Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, эски аянтта окулган айт намазага кирип бараткандарды текшерип өткөрүү бекеттеринин биринен газ менен иштеген травматикалык тапанча алып өтүп бараткан 1990-жылы туулган Э. А. аттуу жаран кармалды.
Бул факт мыйзам бузуу катары каттоого алынып, шектүү милиция пунктуна жеткирилди.
Алгачкы маалымат боюнча аталган жарандын тапанчаны сактоого гана уруксаты болгон. Окуянын чоо-жайы андан ары териштирилүүдө.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Айбарчын Батырбекованын маалыматында бүгүнкү борбор шаардагы айт намазга жалпысынан 25 миңдей адам катышты. Коопсуздукту эки миңдей милиция кызматкери камсыздаганы айтылууда.
Бүгүн, 28-июнда Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы аянтында Курман айтка карата намазга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана ошондой эле шаар тургундары катышкан.
Былтыр - 2022-жылдын 7-июлунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Бишкекте Курман айт намазы маалында террордук акт жасоого ниеттенген деген шек менен чет элдик эки адамды кармаганы кабарланган. Муну менен катар эле эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүнө жардам берген деген жүйө менен Кыргызстандын жарандары да камалган. Кармалган чет элдиктер Сириядан жасалма паспорт менен келишкени айтылан. Атайын кызмат алардын Сириядагы согуш талааларында кыйраткыч-террордук даярдыктан өткөнүн жана ага айныксыз далилдер бар экенин билдирген.
В Туле перевозчиков будут штрафовать за высадку из транспорта инвалидов I группы
Яд в бульоне. Врач объяснила, из каких съедобных грибов не стоит варить суп
["Кони привередливые"] "Коней на переправе меняют": Москва развернула нефтяные танкеры у Нью-Дели, наконец проявив решительность, которую не ожидали даже в Вашингтоне. "Дружба-дружбой, а табачок..."
News24: президента ЮАР Рамафосу переизбрали на новый срок
Николай Цискаридзе представит в Кремле выпускные концерты Академии Русского балета
«Он приехал за мной в клуб. И всё, с этого момента мы начали жить вместе». Оксана Самойлова рассказала о знакомстве с Джиганом в эфире «Шоу Воли» на ТНТ
Топ-5 самых обсуждаемых, громких и неожиданных выступлений на VK Fest — Баста, INSTASAMKA, Лолита, Полина Гагарина и Сергей Лазарев
На «САМ.ФЕСТ» в Самаре выступили Вячеслав Бутусов и Пелагея