Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

"Каржы пирамидасын" жарнамалаган ырчы, блогерди жазалоо сунушу биринчи окуудан өттү

0

Кыргызстанда “каржы пирамидасын” жарнамалоо үчүн жаза чаралары каралган мыйзам долбоору бүгүн 24-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоорунун автору, депутат Шайырбек Ташиев азыркы мыйзамдарда “каржы пирамидасын” жарнамалагандардын жоопкерчилиги каралбаганын, эгер сунуш өтсө 2-2,5 миллион сом айыппул же 3-5 жыл эркинен ажыратуу чарасы колдонуларын айтты:

“Сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса ырчылар, таанымал артисттер, блогерлер жана элге таасирдүү башка да инсандар ар бир жарнама үчүн жоопкерчилик бар экенин түшүнүп, эмнени жарнамалап жатканын алдын ала ойлонот”.

Ташиев былтыр 10 айда “каржы пирамидасына” байланыштуу 766 кылмыш иши козголгонун, ага чейинки жылдан 173 иш өткөнүн, материалдык чыгым дээрлик 248 миллион сом жана 1,3 миллион доллар болгонун, ал эми кайтарылган сумма 130 миң эле сом болгонун айтты.

Талкуу учурунда депутаттар идея туура экенин, бирок жазага тартуу механизмдери кылдат иштелип чыкпаса майнап болбой калышы мүмкүн экенин эскертишти.

Депутат Алишер Эрбаев козголгон иштер жана келтирилген зыян боюнча башка да маалымат бар экенин билдирди. Анын айтымында, 2021-жылы 3310 иш козголуп, зыян 9,3 миллиард сом деп эсептелген, жабыркагандардын көбү Бишкекте, Ысык-Көл жана Талас облустарында экени аныкталган. Ал эми былтыр, 2022-жылы 882 иш козголгону, 273 миллион сомдук зыян келтирилгени маалым болгон. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Стефанос Циципас

Греческий теннисист Стефанос Циципас поблагодарил мать за советское воспитание






Тренер ЦСКА Федотов не стал объяснять, почему Акинфеев не сыграет с "Зенитом"

Свыше 300 человек погибли в результате наводнения в Афганистане

Зобнин открыл счёт в матче «Спартак» — «Краснодар» в 28-м туре РПЛ

ФК “Уфа” сыграл с московским “Велесом” вничью