Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активисттер Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованын ишин токтотуп, аларды сот залынан бошотту. Бул тууралуу башка бир казак активист Дидар Каиров Фейсбуктагы баракчасына жазып, сот залынан видео жарыялады.
Жексебаев менен Баймагамбетова 2022-жылдын ноябрь айында Бишкекте кармалган. Казакстандык активист Жанара Ахмет алар Бишкек аркылуу чет өлкөгө кетээрде Кыргызстандын атайын кызматы "Манас" аба майданынан кармаганын билдирип чыккан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кийин билдирүү таратып, казак жарандары кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети аркылуу Өзбекстанга чыгып кетүүгө аракеттенип жаткан учурда кармалганын маалымдаган. Атайын кызмат алар 23-октябрда Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп келип, 26-октябрда Өзбекстанга мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылган деп айып таккан. Активисттер Бишкектеги №1 тергөө абагында киргизилип, эки айга камалган.
Бишкек шаардык соту жана Октябрь райондук соту активисттердин иши тууралуу комментарий бере элек.
"Азаттыктын" казак кызматы активисттердин адвокатына таянуу менен кабарлагандай, сот Жексебаев менен Баймагамбетованын Кыргызстандан башпаанек сурап кайрылганын эске алуу менен алардын ишин токтоткон.
Экөө тең 2020-жылы Казакстанда камалып, былтыр ноябрда сот өкүмү чыккан 13 активисттин катарында болгон. Активисттерге казак бийлиги "экстремисттик" деп тапкан "Казакстандын демократиялык шайлоосу" жана "Көчө партиясы" деп аталган уюмдарга тиешеси бар деген айып коюлган.
Эки жылга кесилген Байгаматова сот залынан бошотулган, ал эми Жексебаев былтыр май айында абактан бошоп, Бишкектен кармалган маалда экөө тең пробациялык көзөмөлдө жүргөн. (ErN)
Тренер СКА Попов назвал Басту адекватным футбольным руководителем
Настоящая дружба: как Федук и OG Buda выглядели до популярности
Концерт Рахманинов под небом
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
В столице Туркменистана - Ашхабаде открыли памятник легендарному армянскому поэту и композитору Саят-Нове
Тариф – Большой Концерт.
Футболисты ФК «Динамо Пушкино» заняли второе место в межрегиональном турнире Laffy Cup 2024
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»
Литературный монолог
«По праву памяти»,
к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова,
советского и российского писателя.
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ