Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Москвадан Бишкекке 431 кыргызстандык жеткирилди

0
21-июнь күнү «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик учагы менен Москва-Бишкек каттамы боюнча 431 адам алып келинди. Арасында кош бойлуу, балалуу кыз-келиндер, улгайган жана оорукчан адамдар бар.


Учуп келгендер бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.


Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иштери уланууда.


Узап бараткан апта ичинде эле Москва-Бишкек, Москва-Ош каттамдары менен 1000ге чукул адам Кыргызстанга жеткирилген.


Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 60ка жакын чет өлкөдөн келе албай калган 15 миңден ашуун кыргызстандык жаран мекенине жеткирилген. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинген. (ZKo)

Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса