Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, “бийликти басып алууга, жапырт башаламандык кылууга үндөгөн” деп шек саналып жаткан Ырыс Жекшеналиевдин соту белгисиз мөөнөткө жылды. Анын адвокаты Нурбек Сыдыковдун айтымында, буга судьянын ооруп калганы себеп болду.
Жекшеналиевдин иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. 11-апрелдеги отурумда ал жарыш сөзгө чыккаг, тергөөнүн материалдарында өзү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулуп-өскөн деп жазылып калганы туура эмес экенин айткан.
Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, адам пикиринин эркиндиги боюнча Конституциялык укугу бузулуп жатканын билдирген.
3-апрелдеги соттук териштирүүдө прокурор активистти күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратууну сураган.
20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы негиз болгон. Тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.
Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.
Буга байланыштуу Жекшеналиев Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (KS)
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
В Туле перевозчиков будут штрафовать за высадку из транспорта инвалидов I группы
Московские авиалайнеры 15 июня в аэропорту Владивостока прилетают и вылетают вне расписания
["Кони привередливые"] "Коней на переправе меняют": Москва развернула нефтяные танкеры у Нью-Дели, наконец проявив решительность, которую не ожидали даже в Вашингтоне. "Дружба-дружбой, а табачок..."
Якутские школьники участвуют в историческом форуме «Маршал Жуков» в Музее Победы в Москве
Работавшая на мошенников школьница сдалась полиции в Челябинской области
Синоптики пообещали москвичам кратковременный дождь и до +27 градусов 15 июня