Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Рита Карасартова директорлук кызматтан кетип жатканын кабарлады

0
Рита Карасартова директорлук кызматтан кетип жатканын кабарлады

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Рита Карасартова кызматын өз каалоосу боюнча тапшыруу тууралуу арыз жазды. Бул жөнүндө ал “Фейсбуктагы” жеке баракчасына жазып, арызынын сүрөтүн жайгаштырды.

“Окуу жылын аяктап, өз каалоом менен кетүү тууралуу арыз жаздым. Жарандык активизмге салам айтам! Жашоо сабагы үчүн өкмөткө рахмат”.

Бул чечими тууралуу анын өзүнөн комментарий алуу азырынча мүмкүн болгон жок.

Коомчулукка жарандык активист катары кеңири таанылган Карасартова бул кызматка 2019-жылдын декабрында дайындалган.

Ал социалдык түйүндөр аркылуу кесиптик окуу жайларынын көйгөйлөрү жана ийгиликтери тууралуу маалымдап, сунуш-пикирлерин жазып турган.

Карасартова жарандык активист катары сот, укук тармагындагы көйгөйлөрдү ачык айтып, түрдүү акцияларга катышып келгени менен белгилүү. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Свентек переиграла Соболенко и выиграла титул WTA в Мадриде






В СК рассказали подробности нападения на бойца СВО в поезде под Пермью

«Большая часть израильских поселенцев — маргиналитет из США и Европы»

Коллекционер из Германии обнаружил в куске янтаря из Мьянмы осу возрастом 100 млн лет

Мужчину госпитализировали после стрельбы в Калужской области