Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Сот Сооронкулованын БШК боюнча арызын канааттандыруудан баш тартты

0
Сот Сооронкулованын БШК боюнча арызын канааттандыруудан баш тартты

Бишкектин Административдик соту президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин бири, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына (Боршайком) каршы арызын канааттандыруудан баш тартты. Иш бүгүн, 23-январда каралды.

Сооронкулова мындай чечимге макул эместигин айтууда:

"Жогорку сотко кайрылабыз. Кандай болбосун, аягына чыгарышыбыз керек".

Сооронкулова сотко БШКнын «Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктоо жөнүндө» токтомун мыйзамсыз деп табууну суранып кайрылган. Анын айтымында, БШК Садыр Жапаровдун соттуулугу болгондуктан аны өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкер катары каттабашы керек эле жана Жогорку соттун чечими кайра кароого жатпайт болчу.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Жапаров акталганын 20-октябрда кабарлаган.

17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Жапаров шайлоочулардын 80% жакын добушун алып, жеңишке жеткенин БШК 21-январда расмий жарыялаган.

Шайлоонун эртеси Жапаров аны менен кошо ат салышкан атаандаштарынын саясий салмагын, кадыр-баркын, тажрыйбасын жогору баалай турганын айтып, аларды кызматташууга чакырган. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко испытала проблемы после снятия Рыбакиной с турнира в Риме






«Как минимум»: синоптик Леус рассказал, когда на Земле завершатся магнитные бури

В РПЛ сменился лидер турнирной таблицы

«Лучше ты умрешь!» Семья убитой в Турции москвички проклинает ее мужа

Грузоперевозки в РФ упали на 10% из-за проблем в расчетах с Китаем