Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Орусия: Навальныйды колдогон акциялар кармоолор менен коштолууда

0
Орусия: Навальныйды колдогон акциялар кармоолор менен коштолууда

Орусиянын айрым шаарларында оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акциялар өтө баштады. Кээ бир жерлерде күч органдары демонстранттарды кармап кетип жатканы социалдык түйүндөр аркылуу кабарланууда.

Хабаровск шаарында миңдей адам чогулуп, жергиликтүү штабдын жетекчиси Алексей Ворсин жана эки журналист кармалганы маалым болду.

Южно-Сахалинск шаарында 400дөй адам акция өткөрдү. Алар көчөгө “Навальныйга эркиндик!”, “Орусия эркин болушу керек!” деген ураандар менен чыгып, жөө жүрүш уюштурушту.

Владивостокто демонстранттардын саны миңге чукулдады, алардын катарында белгилүү блогер Юрий Дудь да болду.

 

Навальныйдын штабындагылар Владивостоктогу 23-январдагы кармоолор тууралуу видео тасмаларды коомдук тармактар аркылуу таркатышты.

Өлкөдөгү жемкорлукка каршы нааразылык иш-чарага чыккандар моюн бербей, Ыраакы Чыгыштагы бул  башкы шаардын улам башка жеринен жыйынга чогулууга далаалат жасап жатышты.  

Мындан тышкары, нааразылык акциялар Комсомольск-на-Амуре, Улан-Удэ шаарларында да өтүүдө.

Оппозициячыл саясатчы Навальный “Ив Роше” деп аталган иш боюнча быйыл 17-январда Москвада бир айга камакка алынган. Аны колдоо акциялары 23-январда бери дегенде 65 шаарда өтөрү айтылган. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме






6-летний сын актрисы Марианы Дердерьян погиб при пожаре из-за решеток на окнах

Глава Чечни сообщил, что власти Гвинеи-Бисау пообещали в ее столице построить проспект Ахмата-Хаджи Кадырова

Леденящее душу преступление в Приморье стало явным после 11-летней давности

Мошенники начали создавать фейковые сайты по продаже авиабилетов