Мамлекеттик чек ара кызматы бул өпкөнү кагынткан жугуштуу илдеттин жайылуусунун алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, мындай талап өлкөнүн бардык чек ара өткөрмө бекеттеринде киргизилген. Биометрикалык ички паспорту бар кыргызстандыктар электрондук эшик аркылуу өткөн учурда да, алар чек арадагы көзөмөлдөөчү кызматкерге жалпы жарандык паспортун көрсөтүүгө милдеттүү. Жалпы жарандык паспорту жок жарандар анкета толтурушат жана кошумча текшерүүдөн өтүшөт.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинин талабына ылайык, Кыргызстанга сырттан кирген бардык адамдар термометриядан өтүп, дем алуу органдарынан лабораториялык анализ алынат. Кытайдан кирген жарандар кылдат текшерилип, карантинден өтүү жана ар тараптуу иликтөө үчүн атайын жайларга жайгаштырылат", -деп айтылган маалыматта.
Чек ара кызматы бардык өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын, жугуштуу оорунун алдын алуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөнүн бекемдөөдө.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда ооруга чалдыккандар жок. Сырттан киргендерди кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 413 орун даярдаган. «Торугарт» өткөрүү пунктунда 100, «Эркечтамда» 100, «Манас» эл аралык аэропортунда 183, Ош шаарындагы аэропортто 30 керебет камдалган.
«World of Cruising» журналы «Diamond Princess» кемесинде дагы 67 киши вирусту жугузуп алганын, арасында Кыргызстандын бир жараны бар экенин жазган. Бирок Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты четке кагып, лайнердеги мекендеш менен 6-февралдан тарта байланышта экенин, ал эсен-соо экенин маалымдады.(ZKo)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия
Работать там, где удобно: беспроводная гарнитура Fstyler BH230 от A4Tech
Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»