Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Кемпир-Абад иши: Камактагы активистти колдоп чыккан жубайы да жазага тартылды

0
Кемпир-Абад иши: Камактагы активистти колдоп чыккан жубайы да жазага тартылды

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандарды колдоп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына митингге чыккан Толгонай Солтонованы бүгүн 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту айыптуу деп таап, 3 миң сом айыппул салды. Солтонова соттун бул чечимине макул эместигин, апелляциялык арыз менен шаардык сотко даттанарын, ишти караган судья анын күнөөсү жок экенин далилдеген видео материалдарды карабай, отурумду түз эфирде көрсөтүүгө тыюу салып койгонун айтты.

Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 128-беренеси менен айыпталган Толгонай Солтонова Талас облусунун мурдагы башчысы, камакта отурган активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы.

10-январда камактагылардын жакындары, болжол менен жүздөй адам ИИМ алдына акцияга чыккан. Алар мыйзамдуулукту талап кылган ураандарды айтып турушкан. Көп өтпөй отуз чактысын, арасында улгайган адамдарды Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кармап кетип, кийин кое беришкен.

ИИМ кармоого алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун, анын баары мыйзамсыз экенин билдирген жана документтер сотко жөнөтүлөрүн маалымдаган.

Кармалган отуздай демонстранттын бешөөнө (экөөнө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу" деген 139-беренесинин жана үчөөнө "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" деген 128-беренесинин негизинде) протокол түзүлүп, калгандары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилген.

Бешөөнүн иши сотко өткөн. Алардын арасында Солтоновадан тышкары жарандык активист Өңдүрүш Токтонасыров, активист Адилет Балтабай, саясатчы Азимбек Бекназаровдун агасы Казымбек Бекназаров бар. Адилет Балтабай мурда козголгон ишине байланыштуу бул жолу кармалганда абакка кесилди. Токтонасыровго 3 миң сом айыппул салынган.

Былтыр октябрда Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Стало известно, с кем сыграет Вероника Кудерметова во втором круге турнира WTA-1000 в Риме






Заслуженный спасатель Щетинин объяснил возможности эвакуации из автобусов

Женщина-водитель и двое детей пострадали в ДТП в Самарской области

Бойца ММА Исламова отправили в СИЗО до 24 июня

Северянка Лада Еськина – бронзовый призер первенства России по боксу