Санкцияга кабылып калбаш үчүн Казакстандын, Армениянын жана Гонконгдун банктары Орусияга жөнөтүлө турган электроника товарларына төлөмдөрдү кабыл албай жатат. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, банктар сервер, микросхема, процессор жана башка электроника үчүн жасалган төлөмдөрдү бөгөттөй баштады. Банктардын жетекчилиги АКШнын санкцияларына кабылбаш үчүн ушундай кадамга барууда. Кошмо Штаттар орус компанияларына каржылык кызмат же жардам көрсөткөн финансы мекемелерине санкция саларын эскерткен.
Басылмага комментарий берген "Оптмалог" логистикалык компаниясынын башчысы Георгий Властопуло билдиргендей, банктардын бул кадамынан улам орус базарында электрониканын таңкыстыгы пайда болот.
Учурда Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 11-айлампасын даярдап жатат. Ага Кытай, Армения жана Бириккен Араб Эмираттарындагы компаниялар да кириши мүмкүн экени маалымдалган. Брюссель эсептегендей, бул фирмалардын продукциялары курал-жабдык чыгарууда колдонулушу ыктымал. Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал биримдиктеги өлкөлөр менен Борбор Азиянын ортосундагы товар сатуу 300% өскөнүн белгилеп, Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жол бербөө маселесин койгон.
Май айында АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген, алардан тышкары Армениянын бир, Кыргызстандын бир компаниясына санкция салынган.
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!
В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.