүленди расмий Анкара 2016-жылкы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан. Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТО деп атап, президент Режеп Тайып Эрдоган уюмду террористтик деп таанууга чакырган.(ZKo/MiK)