Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоору иштелип бүтө элек

0
Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоору иштелип бүтө элек

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун биринчи варианты Жогорку Кеңештин кароосуна жибериле элек. Бул тууралуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, долбоор толук иштелип бүтө элек. Талкуу уланууда. Парламентке качан жиберилери азырынча белгисиз. 

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 10-январда өттү.

Негизи, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин, референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилген.

Конституциялык кеңешме 11-декабрда Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын кабарлаган.

БШКнын баштапкы маалыматына караганда, 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоодо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумда добуш бергендердин 80% ашыгы президенттик башкаруу формасын колдоду. Шайлоо менен референдумга шайлоочулардын 39% ашыгы гана келди. Анда президенттикке талапкер болгон 17 кишинин ичинен Садыр Жапаров алдыга чыгып, добуштардын 79% ашыгын алды. (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Тарпищев: нельзя Медведева назвать главным претендентом на золото Олимпиады






Теплоходные прогулки по Амуру стартовали в Благовещенске

Синоптики предупредили москвичей о дождливой и ветреной погоде 11 мая

Мигранты, пенсии, чиновники: План Мишустина озвучен, но уже на грани срыва

Baza: со счетов московского монастыря на Ордынке пропали более 26 млн рублей