Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Равшан Жээнбеков жана анын жубайы эмнеге камакка алынды?

0
Равшан Жээнбеков жана анын жубайы эмнеге камакка алынды?

Өткөн аптада азыр камакта жаткан Равшан Жээнбековдун өмүрлүк жары Салкынай Алимбаева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, кийин соттун чечими менен эки айга камалды.

Ага Бишкектеги эки жер тилкесин сатууга байланыштуу айып коюлууда, Алимбаева  күнөөсү жок экендигин билдирди. Равшан Жээнбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, өзүнө жана жакындарына карата саясий куугунтукту токтотууну талап кылды. Буга расмий жооп боло элек. 

Равшан Жээнбеков деген ким?

Равшан Жээнбеков акыркы жолу былтыр камакка алынган. Ага айтылуу “Кемпир-Абад иши” боюнча айып коюлуп жатат. Жээнбеков муну оппозицияга куугунтук деп сыпаттап келатат.

Мындан тышкары ал “Кой-Таш иши” деп аталган кылмыш ишинин алкагында айыпталуучу катары сотко катышууда.

Равшан Жээнбеков 1970-жылы 19-сентябрда Талас облусунун Манас районундагы Арал айылында туулган.

Атасы Бабырбек Жээнбеков кесиби юрист болгону менен элге журналист катары таанылган. Ал “Алиби”гезиттин уюштуруп, оппозициялык маанайдагы эркин басма сөздүн жактоочусу болуп келген.

Равшан Жээнбеков дагы атасынын жолун жолдоп, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин 1992-жылы аяктаган. Ал 1996-жылы Москадан Орусиянын тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын бүтүргөн. Саясий илимдердин кандидаты катары "Борбор Азиядагы эл аралык мамилелер: геосаясий аспекттер" деген темада диссертациясын жактаган.

Кийин - 2008-жылы АКШдагы Массачусетс Технологиялык институтунун Слоан менеджмент мектебинен бизнес багытында илимий даража алган.

Азыркы тапта Равшан Жээнбеков өлкөдөгү туруктуу оппозициянын башында тургандардын бири.

Саясатчы, мурдагы депутат Өмүрбек Суваналиевдин оюн угалы:

“Мен Равшан Жээнбековду 1995-жылдан бери билем. Ошондон бери ал профессионал саясатчы болуп жетилди. Чоң саясатка даярданып, көп маселелер боюнча өз пикирин айтып жургөн инсан. Ал буга чейин депутат болгон, министр болгон. Кулк-мүнөзү демократ, кошоматчы эмес, пикирин бетке айткан, чынчыл жигит. Ошол үчүн биз аны терең сыйлайбыз”.

Эң жаш министр

Равшан Жээнбековдун саясий жылдызы ал 30 жашка чыгып-чыкпай эле жанган. Тышкы иштер министрлигинде атташе катары карьерасын баштаган жаш адис 1996-1997-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратында кеңешчи болуп, кийин премьер-министрдин жардамчысы болууга жетишкен.

Аскар Акаевдин назарына кандай илингени ачык булактарда айтылган эмес, Равшан Жээнбековдун өзү да бул тууралуу айткан-айтпаганы белгисиз, айрым маалыматтар боюнча, анын Майрам Акаева менен жердештиги рол ойногон болушу ыктымал. Кыскасы, ал 28 жашында чет өлкөлүк инвестициялар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, бир жылдан кийин Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы кызматына жеткен. 30 жашында ал өлкө тарыхындагы эң жаш министр болгон. Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басарлыгынан кийин 2001-2005-жылдар аралыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы - министр болуп иштеген.

Бул учурда Кыргызстанда менчиктештирүүнун экинчи этабы жапырт жүрүп жаткан. Айрым маалыматтар боюнча, 342 объект өз ээлерин тапкан. Бул цифралар Равшан Жээнбеков ал учурда канчалык маанилүү тармакты башкарып, кандай адамдар менен байланышта болуп турганынын масштабын көргөзөт.

Дал ушул убакта Кыргызстан өз эрки менен өлкөдөгү эң ири Кумтөр алтын кенинен баш тарткан. Бул коррупциянын туу чокусу болгон, мамлекетке, элге каршы кабыл алынган келишим үчүн тергөө иштери жүрдү, айрымдар өз жазасын алды. Ошол маалдагы президент Аскар Акаев баардык күнөөнү ошол убактагы өкмөт башчысы, маркум Николай Танаев менен баласы, маркум Айдар Акаевге оодарганын жакында Эмилбек Каптагаев ачык жазды. Укук коргоо органдары козголгон кылмыш ишинин алкагында Равшан Жээнбековго Кумтөр келишими боюнча айып коюуга бир нече ирет аракет жасап, суракка чакырган. Ал келишимде Равшан Жээнбековдун эмес, анын орун басарынын колу коюлган. Бул окуя боюнча өз учурунда башкы прокурор катары Аида Салянова да өз пикирин билдирип, мыйзамга ылайык формалдуу түрдө Жээнбековдун күнөөсү жок болгону менен, анын моралдык жактан уйкусу бузула турган жагдай экенин айткан.

Курманбек Бакиевден кызмат алган элчи

2005-жылдын 24-мартындагы окуялардын алдында Равшан Жээнбеков Бириккен элдик кыймыл оппозициялык бирикмесинин бардык иш-чараларына активдүү катышкан. Атап айтканда, Курманбек Бакиев башында турган оппозиционерлердин Жалал-Абаддагы элдик курултайына Роза Отунбаева, Топчубек Тургуналиев, Бектур Асанов, Ишенгүл Болжурова, Чолпонбек Абыкеев менен тең катар катышкан.

2005-жылы ага каршы Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы болуп турганда мамлекеттик каражатты максатсыз короткон деген айып менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө далил жоктугунан тергөө токтотулган. 

"Равшан Жээнбековго бир нече ирет кылмыш ишин козгоп, мамлекеттик мүлктү уурдап алган деген кине менен айып коюуга аракет жасашты. Бирок, бирөөнү да далилдей алышкан эмес", - деди саясатчы Өмүрбек Суваналиев.

Ошол эле 2005-жылдагы Март окуяларынын алдында Равшан Жээнбеков Таласта Аскар Акаевге каршы чоң митинг уюштурган. Бул анын дээрлик аны мамлекеттик ишмер катары өстүрүп, калыптандырган адамга каршы чыкканын, муну менен ал өз алдынча саясатчы катары торолууга бет алганын билдирмек.

Аскар Акаев Москвага качып кеткенден кийин Равшан Жээнбеков 2006-2007-жылдарда 2 жылча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеди. Дипломатиялык милдетти аткарганына карабай ал бийликти сындаган билдирүүлөрдү жасап турган.

Равшан Жээнбеков элчиликтен кеткенден кийин анын Акаевдин убагындагы кылмыш иши кайра көтөрүлүп, 2007-жылдын күзүндө сот процесси укук коргоо органдары тарабынан кайрадан жанданган. Бирок, иш ал жолу сотко жеткен эмес.

Ош облусунун мурдагы жетекчиси, БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев мындай ою менен бөлүштү:

“Саясатчы катары өзүнүн туруктуу позициясында келатат. Ар дайым демократиялык система орнотолу деп, менин байкашымча, демократиялык багытта өнүксөк деген идеяларды көтөрүп келет. Бул колдоого, сый-урматка татыктуу, анткени, акыркы 30 жылдан бери ар түрдүү саясатчыларды көрүп келатабыз, позициясы такыр жок саясатчыларды да көрүп жатабыз. Бирок, балким саясий күрөштүн өсүшүнө жараша, балким, жашоо-турмуштун өзгөргөнүнө, мамлекетибиздин өзгөргөнүнө жараша позиция да алмашып тураттыр. Ошондуктан кээ бирөөлөрдү позициясы өзгөрүп кетти деп да айыптабашыбыз керек. Бирок, мен саясатчы катары Равшан Жээнбековго көз карашым түз”.

Курманбек Бакиевдин тушунда Жээнбековго 2008-жылы декабрда дагы бир кылмыш иши козголгон. Прокуратура аны Мамлекеттик мүлк комитетинин имаратын оңдоодо аткарылган иштердин көлөмү көбөйтүп жазылып, кошумча акча коротулган деп шектеген. Келтирилген зыян алты миллион сом деп айтылган. Бул кылмыш иши 2010-жылдын Апрель окуяларынан кийин гана жабылган.

Ошол Апрель окуяларынан кийин Равшан Жээнбеков "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ал Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Депутат кезинде ал партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен пикири келишпей, аны "партия ичинде авторитардык бийлик орнотуп жатат"  деп сынга алган. Дагы бир маалыматтар боюнча Равшан Жээнбеков 2011-жылдын октябрындагы президенттик шайлоого партиянын атынан катышууга ниеттенип, бирок кийин өз алдынча баруу ниетин билдирген.

2012-жылы 18-мартта "Ата Мекен" партиясынын пленумунун жыйынтыгы менен Равшан Жээнбеков "туура эмес жүрүм-туруму жана партиянын идеялык саясатын бөлүшпөгөнү үчүн" деген негизде партиядан чыгарылган. Ошондон кийин ал башка бир “ата мекенчи”, депутат Өмүрбек Абдрахманов менен бирге “Демократ” деп аталган депутаттык топтун курамына киришкен.  

Атамбаевдин-Жээнбековдун заманы

Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин саясатын туруктуу сындаган саясатчылардын бири болду. Ал мындай позициясын дээрлик 6-7 жыл карманды.

2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда ал сөз эркиндигин коргоо комитетинин атынан демократиянын, адам укуктарынын, сөз эркиндигинин маанисин айткан жана бул идеясын туруктуу коргоп келатат.

Равшан Жээнбеков Кой-Таштагы окуяларда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапта сөз сүйлөп, 2019-жылдын 12-декабрда кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ага Алмазбек Атамбаевдин тарапташы катары «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга аракет» беренелери менен айып коюлган. Бул сот иши азыркыга чейин уланууда. Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Алга Кылычев өзүнүн дагы, Равшан Жээнбековдун дагы ал окуя боюнча эч күнөөсү жоктугун билдирди. 

“Чынында Кыргызстандагы сап башындагы ири саясатчылардын бири деп эсептейм. Бул биринчиден. Экинчиден, Сооронбай Жээнбеков жана ага жакын адамдар Равшан Жээнбековго мыйзамсыз куугунтук уюштурушту. Себеби, эгер ошол Кой-Таш окуясы маалында Равшан Жээнбеков, мен, Ирина Карамушкина ошол жерде болбогонубузда, атайын кызматтын аскерлеринен эч кимиси тирүү калмак эмес. Биз алардын жанын сактап, ал жердегилерди мыйзамга чакырып турдук. Ошого карабай шылтоо менен кылмыш ишин козгошту”.

Ошол 2019-жылы декабрдагы камоону Равшан Жээнбековдун өзү саясий оппоненттерге куугунтук катары сыпаттап, ал Кыргызстандагы жакырчылык, акыйкатсыздык, эркин медиага басым, оппозицияга басым сыяктуу маселелерди чечпей турганын илдирген.

Абактан кайрылуу 

2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин Равшан Жээнбеков идеялык жактан демократияны, башкаруунун парламенттик формасын жактоочу, адам укуктарын, эркиндиктерин, эркин сөздү коргоочу катары азыркы бийликти да сындап келген. Бир адамдын – президенттин башкаруусу мамлекеттеги маселелерди толук чече албайт, бул - эркин коомго каршы система болуп эсептелет деген пикирин билдирип жүргөн. 

Формалдуу түрдө Равшан Жээнбеков дагы «Кемпир-Абад ишинин» фигуранты катары камакка алынган.

Ушул аптада ал абактан ачык кат жолдоп, президенттен жана УКМК төрагасынан үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылды. 26-майда анын жубайы Салкынай Алимбаева эки айга - 24-июлга чейин камакка алынды.

Салкынай Алимбаеваны камакка алуу боюнча өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүлөрү келтирген. Алимбаеванын адвокаты Разак Ашимбаев "Азаттыкка" комментарий берип, ага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча айып тагылып жатканын билдирген. Тергөөчүлөр Алимбаевага “коррупция” беренеси менен айып тагышкан, Алимбаеванын өзү күнөөсү жоктугун билдирди.

Анын 90 жаштагы энеси Рахима Алимбаева президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ырайым сурады.

“Айланайын президент балам! Айланайын Камчы! Ушундай акыбалга келтирип койдуңар – мен Баатыр энемин. Сегиз баланы тарбиялап, окутуп, чоңойттум баарын. Күйөө балам Равшанымды камадыңар, Равшанымдан кийин кызымды камадың. Эмне болду ушунчалык?!! Кыргызстанда, кыргыздарда мындай жашоо болгон жок эле го... (13 жаштагы ред.:) кызы жалгыз калды. Бүгүн туулган күнүндө ал кыз ыйлап, ысытма болуп, таң атканча уктабай чыкты. Жанында мен олтурдум ыйлап. Эмне болду, садагаң кетейиндер, мынчалык эмне болду? Кызым саясат менен иши жок эле. Мен 90 жашка келгенде абактан экөө чыгышсын, мага топурак салышсын!.. Садыр балам, ырайым кыл! Камчы балам, ырайым кыл! Силерди да эне, силерди да ата өстүргөн...”

Ишкер Жээнбеков

Равшан Жээнбеков ишкер катары да белгилүү. Ага Бостеридеги "Асыл-Таш" пансионаты, ошондой эле “Некст ТВ” телеканалы, "Алиби" гезити таандык. Аны менен акыркы 5 жылда чогуу иштешип келаткан журналист Өмүрбек Сатаев ага төмөнкүдөй баа берди.

“Равшан Жээнбеков менен акыркы 5 жылдан бери чогуу иштеп келатабыз. Менин оюмча, Равшан, биринчиден, чындыкты айткан, өз позициясына бекем турган, демократиялык баалуулуктарды элге, коомго жеткиргенге аракет кылган саясатчы. Ал бийликке сынды ачык айткандан, каршы чыккандан да коркпойт. Ошол себептен жалпысынан алганда эки жылдан бери камакта отурат. Жакында жубайы дагы камакка алынды. Равшан инсан, адам катары коркпогон, өз оюн ачык айткан, принципиалдуу адам. Адам катары ал дайыма өз сөзүнө бекем турат, убадаларын дайыма аткарат. Принциапиалдуу. Ал өтө билимдүү. Биздин университетти бүтүп, кийин АКШда билим алган. Билими терең. Равшан Жээнбеков менен, кыскача айтканда, чалгынга бара турган мыкты инсан”.

Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Жапырт башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде 20дан ашуун саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.

Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар түзгөн “Кемпир-Абадды коргоо” комитетинин жетекчилеринин бири болгон.

Равшан Жээнбеков азыркы тапта бийлик аларга саясий куугунтук жасап жатат деп эсептейт.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus



Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе


Прямые рейсы в Таиланд неожиданно снимают: стали известны подробности и альтернативы

В Москве пройдет выставка Евгении Васильевой «Между пороком и добродетелью»

Proenza Schouler Pre-Fall 2024

Dior Resort 2025


Max free trial returns just in time for House of the Dragon season 2 this week

Kai Havertz’s fiancee Sophia stuns in see-through outfit on hen weekend as fans say Arsenal star is ‘so lucky’

America’s Space Infrastructure: So Vulnerable It Destabilizes Geopolitics

McDonald's Grimace showed Mets fans what happens when something goes right this season


Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки

Новая технология моделирования ДНК ускорит биомедицинские исследования

Жители Екатеринбурга в День России вывесили баннеры против точечной застройки

Большая часть российских автомобилистов готова перейти на б/у запчасти


MMORPG Tarisland выпустили в Китае раньше времени

Состоялся релиз The Case of the Golden Idol на iOS и Android

Моя Говорящая Кошка 3.2

Real Commando Shooting 3D 6.0



В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

Совместное заявление участников круглого стола, приуроченного ко «Дню защиты прав безвинно осужденных»

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду




Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Группа «Город 312» на концерте в Москве посвятила хит «Останусь» проходящей лечение Ае

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Москва киношная: 115 культовых мест


«Солисты Москвы» выступили в московской больнице в преддверии Дня медицинского работника

Синоптики пообещали москвичам кратковременный дождь и до +27 градусов 15 июня

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду

Спасатели начали поиски двух подростков на реке Урал в Магнитогорске


«ITF решила пойти по пути WTA и ATP, которые давно допускают россиян» — Янчук

Рафаэль Надаль пропустит Уимблдон ради подготовки к Олимпиаде

Испанский теннисист Надаль не сыграет на Уимблдоне

Александрова вышла во второй круг турнира WTA в Хертогенбосе


«Солисты Москвы» выступили в московской больнице в преддверии Дня медицинского работника

Бобруйчанин пожаловался на новый пол соседа - обратился в суд и даже дошел до Москвы. ´МогилевОнлайн´ узнал, почему Москва Бо...

Чиновник Волков обвинил водителей в Коврове в желании нажиться на дорожных ямах

Эксперты увидели риск в концертах певицы Тейлор Свифт для ставки в Англии


Музыкальные новости

Обращения граждан в приёмную депутата ЗСК Виктора Теплякова рассмотрели на комиссии по БДД

Концерт к юбилею Пушкина проведут в Культурном центре «Интеграция» на Саянской

"Как в раю": Джиган и Самойлова исполнили мечту знаменитой "диско-бабушки" из Коми

Фестиваль «Гений места», посвященный Игорю Стравинскому, откроется в Ораниенбауме 15 июня



«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

Совместное заявление участников круглого стола, приуроченного ко «Дню защиты прав безвинно осужденных»

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России


Концерт к юбилею Пушкина проведут в Культурном центре «Интеграция» на Саянской

Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе

В Fortnite прибудет группа Metallica и новый режим

LG ДЕМОНСТРИРУЕТ ПРОФЕССИОНАЛЬНЫЕ ДИСПЛЕИ С УЛУЧШЕННЫМИ ВОЗМОЖНОСТЯМИ ИСКУССТВЕННОГО ИНТЕЛЛЕКТА НА ВЫСТАВКЕ INFOCOMM 2024


Автоинспекторы нашли пистолет с патронами у пассажира такси в центре Москвы

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали граждан, подозреваемых в совершении грабежа

Виновник сделал вид, что ни при чем: что известно о смертельном ДТП в Благовещенске

Расписание движения пригородных поездов СЗППК изменится с 11 по 12 июня 2024 года


Путин приехал на Смоленскую площадь для встречи с руководством МИД РФ

Путин: если Киев откажется от переговоров, новые условия России будут другими

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: признание Нато надо применить!

Путин: Москва поддерживает идею о разработке хартии многообразия в XXI веке





Завершилась первая цикловая встреча региональных руководителей компании AlfaBiom

«Солисты Москвы» выступили в московской больнице в преддверии Дня медицинского работника

В Москве при побеге от родителей невесты молодой человек сломал позвоночник

Около 100 сотрудников подмосковного главка Росгвардии приняли участие в донорской акции «От сердца к сердцу»


США обязаны передать Киеву "эскадрильи истребителей", заявил Зеленский

Зеленский: США передадут Киеву новые ЗРК Patriot и «эскадрильи истребителей»


Баскетболисты пойдут кругами // Единая лига ВТБ пересмотрела формат проведения чемпионата

Резидент «Инсайт Люди» Дмитрий Зубов 12 июня установил мировой рекорд по чеканке мяча в «Лахта Центре»

В Москве вручили премию МУЗ-ТВ — 2024

ЕВРО-2024: большой футбол ждет слушателей «Авторадио»


Пашинян предложил Лукашенко извиниться перед армянами из-за слов про Карабах. Что на это ответили в Белоруссии?

Пашинян видит Армению в ОДКБ лишь при выходе Белоруссии или извинениях Лукашенко

Видео: Истерика в Ереване: Пашинян против Лукашенко

За что Лукашенко должен извиняться перед Арменией?



Собянин: Москвичи взяли четыре медали на международной олимпиаде по биологии

Собянин: Более пяти тысяч семей в СВАО получили новые квартиры по реновации

Собянин: Объем закупок у малого бизнеса с 2024 года составил почти 227 миллиардов

Собянин сообщил об открытии «Домиков добра» для сбора гуманитарной помощи


Составлен ТОП-3 регионов-лидеров по числу пунктов приема вторсырья

Призыв лидера движения «Всеармянский фронт» оказать помощь пострадавшим после наводнения

Мордовия демонстрирует достижения в сфере туризма на российском форуме «Путешествуй!»

«Москва 24»: при сборе грибов следует ориентироваться на запах и окрас, чтобы не положить в корзину несъедобные


Эксперты увидели риск в концертах певицы Тейлор Свифт для ставки в Англии

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду

Спасатели начали поиски двух подростков на реке Урал в Магнитогорске

Жалобонакатный станок: как учителям защищать свои права


Архангелогородцев и гостей города приглашают посетить мероприятия фестиваля «Гармоничная Россия»

30 лет назад в Архангельске открылась первая на Северо-Западе школа «Диабет»

Стало известны победили в шоу "Сокровища императора"

Больше 90 тысяч жителей Архангельской области являются донорами


В Крыму хотят создать профессиональную хоккейную команду

Севастополь появился на вышитой карте Крыма

Музыкально-поэтический вечер «Жизнь не кончена, песня не спета»

Выступлением самарских артистов в Крыму открылся масштабный Фестиваль, посвященный 225-летию со дня рождения А.С. Пушкина


Спасатели начали поиски двух подростков на реке Урал в Магнитогорске

В Мурманске стартовала межрегиональная мастерская АСПИР

Оптимизация медицины. Хирург рассказал о том как врачи-южане калечат и убивают своих пациентов.

Бронирование отелей в России: экономическая выгода и разнообразие предложений












Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Бьянка Андрееску

Бьянка Андрееску: «Мне нравится, что на траве, поскольку она намного быстрее грунте, меньше времени на раздумья»






В Москве пенсионер потерял почти 13 млн рублей, поговорив с мошенниками

Эксперты увидели риск в концертах певицы Тейлор Свифт для ставки в Англии

«Солисты Москвы» выступили в московской больнице в преддверии Дня медицинского работника

Бобруйчанин пожаловался на новый пол соседа - обратился в суд и даже дошел до Москвы. ´МогилевОнлайн´ узнал, почему Москва Бо...