Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) башкы инженери Нурлан Кулжыгачов кабарлады. Анын айтымында, буга чейин ЖЭБде Кара-Кеченин көмүрү, импорттолгон көмүргө караганда көп жагылчу. Быйылтан баштап бул жагдай өзгөрөт.
"Былтыр биз 1,1 миллион тонна жергиликтүү көмүр алганбыз. Калган 400 миң тоннасы импорттук көмүр болчу. Быйыл болсо импорттук көмүрдүн көлөмүн 600 миң тоннага чейин көбөйтүп жатабыз. Жакынкы убакта тендерге чыгарганга аракет кылабыз. ЖЭБде орточо 1,5 миллион тоннага чейин көмүр сарпталат. Кара-Кеченин көмүрүнүн кубаттуулугу аз. ЖЭБ курулганда эле Караганданын көмүрүнө ылайыкташтырылып курулган болчу. ЖЭБ модернизацияланганда Кара-Кеченин көмүрүнө ылайыкташтырылган болчу. Ошондуктан бул көмүрдөн толугу менен баш тартпайбыз",-деди Кулжыгачов.
Буга чейин Бишкектеги ыш көйгөйүнүн бир себеби катары ЖЭБде жагылган сапатсыз көмүр аталган.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров өткөн айдын аягында Бишкек шаардык мэриясында кеңешме өткөрүп, ыш маселесин чечүү үчүн ЖЭБди сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле анын бардык чыпкасын техникалык аудиттен өткөрүү, калктуу конуштарды газдаштыруунун каржылык үлгүсүн иштеп чыгуу, борборго кирүүчү жеңил унаалардын, анын ичинде оор жүк ташуучу унаалардын санын көзөмөлгө алуу керектигин белгилеген.
Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде бир нече жылдан бери Бишкек кыш айларында биринчи сапта турууда.
Бишкектеги ыш маселеси акыркы жылдары байма-бай көтөрүлүп келет. 2022-жылы ЮНИСЕФ бул багытта илимий изилдөө жүргүзүп, ыштан аялдар менен балдардын саламаттыгы өзгөчө зыян тартып жатканын билдирген.
Кыргызстан күз-кыш мезгилине карата жалпысынан үч миллион тоннага жакын көмүр керектейт.
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Звезды оперной сцены представят I Международный фестиваль «Мир классического романса»!
Местные жители заполнили пляж, пытаясь выгнать оттуда туристов на популярном курорте: отдыхающие напомнили им, откуда они получают зарплату
Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир бурятской сказки, которое не оставит равнодушным ни одного зрителя
Жена туриста, убитого электрическим током во время купания в джакузи на курорте, подала в суд прямо с больничной койки
Сказка Ульгэра «Волшебные башмачки Элли» по мотивам знаменитой сказки Александра Волкова «Волшебник Изумрудного города» - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети
«Всю жизнь я зарабатывал пением и… легким аферизмом». Прохор Шаляпин раскрыл источники дохода в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3
Моргенштерн* жестко ответил хейтерам и защитникам Дилары