Кыргызстандын парламенти бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жарата турган репрессивдүү мыйзам долбоорун артка кайтарыш керек. Бул тууралуу Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму 9-июнда тараткан билдирүүдө айтылды.
"Мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу, ой-пикирин эркин билдирүү укуктарын чектеп, ал тургай айрым учурларда бейөкмөт уюмдар менен алардын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоо менен адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келбейт. Мыйзам долбоору Кыргызстандын активдүү жарандык коому үчүн олуттуу коркунуч туудурат жана ал артка кайтарылышы керек", - деди эл аралык уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева. Ал ошондой эле бул мыйзам кабыл алынса Кыргызстандын эл аралык аброюна олуттуу шек келерин кошумчалады.
HRW ошондой эле Евробиримдикти, АКШ жана Бириккен Улуттар Уюмун мыйзам долбоорунун тескери кесепеттери тууралуу тынчсыздануусун ачык билдирүүгө чакырды. Эгерде парламент кабыл алып калса, президент Садыр Жапаровду мыйзамга кол койбоого чакырууга үндөдү.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган. Документ парламенттин тармактык комитетине биринчи окууга качан киргизилет азырынча белгисиз.
Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылы 21-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган.
Анда “чет элдик өкүлдүн функциясын аткаруучу бейөкмөт уюмдар” деген категория киргизилип, бир катар милдеттер жана талаптар жазылган. Ал талаптар аткарылбаса уюм жабылып калышы ыктымал. “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму бул долбоор Орусиянын “чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамынан дээрлик сөзмө-сөз көчүрүлүп алынганын аныктап чыккан.
Укук коргоо уюмдары коммерциялык эмес уюмдар ансыз деле башкалар сыяктуу мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, бул демилге бийликти сындагандарды басуу үчүн колдонула турган механизмге айланышы ыктымалдыгын белгилеп келишет.
Стартовал ремонт 25 км трассы Нижний Новгород – Великий Устюг в Костромской области
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Правительство РФ направило дополнительные средства на завершение строительства трассы Гузерипль – плато Лагонаки в Адыгее
На высадившего из машины ветеранов СВО таксиста с тверскими номерами завели уголовное дело
Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Незаконный гаражный тент демонтировали и освободили парковку в СЗАО
Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: какие бьюти-средства должны быть в идеальной косметичке для путешествий
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Соцфонд с начала года обеспечил техническими средствами реабилитации 13,6 тыс. детей с инвалидностью
В Московской области росгвардейцы задержали подозреваемого в умышленном причинении тяжкого вреда здоровью
Клиника «Евроонко» в Нижнем Новгороде начинает регулярный прием пациентов