Президент Садыр Жапаров 17-апрелде "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде ипотекалык үйлөрдүн курулушу тууралуу суроого жооп берди. Бул багытта Бишкек шаарынан сырткары бир катар аймактарда долбоорлор ишке ашарыларын айтты.
"Бишкек шаарына 6 миңден ашык батирлерди салып жатабыз, дагы салабыз. Региондордо дагы башталды. Мисалы, Нарында долбоору даярдалып жатат. “Кумтөр” берген акчаларына салып, МИК (Мамлекеттик ипотекалык компания) аркылуу берели деп жатабыз. Таласта да долбоор өз нугунда кетип жатат. Аларга да “Жерүй” берген акчасына салып, МИК аркылуу берели деп жатабыз. Жалал-Абадда 200дөн ашык батир салынып жатат. Кудай буюрса, МИК аркылуу жакында тапшырабыз. Башка райондордун жана шаарлардын борборлорунан жерлерди бөлдүртүп жатабыз. Көп кабаттуу үйлөрдү салып, 20 жылдык мөөнөт менен МИК аркылуу беребиз. Акыркы убактарда өзүңөр жакшы билесиңер, элдин саны өсүп, жерлер тарып баратат. Ошондуктан мындан ары көп кабаттуу үйлөрдү курууга басым жасайлы, мамлекет өзүбүз салып берели деп жатабыз. Эки жыл МИКке бюджеттен элге турак жай алып берүү үчүн акча бөлдүк. МИК болсо турак жайларды бир чарчы метрин 750 доллардан алып берип жатыптыр. Өзүбүз салсак бир чарчы метри 550 доллардан айланат экен. Бул деген сөз – элге да, МИКке да пайда деген сөз",-деди Жапаров.
Февраль айында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова "Менин үйүм 2021-2026” программасын алкагында 6,2 млрд. сомго 2,5 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болгонун билдирген.
Буга чейин Жогорку Кеңеште ипотека насыясын берүүдө коррупция бар экени тууралуу бир канча жолу маселе көтөрүлгөн. Аталган компания мындай дооматтарды четке каккан.
Анда жаран электрондук кезекте тургандан тартып, банк анын арызын кабыл алганга чейинки ар бир кадам катталары, кайрылган жарандар жеке кабинети аркылуу ар бир этапты карап тура алары белгилеген.
ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»
Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
В безобразном состоянии: Андрей Разин забросил могилу своего 16-летнего сына
"Звездач": певец Александр Розенбаум проиграл суды на 386 тыс. рублей
Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: Учащиеся Гурульбинской школы восхитились мастерством жонглирования, игрой с хула-хупами, иллюзионистами цирка Бурятии
Джиган и Самойлова исполнили мечту «диско-бабушки» из Коми
Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села
В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона