Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Туйгунаалы Абдраимов тергөөчүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыкты

0
Туйгунаалы Абдраимов тергөөчүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыкты

Бүгүн, 1-июнда Биринчи май райондук сотунда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимовдун баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка" билдирди.

Адвокаттын айтымында, Абдраимовго козголгон эки кылмыш иши бириктирилип, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен сот үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Туйгунаалы Абдраимов өзүнө козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө 11,2 гектар жер тилкесин (таштанды таштоочу жай) Чүй облусунун Ысык-Ата райондук администрациясынын эсебине өткөргөнү, он беш миллион сом зыяндын ордун толтурганы, Ысык-Ата курортунун аймагындагы конок үйүн Профсоюздар федерациясына өткөрүп бергени айтылды. Азырынча бул маалымат расмий тастыктала элек.

2-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Туйгунаалы Абдраимовдун баш коргоо чарасы каралып, 30-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган.

УКМК Абдаримов "БШКны жетектеп турган учурда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык "Кайнар" ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган деп Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголуп, 30-апрелде кармаган.

Туйгунаалы Абдраимов 2005-2006-жылдары, кийинчерээк 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-2010-жылдары Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта бир жылга жакын иштеген. (JsA)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP






На остров Баунти российских туристов повезут на турецких крыльях

Гандбольный клуб «Чеховские медведи» вышел в финал Суперлиги

Директор Бурятского театр драмы Цыпилма Очирова удостоена медалью «За заслуги перед Бурятией» - Россия, культура, концерт

Bild: собака Лукашенко является «отвлекающим маневром» на параде Победы в Москве