Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2022

Исмаилиттердин лидери Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга камтамачылык билдирди

0
Исмаилиттердин лидери Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга камтамачылык билдирди

Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Карим Ага-Хан IV Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кырдаалдын курчуп кетишине камтамачылыгын билдирди. Өз кайрылуусунда ал Бадахшандагы жактоочуларын “жаңжалдарды диалог жолу жана өз-ара сый-урмат, түшүнүшүү менен чечүүгө” чакырды.

“Азаттыктын” тажик кызматынын кабарлашынча, Карим Ага-Хандын сөзүнүн тексти Тажикстандын исмаилиттер жамааттарында 19-майда окулду. Ушуга окшош эле билдирүүнү исмаилиттердин лидери былтыр ноябрдагы окуялардан кийин да жарыялаган.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 18-майда Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы "антитеррордук операция" учурунда "сегиз жоочу жок кылынганын" маалымдаган. 11и жарадар болуп, 70и кармалган.

Расмий маалыматка караганда, операция учурунда бир офицер каза болуп, 13 кызматкер жарадар болгон. Каршылык көрсөткөндөрдөн курал-жарак жана ок-дарылар алынган, кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Укук коргоо органдары башка жарандарга курал-жарактарын ыктыярдуу түрдө тапшырууга үндөп жатат.

Кырдаал 14-майдан баштап курчуган. Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана мэр  Ризо Назарзоданын кызматтан кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан. 16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышып, бир нече адам өлгөн. Расмий эмес маалыматтарда бул окуяларда жана операцияда набыт кеткендердин саны алда канча көп экени айтылууда.

Тажикстандын укук коргоо органдары каршылык аракеттерине чет өлкөлүк күчтөр аралашканын, курал-жарак сырт жактардагы уюмдардан алынганын, теракттарды, чагымчыл аракеттерди жасоо үчүн согушкерлер жалданганын билдирүүдө. Ал кайсы уюмдар экенин айткан жок.

Жергиликтүү тургундар алар өз укугун коргоо үчүн тынчтык максатта акцияга чыкканын билдирип келет. Бир катар эл аралык уюмдар жана чет жактагы тажик оппозициясы памирликтерди куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.

Тажикстандын башка аймактарындагы суннит багытын кармангандардан айырмаланып Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жашоочулары исламдын шийи агымын тутунган исмаилиттер болуп саналат. Исмаилиттерде лидерлик мураска калат жана Ага-Хан тукумдары алардын түбөлүк имамы болуп саналат.

Ага-Хан IV Тоолуу Бадахшандагы исмаилиттерге көптөн бери көмөктөшүп, социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган түрдүү долбоорлорду каржылап келатат. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг






В Томске круглосуточно работают пункты серопрофилактики

Соблазнять Горбункова должна была Лучко: как снимали фильм «Бриллиантовая рука»

"Известия": в 2023 году число брачных контрактов в РФ увеличилось на 11%

Синоптик рассказала, когда в Москву придет потепление