Коронавирустан төрт, пневмониядан 18 бейтап каза болду
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан бейтаптардын төртөө кайтыш болду. Бул тууралуу 6-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди:
«Бишкекте Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 73 жаштагы бир эркек, Ош шаардык клиникалык ооруканасында 53 жаштагы бир эркек байтап, Токмок аймактык ооруканасында 86 жаштагы бир эркек бейтап жана Ысык-Ата аймактык ооруканасында 41 жаштагы бир эркек бейтап көз жумду».
Ошондой эле бир күндө пневмониядан 18 адам көз жумду. Алардын ичинен сегизи республика боюнча, ону Бишкек шаарында каза болду.
6-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын жугузуп алган 314 адам жаңы катталды.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 161 адам. Ош шаарында 41, Ош облусунда 26, Чүй облусунда 25, Ысык-Көл облусунда 21, Жалал-Абад жана Нарын облустарында 15тен жана Баткен облусунда он адам.
Илдеттен дарыланып жаткан 41 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 6-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7691 адамдан табылды, алардын ичинен 92 бейтап кайтыш болду, 2843 бейтап айыгып кетти. (RK)