Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

"Ташкент Бишкектеги кырдаалга көз салып турат". Чөлкөмдөгү кырдаал жана алака

0

Бишкек Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга көптөн күтүлгөн мамлекеттик сапары “жакын арада болорун” кабарлап, бирок так датаны айткан жок.

Бир канча жолу жылдырылган бул мамлекеттик сапар Бишкек менен Ташкент үчүн кандай мааниге ээ? Өзбекстан чек ара сызыгын аныктоодо көбүрөөк эмнеге көңүл бурат?

Эксперттер чөйрөсүндө Өзбекстан Борбор Азиядагы лидерликке умтулуп жатканы байма-бай айтылып келет. Ташкент бул лидерликтен эмнени көздөйт жана ал кошуналарга мамиледе кандай роль ойнойт?

Бул суроолордун тегерегинде өзбек талдоочулары - Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун илимий кызматкери Темур Умаров жана саясий талдоочу, эл аралык мамилелер боюнча адис Рафаэль Саттаров пикир бөлүшөт.

Бишкек менен Ташкенттин чек ара тактоо маселесинде Өзбекстандын ичиндеги талкуулар кыргыз коомчулугуна көп жеткен жок. Ошондуктан биз өзбек эксперттеринин пикирин угуп, алардын көз карашын билгенге аракет кылдык.

Мирзиёев Кыргызстанга былтыр 10-декабрда келиши керек эле. Бишкек адегенде ушундай маалымат тараткан. Бирок сапар болбой калган жана жыл аягына чейин уюштурулары айтылган. Кийинчерээк Мирзиёевдин сапары дагы жылган. Мунун себеби Ташкенттеги даярдык иштерине байланыштуу экени кабарланган.

Өзбекстандык талдоочу Рафаэль Сатторов жагдайды Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалга байланыштырды.

“Биринчиден, Өзбекстандын ичинде да, мамлекеттин сыртында да президент Мирзиёевдин аты аралашкан нааразылыктар болбошу керек – бийликтин туруму ушундай. Тагыраагы, анын сапары демонстрациялар менен коштолуп, Мирзиёев кайсы бир саясий кризистин себепкери катары сыпатталбашы керек. Чек ара келишими Кыргызстанда кызуу талкуу жаратып жатканын Ташкент көрүп турду. Ошондуктан, президенттин сапары ийгиликтүү болоруна күмөн жаралды. Буга чейин президент Жапаров да, Өзбекстандын мамлекет башчысы да чек ара маселеси дээрлик 100 пайызга чечилгенин ишеничтүү түрдө айтып келишкен. Алар келишимге кол коюу жараяны чоң салтанат менен өтөт деп ойлошкон. Бирок Кыргызстанда Кемпир-Абад окуясы өнүгүп, талаш-тартыш жаратып жаткандыктан Ташкент бул маселенин жайгарылышын күттү жана президенттин мамлекеттик сапарын уюштурууну артка жылдыра берди”.

Кемпир-Абад демекчи, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, 2022-жылдын күзүндө ратификацияланды.

Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанда Анжиян суу сактагычы деп аталат.

Кыргызстанда суу сактагычтын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен октябрдын этегинде кармалып, ушул күнгө чейин камакта отурушат.

Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу болору пландалууда.

Эксперт Темур Умаров да Ташкент Бишкектеги чыңалган абалдын жайгарылышын күтүп турганын белгиледи.

“Мирзиёев президент болгондон кийин Кыргызстанга жасаган биринчи сапары аябай шаан-шөкөт менен өткөн. Ал сапар эки өлкө ортосундагы жаңы мамиленин пайдубалы болгон. Кыргыз бийлиги экинчи жолку сапар да биринчисинен кем болбошу керек деп эсептейт. Сыягы, өзбек тарап Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармоолордун фонундагы нааразылыктар азайганы тууралуу Бишкектен белги күттү. Өзбекстандын президентин Бишкекте активисттер протесттер менен тосуп албасын деген санааркоо да болду деп ойлойм”.

Умаров айткан Мирзиёевдин алгачкы сапары 2017-жылы Кыргызстанда Алмазбек Атамбаев президент кезинде болгон. Кийин ал жумушчу сапарлар менен келип кеткен.

2021-жылы март айында президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барган жана жыйынтыгында 22 документке кол коюлган. Эки өлкөнүн лидерлери чек ара маселелерин эң кеч дегенде үч айда чечүүнү макулдашкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо маселеси эки өлкөнүн коомдук-саясий чөйрөсүндө ар башка талданды. Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу келишимди Кыргызстанда сындаган, каршы чыккан 30га жакын активисттердин, саясатчылардын камалышы Ташкенттин же өзбек коомчулугунун көңүлүн канчалык бурду? Рафаэль Саттаровдун пикирин угалы:

“Кыргызстандагы окуяларга Ташкент көз салып турат. Ал тургай кошуна өлкөдөгү окуялар мурдагы учурлардан айырмаланып, өзбек коомчулугунун да көңүлүн бурду. Жөн гана көңүл бурбай, социалдык түйүндөрдө кызуу талкуулашты. Кыргызстандагы эки төңкөрүш учурунда өзбек коомчулугу калыстыкты сактаган, тагыраагы маани берген эмес. Бийликке Жапаровдун келиши жана башка саясий окуялар өзбек интеллигенциясынын, коомдук ишмерлердин арасында талкууга алына баштады. Жөн гана талкуулап койбой, кыргызстандыктар менен да бул жаатта пикир алмашып жатышат.

Кемпир-Абад маселесинде өзбек медиасы, коомчулугу окуяга көңүл буруп турду жана болушунча калыстыкты кармоого аракеттеништи. Тагыраагы кыргыздарга каршы маанай жаратышкан жок. Деги, азыркы учурда өзбек элинде кыргыздарга каршы маанай дээрлик жок экенин байкап жатабыз. Албетте, Кемпир-Абад маселесинде Кыргызстандагы нааразылыктар деле өзбектерге каршы маанайды жараткан жок же өзбек элине каршы багытталган жок. Бул тенденция 2005-2010-жылдардагы коомчулуктун маанайынан кескин айырмаланат”.

Өзбекстан беш өлкө менен чектешет – Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Ооганстан. Булардын арасынан Казакстан, Түркмөнстан менен делимитация жана демаркация иштери бүткөн. Президенттин кеңсесиндеги булактын айтымында, 2022-жылдын этегинде казак президентинин Ташкентке сапарынын алкагында чек арага байланыштуу маселелерге чекит койгон документтер кабыл алынды. Ооганстан менен чек арадагы жагдайлар тууралуу толук маалымат ала алган жокпуз. Кыргызстан жана Тажикстан менен чек ара сызыктарын тактоо азыр Ташкенттин күн тартибиндеги негизги иштердин бири болуп турат.

Чек араны тактоонун Ташкент үчүн стратегиялык мааниси кандай?

“Тараптар үчүн маанилүү маселелердин бири – ондогон жылдардан бери күн тартибинде турган талаштуу аймактар. Бул биринчи кезекте Ташкент үчүн өтө маанилүү. Себеби, Шавкат Мирзиёев бийликке келгени тышкы саясатта кошуналар менен мамилени жакшы нукка буруу багытын приоритетке койгон. Чек арадагы талаштуу аймактар Мирзиёев көздөгөн максатка тоскоолдук жаратат. Чек аралардын жаңы сызыгы кандай болот, азырынча так айтуу кыйын. Албетте, Өзбекстан көп аймагын кошуналарга берип салгысы келбейт”, - деди Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун илимий кызматкери Темур Умаров.

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча адис Рафаэль Саттаров чек араны чечүүдөгү Ташкенттин турумун Фергана өрөөнүндөгү көйгөйгө байлады.

“Калкы жыш Фергана өрөөнүн суу менен жеткиликтүү камсыздоо – Өзбекстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул өрөөндөгү Анжиян, Фергана жана Наманган облустарында суу өтө чоң көйгөй. Аймактын суу маселесин чечүү – Өзбекстандагы социалдык-экономикалык, саясий туруктуулукту камсыздоодо чоң роль ойнойт. Ошондуктан бийлик аларга суу жеткирүү менен стабилдүүлүктү кармап турат. Бул жагынан алганда эки өлкө ортосундагы келишим Ташкент үчүн маанилүү. Чынында Өзбекстан кошуналары менен чек араны көбүнчө ийгиликтүү чечип келатканына Казакстан менен Түркмөнстанды мисал кылсак болот. Бирок Кыргызстан жана Тажикстан менен чек араны тактоо күн тартибинде талуу маселе бойдон келатат. Мунун себеби бар. Өзбекстандын Түркмөнстан менен же Казакстан менен чек ара сызыктары эл отурукташкан аймактарда эмес. Кыргызстан жана Тажикстан менен аныкталчу чек ара сызыктары калк жыш жашаган жерлерге туура келүүдө. Андан тышкары, суу ресурстары, экономикалык, тарыхый объектилер жайгашкан жерлер бар. Андай жерлер эки мамлекетке, эки элге тең өтө маанилүү. Андыктан Борбор Азиядагы мамлекеттердин ортосундагы демаркация жана делимитация иштерин бири-бирине салыштырып болбойт”.

Ошентсе да өзбек бийлигинин чек араны тактоо, кошуналар менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу карапайым калкка маалымат берүүдө жабык болгонун "Азаттык" байланышкан бир канча журналист билдирди.

Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун жол картасына быйыл январдын башында кол коюшту. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошту.

Бул ондогон жылдардан бери айтылып, бирок ишке ашпай келаткан “Камбар-Ата-1” долбоору боюнча коңшулар менен кабыл алынган биринчи документ болуп калды. “Камбар-Ата-1” долбоору Ташкент үчүн эмнеси менен маанилүү жана бул долбоордун жакынкы келечеги кандай болот? Темур Умаров ой бөлүшөт:

“Камбар-Ата-1 ГЭСи жөнүндө айта турган болсок, мамлекет жетекчилери муну энергетикалык кризисти келечекте жеңүүдөгү чоң жеңиш деп баалашат. Бирок коомчулукта муну башка өңүттөн карагандар бар. Мисалы, Кыргызстанда бул келишимди сындагандар чыгууда. Алар бул келишимде Кыргызстан биргелешкен долбоордун 34 пайыз акциясысына ээлик кылып, Казакстан менен Өзбекстан биргеликте 66 пайызга ээлик кыларын туура эмес көрүп жатышат. Тагыраагы, долбоорго Кыргызстан көзөмөл жүргүзө албай калышы, сууну пайдалануу же ГЭСке буруу боюнча кандайдыр маселе чыкса, Казакстан менен Өзбекстан биригип чечим кабыл алып коюшу мүмкүн деген кооптонуу бар. Чындыгында бул олуттуу суроо. Ошентсе да бул азырынча келишим экенин унутпаш керек. Албетте, аны ишке ашыруунун жол картасы бар, бирок мындай узак мөөнөттүү долбоорлор дароо ишке ашып кетпей турганын да эске алуу кажет. Үч мамлекет аны ишке ашырууга инвестиция тарта алабы, каражат табылабы же жокпу, азырынча белгисиз. Ушундай эле маселе Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунда бар. Бул долбоор да көптөгөн жылдардан бери талкууланып келет. Ошондуктан, азыр кандайдыр бир чоң өзгөрүү болуп, ал ишке ашып кетет деп күтүү туура эмес. Мында да каражат маселеси бар. Анүстүнө Кыргызстан бул темир жолдун пайдасын башкача элестетет, Өзбекстан башкача элестетет. Андыктан, жакынкы 10 жылда анын ишке ашуусу чоң суроо”.

Эксперттер чөйрөсүндө Өзбекстан Борбор Азиядагы лидерликке умтулуп жатканы байма-бай айтылып келет. Ташкент бул лидерликтен эмнени көздөйт жана ал кошуналарга мамиледе кандай роль ойнойт? Бул суроодо эксперттерибиздин ойлору ар башка.

“Мирзиёев Өзбекстанды Борбор Азиядагы лидер өлкө катары көргүсү келет. Андыктан, бери дегенде эле чөлкөмдөгү башка мамлекеттер менен аймактык маселелерде тил табышканга аракет кылууда. Дал ушул аймактык талаштарды жөнгө салуунун алкагында башка маселелерди да чечкиси келет. Мисалы, суу бөлүштүрүү, газ, энергетика жаатындагы алака-катыш жана башкалар”, - деди Темур Умаров. Ал эми Рафаэль Султанов чөлкөмдө лидерликке умтулуунун мөөнөтү эскирди деп эсептейт.

"Өзбекстандын Борбор Азиядагы лидерликке умтулганы тууралуу кеп-сөздөр өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери келатат. Бирок андай лидерликке жетүү үчүн Өзбекстандын өзүндө чечилиши керек болгон экономикалык, социалдык көйгөйлөр толтура. Адегенде ошол маселелер чечилиши кажет. Андай жыйынтыкты азырынча көрө элекпиз. Балким Өзбекстандын жетекчилиги ушундай лидерликке умтулат, бирок андай лидерликти чөлкөмдөгү башка мамлекеттер колдойбу, бул да өзүнчө суроо. Менимче, чөлкөмдө кандайдыр бир лидерликти орнотууга зарылчылык да, талап да жок. Эгер Өзбекстан менен Казакстан тандем түзүп, локомотив болсо, балким экономикалык, маданий байланышты күчөткөн лидерлик жаралышы мүмкүн. Бирок кайсы бир өлкө өз алдынча лидер боло албайт. Өзбекстан экономикалык карым-катышты жандантууну, тыгыз мамиледе болууну сунуштап келет. Анткени, өз ара кызматташуу – азыркы замандын талабы. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн башчылары биригип, экономикалык, маданий карым-катышты, интеграцияны күчөтүшү зарыл болуп турат. Баары өз-өзүнчө багытты тандап, бири экинчисине лидер болууну, жолбашчы болууну көздөбөшү же саясий-шовинисттик турумда болбошу керек. Башында айткандай, лидерлик маселеси 90-жылдардан бери сөз болуп келет. Бирок реалдуулук башка - Казакстан деле, Өзбекстан деле лидерлик үчүн күрөшкөн эмес, алар инвестиция тартууда, өлкөнүн имиджин эл аралык деңгээлге алып чыгуу жаатында атаандаш болушкан. Менимче, лидерликке умтулуунун убактысы өтүп кетти".

Макаланын аудиосун "Чоо-жай" подкастынан угуңуз:

 

Талдоочулар Борбор Азия Орусиянын таасириндеги аймак деген ырастоолорду айтып келишет. Андан тышкары, бул чөлкөмгө Кытай ири өлчөмдө насыяларды берип, таасирин арттырууда. Бээжин болочокто аймактагы таасири боюнча Москваны артка калтырышы мүмкүн деген божомолдор да бар.

Аймактагы мамлекеттер арасында чек арага байланышкан талаштарга чекит коюлбай келатышы да Борбор Азиядагы социалдык-экономикалык карым-катышты артка тартып жатат деп бааланат.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus



"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Модернизация контейнерных площадок продолжается в Реутове

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин

Российские туристы встретились с таджикскими строителями в Новой Зеландии и были удивлены их жизни и ответами на вопросы

Дорожные ирригаторы Revyline RL 660 New Black скоро появятся в представительстве бренда в Улан-Удэ


Boeing passenger ‘DIES in horror turbulence’ on flight from London sparking emergency landing in latest airline tragedy

UFC plans to be ‘flexible’ in next broadcast rights deal, including potential end to traditional PPV

Precision in Motion: Exploring Baltic Bearing Company-Riga

AML check crypto


Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G


Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)

Helldivers 2 studio wants to slow down the pace of updates: 'We feel a slightly lower cadence overall will benefit both us, you, and the game'

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Estischool - Школа за британською програмою


Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о компенсации части затрат на путевки в оздоровительные лагеря в рамках нацпроекта «Семья»

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице




«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает В.В. Путину улучшить либо отменить налоги в обществе.

Автомобиль насмерть сбил пешехода на Алтуфьевском шоссе

Суд приговорил к 8,5 года тюрьмы напавшего на дом создателя программы «Куклы»

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Жителей и гостей Солнечногорска 24 мая ждут на открытии новой выставки живописи

Для египетских школьников провели День российской культуры

Порядка 1 млн вызовов поступило в пожарную охрану по номеру «112» в Подмосковье

Путин: благополучие людей — важнейший критерий оценки всей работы властей России


Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP

Казахстанец совершил фантастический рывок в рейтинге ATP

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP

Новаку Джоковичу исполнилось 37 лет в Швейцарии | Виды спорта


В Петербурге состоится IХ Межконфессиональная Спартакиада

Вкусно и безопасно: гастроэнтеролог Садыков назвал 5 продуктов, снижающих холестерин

Петелинская птицефабрика в Одинцове нарастит производство к концу года

В народный альманах Победы вошёл 101 рассказ


Музыкальные новости

Тариф – Большой Концерт.

Концерт «Вселенная Миядзаки» - это настоящий праздник

«Бах vs Шопен» от Amadeus Concerts

Редакция АН «Между строк» разыгрывает 2 билета на Басту и ещё 8 сертификатов среди подписчиков своего Telegram-канала



Воскресшего Иисуса могут дополнительно установить в церквях, вместо черепа.

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о компенсации части затрат на путевки в оздоровительные лагеря в рамках нацпроекта «Семья»

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”


В Росгвардии стартовал чемпионат по боксу «Кубок Победы»

Тариф – Большой Концерт.

Один из лучших джазовых вечеров в Петербурге и Москве -  «Jazz под Небом»

Появился трейлер исторического детектива «Плевако» с Сергеем Безруковым в роли легендарного российского адвоката


Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге: «Крым стал одним из основных направлений отдыха для россиян»

В Воскресенске сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в умышленном повреждении чужого автомобиля

Неизвестные на черном авто похитили 18-летнюю девушку из ТЦ в Петербурге

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о туристической привлекательности Крыма


Король Бахрейна прибудет 22 мая с визитом в Москву

Санкт-Петербург не смог обойти Москву в рейтинге жизни населения

Кремль: Путин 23 мая проведет переговоры с королем Бахрейна в Москве

В Кремле анонсировали переговоры Путина с королем Бахрейна в Москве


Заболеваемость COVID-19 в России выросла почти на 14,7 процента за неделю

Немоляева находится в тяжёлом состоянии под наблюдением врачей

Коронавирус FLiRT выявили в России

Шизофрения и болезнь Альцгеймера: симптомом какой болезни может стать потеря обоняния




Реанимационное оборудование «Швабе» позволяет лечить новорожденных массой от 500 граммов

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

Вкусно и безопасно: гастроэнтеролог Садыков назвал 5 продуктов, снижающих холестерин

Пациенты больницы принял участие в фестивале


Зеленский пожаловался, что западная помощь опаздывает

Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»


Сотрудница ОМОН "Оплот" приняла участие в костромском забеге «Галичское Заозерье»

Чья компания сильнее всех?

«Шушумагия» и «Команда МАТЧ» – в топ-25 мультсериалов на «Кинопоиске»

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве


Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана



Собянин анонсировал самый продолжительный городской фестиваль в мире

Сергей Собянин. Неделя мэра

Собянин исключил запрет для самокатчиков ездить по тротуарам в Москве

Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников


АО «Транснефть – Дружба» провело экологические акции

Сергей Собянин. Главное за день

Более 600 деревьев высадили в дендропарке Ногинска

Санкт-Петербург не смог обойти Москву в рейтинге жизни населения


Путин: благополучие людей — важнейший критерий оценки всей работы властей России

Жителей и гостей Солнечногорска 24 мая ждут на открытии новой выставки живописи

Мэр Собянин: в Москве самокатчикам не запретят ездить по тротуарам

Суд отказал в УДО осужденному за коррупцию бывшему мэру Ярославля Урлашову


Беспроводной сканер штрих-кодов SAOTRON P05i промышленного класса

«Северная красота» пусков Плесецка

Сергей Собянин. Неделя мэра

Общее дело: в новом сезоне волонтеры продолжат работу по сохранению объектов культурного наследия в Архангельской области


Литературный монолог «По праву памяти», к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова, советского и российского писателя.

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ

«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата


Жителей и гостей Солнечногорска 24 мая ждут на открытии новой выставки живописи

Суд отказал в УДО осужденному за коррупцию бывшему мэру Ярославля Урлашову

Петелинская птицефабрика в Одинцове нарастит производство к концу года

Лавров приехал в резиденцию посла Ирана в Москве












Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения






Вкусно и безопасно: гастроэнтеролог Садыков назвал 5 продуктов, снижающих холестерин

В народный альманах Победы вошёл 101 рассказ

Жителей и гостей Солнечногорска 24 мая ждут на открытии новой выставки живописи

Петелинская птицефабрика в Одинцове нарастит производство к концу года