Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын депутат Аида Исатбек кызы тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. Анда эл өкүлү парламентте аталган маданий жайдын абалы тууралуу маселе көтөргөнү, Садыбакасовага жеке таарынычы жоктугу белгиленген.
"Аида Исатбек кызы тармактык комитеттин Ош шаарындагы көчмө жыйынынын алкагында филармониянын абалы менен таанышкан. Бул жайдын жагдайы тууралуу парламентте кеп кылып, 22 жылдан бери башкарып келе жаткан жетекчилик тууралуу пикирин билдирген. Филармониянын шартын жакшыртып, өнүгүшүнө өбөлгө түзүү үчүн гана маселе көтөргөн. Депутаттын Садыбакасовага мындан башка жеке таарынычы жок. Ал айтылган пикир туура кабыл алынып, 22 жылдан берки жетекчилер филармонияны өнүктүрүү үчүн жигердүү иш алып барат деген ишеничте. Албетте депутаттар бардык конструктивдүү сынды угууга даяр. Калктын көйгөйүн көтөрүп чыгууда айтылган пикир айрым адамдарга жакпашы анык. Бирок Аида Исатбек кызы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде көйгөйлөрдү ачык айтып, алардын чечилиши үчүн ишин жигердүү уланта берет",-деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында Гүлшайыр Садыбакасова Фейсбуктагы баракчасына депутаттын филармониянын абалы тууралуу сынына жооп кайтарган. Аталган маданий жай бир канча жолу "Жылдын мыкты филармониясы" деген наам алганын белгилеп, депутатты "22 жылдык директорлук кызматыма асылып, бул мекеменин өнүктүрүүгө, өстүрүүгө жасаган опол-тоодой эмгегимди жокко чыгаргысы келген" деп айыптаган жана "менин жумуштан кетүүмдү Аида сен чече албайсын, аны министр чечет!" деп жазган. Ал ошондой эле филармонияны оңдоп-түзөө тууралуу бийликке 15 жылдан бери кайрылып келе жатканын кошумчалаган.
Исатбек кызы Садыбакасованын айткандарын азырынча комментарий бере элек.
Учурда Ош филармониясында 150дөй киши иштейт жана анын басымдуу бөлүгүн артисттер түзөт. Бул маданий жай мурда “Космос” аттуу кинотеатрдын имараты болгон жана чоң залында 450, кичи залы 350 орун бар.
Что там в IT: ИИ-отрыв Google, ChatGPT почти человек, отечественный BIOS
Урок мужества о ставропольцах — участниках первого парада Победы прошёл в СтГАУ
Врач-инфекционист Мескина перечислила группы риска по листериозу
В мире могут закрыть поставки из Китая. «Святой Ленин» на встрече В.В. Путина и Си Цзиньпина повышает качество жизни народам России, Китая, всего мира.
В Москве почти на треть нарастили объёмы производства кондитерских изделий
Москва привлекла инвесторов для комплексного развития ещё шести территорий
Не пейте эти помои: названы марки кофе, которые не стоит брать даже по акции
Ротенберг о детском турнире: «К нам приехали министр Дегтярев, губернатор Московской области и защитник «Чикаго» Зайцев. Спасибо всем спонсорам и лично Миллеру»
Овчинский: в Москве запустили новый курс по беспилотному транспорту
Позднякова: температурный рекорд в Москве может обновиться на следующей неделе
Личка — о победе над «Крыльями»: матч получился тяжёлым, не было свободы
Ротенберг о детском турнире: «К нам приехали министр Дегтярев, губернатор Московской области и защитник «Чикаго» Зайцев. Спасибо всем спонсорам и лично Миллеру»
Россия, Культура и Дети: детский конкурс эмблемы обьявил Театр кукол в Улан-Удэ
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
Фестиваль «Музыка моего города» в Бурятии украсил Театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура, Праздник и Дети
В Бурятии прошла Байкальская театральная школа прошла - Россия, Культура и Дети