Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Бишкекте кош бойлуу 55 аял коронавирус илдетине чалдыкты

0
21-июлга карата маалыматка ылайык, Бишкектеги №2 төрөт үйүндө COVID-19 илдети аныкталган кош бойлуу 55 аял дарыланууда.


Алардын ичинен 41 аялга пневмония диагнозу коюлган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.


Бишкек шаарынын перинаталдык борборунун башкы дарыгери Жамиля Марипова коронавируска күмөн саналган жана аныкталган кош бойлуу аялдар №2 төрөт үйүндө кабыл алынып жатканын маалымдады. Март айынан бери №2 төрөт үйүнө 257 кош бойлуу аял кайрылган.


Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бардык төрөт үйлөрүндө обсервация бөлмөлөрү, ар кандай учурларга тез жардам көрсөтүү бөлүмдөрү ачылды. Жамиля Марипова бардык төрөт үйлөр штаттык режимде иштеп жатканын билдирди. Жылына Бишкек шаарынын төрөт үйлөрү 15 миңдей кош бойлуу аялды кабыл алат.


Буга чейин Кыргызстанда бир жашка чейинки 49 ымыркайдан коронавирус аныкталганы расмий кабарланган. (TSh)

Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса