Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2022

Маймыл чечеги канчалык кооптуу жана кантип жугат?

0
Маймыл чечеги канчалык кооптуу жана кантип жугат?

23-майда маймыл чечегин жуктуруп алгандар он беш мамлекетте катталганы маалым болду. Баарынан Португалия, Испания жана Британияда ооругандар көп. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жай айларында бул инфекция күчөшү мүмкүн экенин эскертти. Бул кандай оору, кайдан жугат жана кантип сактаныш керек?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечегин жуктуруп алгандар жакынкы арада көбөйүшү мүмкүн экенин боолголоп жатат.

Уюмдун өкүлү Мария Ван Керховенин айтымында, учурда бул оору каттала элек мамлекеттерде да эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлдү:

"Биз азыр чечек чыккан адамдарды аныктоонун үстүндө иштеп жатабыз. Анткени биз аларга алгачкылардан болуп жардам көрсөтүп, тобокелчилик канчалык жогору экенин түшүнүп алышыбыз керек. Буга чейинки катталган адамдарда оору жеңил өткөн",- деди Мария Ван Керховен.

Ал кошумчалагандай, учурда окумуштуулар вирустун жайылуу жолун жана анын мутацияланышын иликтеп жатышат. Илимпоздордун пикиринде, бул инфекция адатта Африканын батышындагы жана борбордук бөлүгүндөгү токойлорду байырлаган сүт эмүүчү жаныбарларда кездешет.

Маймыл чечегинин алгачкы белгилери

Лондондогу профессор Жимми Уитворттун айтымында, ооруну жугузуп алган киши алгач өзүн чарчаңкы сезип, булчуңдары, далысы ооруй баштайт. Анан дене табы көтөрүлүп, башы ооруйт. Бездери шишийт. Көп өтпөй адамдын бетинде бүдүрлөр пайда болот. Андан соң ыйлаакчага айланып, алаканга жана таманга жайылып, дененин башка бөлүктөрүн басып кетет. Ыйлаакчалар кычышып, оорутушу мүмкүн.

Эки же үч аптада суу чечек өзү кете баштайт. Бирок териде орду из болуп калышы мүмкүн.

Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү болуп саналат. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталган үчүн ушундай аталыш алып калган.

Маймыл чечегинин эки түрү болот. Батыш африкалык штаммы жеңилирээк деп эсептелет. Ал эми Борбордук Африкадан чыккан түрү кыйла оор деп саналат. Азыркы жайылып жаткан батыш африкалык штамм болушу мүмкүн деген тактала элек маалыматтар бар.

Кандай жол менен жугат?

Адатта бул инфекция ооруган адам менен тыгыз байланышта болгондо, саламдашканда, кучакташканда жугат. Ошондой эле бир идишти, бир сүлгүнү колдонгондо да жугуп калышы мүмкүн. Андан тышкары аба аркылуу да, тактап айтканда ооруган киши жакын отуруп, жөтөлгөндө жайылышы ыктымал.

Оорунун адатта адамдан адамга жайылуу ыктымалдыгы төмөн деп эсептелинип келгени менен, бул жолу тез арада анын бир нече мамлекеттен аныкталышы окумуштууларды ойлондурууда.

Германияда бир күндө төрт адамдан аныкталганы маалым болду. Саламаттык сактоо министри Карл Лаутербах вирустун жайылышын алдын алуу үчүн батыл чараларды көрүү зарыл экенин билдирди:

"Маймыл чечегинин бул жолку жайылышы адаттан тыш болуп, тынчсызданууну жаратып жатат. Бул вирустун жайылуу ыкмасынан улам ал өзгөргөн болушу мүмкүн экенин эске алышыбыз керек".

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, 23-майга чейин маймыл чечегин жуктуруп алган жүздөй адам 15 мамлекетте катталды. Алардын көбү бири-бири жакын мамиледе болгон эркектер экени айтылды.

Азырынча маймыл чечегинин вакцинасы жок. Айрым мамлекеттер кадимки суу чечектин вакциналарын колдонууга даярданууда.

Негизинен бул вирус иммунитети алсыз адамдар жана кош бойлуулар үчүн кооптуу.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Соболенко и Швентек сыграют в финале турнира WTA в Мадриде






Пушков заявил, что мигранты в Великобритании потребуют престол для сына принца Гарри

Презентация новых Apple iPad пройдёт в удобное для европейцев и китайцев время

Китай аплодирует тому, как Россия арестовала активы американского банка JPMorgan

Генеральша Мария Китаева, о которой почему-то не принято говорить вслух