Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

"Шинжаңда кыргыз, казак, уйгурларды мажбурлап кытайлаштыруу жүрүүдө"

0

2017-жылдын этегинен тарта расмий Бээжин Кытайдын түндүк батышындагы Шинжаң Уйгур автоном району (ШУАР) аймагында Бээжиндин тили менен айтканда "терроризмге жана экстремизмге келишкис сокку” ура баштаган. Эл аралык уюмдар бул аймактагы уйгурлардын, кыргыздардын, казактардын жана башка түрк тилдүү элдердин өкүлдөрүнүн (жалпысынан миллиондон ашуун кишинин) лагерлерге камалганын байма-бай жарыялап келе жатат.

Быйыл августтун этегинде Кытайдын лидери Си Цзиньпин Шинжаңга барганда «исламды кытайлаштыруу» тууралуу айткан. Ага удаа эле эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" уюму билдирүү таратып, Бээжиндин саясатын “адамзатка каршы кылмышка теңеп”, мусулмандардын укуктарын тебелеп жатканын кайра эске салды.

"Хьюман Райтс Вотч" уюму кыйтай өкмөтү Шинжаңда саясий идеялогияны сиңирүү үчүн жергиликтүү үй-бүлөлөргө кытай эркектерин таңуулап киргизип берип жатканын, түрк тилдүү калктарды кытайлар менен мажбурлап аралаштыруу (ассимиляция)саясаты күчөгөнүн белгилейт.

"Азаттык" эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун Азия программасынын директору, Шинжаң боюнча адис Майя Ванг айымды кепке тартып, аймактагы кырдаалды сурады. 

- Жаңы баяндамада Шинжаңда жергиликтүү калкты кытайлар менен мажбурлап аралаштыруу же аларга жуурулуштуруу саясаты жайылды деп айтылат. Бул аймактын түпкүлүктүү калкы үчүн канчалык коркунучтуу?

- Бул Кытайдын бийликтеринин өлкөдөгү ханзу эмес этностук топтордун, башка динди тутунган калктын укуктарын кандайча басмырлап жатканынын айкын мисалы. Өзүңүз билгендей, башка улуттарга карата Бээжин узак убакыт бою советтик моделди колдонуп келген. Тактап айтканда, түрдүү этносторго өз тилин үйрөнүп, салт-санаасын кармансын деген өндүү чектелген мүмкүнчүлүк берилген.

Эми бул идея түп-тамырынан алмашты. Азыркы кытай бийлигиндеги жогорку даражалуу аткаминерлер арасында этностук топтордун экинчи муунун тарбиялоо саясаты же мажбурлап жуурулуштуруу (ассимиляция) деген саясат жүрүүдө.

Мамлекеттик бул идея – мурдагыдай советтик саясаттын моделинде этностук топтордун, улуттук азчылыктардын өз алдынча жашаганы – Кытайдын бир улут саясаты үчүн көйгөй болуп саналат. Андыктан азыркы саясат аймактагы ар кайсы улуттарды кытай тилин окууга, кытай маданиятын таанууга мажбурлап, аны менен катар эле ал элдердин өздөрүнүн маданий жана этностук иденттүүлүгүн жоюуда.

Уйгурлардын жана Шинжаңдагы башка улуттардын жашоосу кандай өзгөрүп жатканын элестетсеңиз. Алар кадимки күндөлүк турмушта ханзуча (кытайча) окуп, жазып, ойлонуп, алака-катышын кытайлар сыяктуу жүргүзүшү керек.

Бул саясатты ишке ашырууда Шинжаңдагы түпкү калайыкты ханзуларга мажбурлап жуурулуштуруу жүрүмү чектен чыккан чаралар менен коштолууда. Анткени бул аймактагы түрк тилдүү элдер салт-санаасы, туткан дини жагынан келгин ханзулардан кескин айырмаланат. Мындай тажрыйба Тибетте, Ички Монголияда да жүзөгө ашырылууда.

- Бишкекке көчүп келген кытайлык кыргыздардын кызы Шинжаңдагы тааныштары жана туугандары келгин ханзулар менен бир чатыр астында аралаш тиричилик кылып калганын, же үй-бүлөлөр аларга "бекитилген" ханзу эркектер менен чогуу коомдук жайларда жүргөнүн "ТикТок" каналындагы ар кыл видео тасмалардан көргөнүн айтты.

- Ма Синжуй башында турган Кытай Компартиясынын Шинжаңдагы жогорку жетекчилигинин жаңы аппараты түрк тилдүү мусулмандарды мажбурлап ассимиляциялаштырууну аймактын саясатынын чордонуна коёт. Алар “бирге” деп атаган саясий багыт “чогуу болуп, анын жыргалын чогуу көрөлү” деген эки маанини тең камтыйт.

Иш жүзүндө бийликтер мамлекеттик майда аткаминерлерди жергиликтүү үй-бүлөлөргө таңуулап киргизип, аларды бир чатыр алдында жашатат. Анын максаты - жергиликтүү элдин жашоо-турмушуна үзгүлтүксүз көз салуу жана коммунисттик идеологияны кишилердин мээсине сиңирүү.

Кытай бийлиги улут аралык никени белгилүү бир деңгээлде кубаттайт. Мамлекеттик саясат этностук топторду бириктирип, алардын жалпы бир багытка сүрөйт. Шинжаңга келгенде түрк тилдүү мусулмандарды ханзулаштыруу, өлкөдөгү негизги улутка баш ийдирүү үчүн качандыр бир маалда аракет башталмак. Бул, теориялык жактан алганда, ыктыярдуу жуурулуштуруу (ассимиляция) укугу болуп саналат. Ал эми турмушта - күчкө салып мажбурлоо түрүн алууда.

Иш жүзүндө Шинжаңдын карапайым тургуну үйүнө келген чоочун кишини “жок” деп киргизбей коё албайт, антсе ал абакка түшүп, же дагы бир балакетке кабылат. Ансыз дагы азыр аймактагы үй-бүлөлөргө бүлүк түшүп, башына кара булут айланып турат. Үй-бүлөлөрдүн жарымы түрмөгө түшүп же абакта жок болгон маалда алар баарынан коркушат.

Адатта бийлик дайындаган киши жергиликтүү үй-бүлөлөргө келип-кетип, белек-бечкек берип турат. Расмий жарыяланган сүрөт-видеолорду көрсөңөр, алар жергиликтүүлөргө кытай тилин үйрөтүп, өлкөнүн мыйзамдарынын маани-маңызын түшүндүрүп, мамлекеттик гимнди ырдаганды үйрөтүп жүргөнүн байкайсыз.

Ошондой эле алар талаада же чарбада кантип ар кыл технологияны, шаймандарды колдонууну устат катары үйрөтүп, кол кабыш кылып жүргөнүн көрөсүң. Аймактын бийлиги бул ыкманы "өлкөдөгү жакырчылык менен күрөш же элдин турмуш-шартын оңдоо" деп шардана кылып келет.

Ал эми чыныгы жагдай - таптакыр башкача. Маселен, мен түрк тилдүү үй-бүлөлөрдөн интервью алганда, алар чоочун кишилер келип-кеткен сайын, "биз тууралуу дагы эмнени билип кетти болду экен, мен дагы абакка айдалып кетпеймби", - деп катуу коркушаарын айтышты.

Кыскасы, мажбурлап жуурулуштуруу - жергиликтүү үй-бүлөлөрдүн жүрөгүн алып койгон аракет. Айрым учурларда чоочун эркектер үй-бүлөлөрдө такай жашап калган учурлар да бар. Мамлекеттик ураан - "чогуу жашоо, чогуу тамактануу жана чогуу эмгектенүү".

Мындай ураан алдында аял-эркек бир үйдө чогуу жашаганы айрыкча ал үйдөгү кыз-келиндерди боор ооругандай жагдайга кептейт.

Ал эми расмий саясатка келсек, “бир үй-бүлө” программасында мындай аялуу жагдайлар тууралуу эч бир ишарат да сезилбейт. Иш жүзүндө бул милдеттүү программа аткаминерлер менен жергиликтү үй-бүлөлөрдүн ортосундагы ажырым канчалык тереңдеп баратканын көрсөтөт.

- Сиздин уюмдун баяндамасында расмий Бээжиндин дагы бир катаал саясаты - мамлекеттик дин саясаты деп белгиленген экен. "Динди кытайлаштыруу" же Коммунисттик партиянын нугуна салуу кандайча ишке ашат?

- Бээжиндин азыркы саясаты диний эркиндикке келгенде мурдагыдан алда канча катаалдашты. Кытайда беш дин расмий таанылган, анын бири - ислам. Бирок сиз динди бийлик бекиткен эрежеге ылайык, белгиленген жерлерде гана тута аласыз. Мечиттер бийликтин уруксаты менен ачылган жана ал мечиттерде атайын дайындалган имамдар гана иш жүргүзөт.

Мисалы, бир нече жыл мурун Коммунисттик партиянын Шинжаңдагы аймактык катчысы Ма Синжуй Кытайда динди кытайлаштыруу зарыл деген маселени көтөргөн. Бул - динди социалисттик баалуулуктарга ылайыкташтыруу дегенди туюндурат. Мында дин саясатын Компартия тыкыр көзөмөлүнө алат. Демек, дин туткандардын үстүнөн көзөмөл Бээжин бекиткен жаңы эрежелер менен ого бетер күчөйт. Кытай бийлиги аймакта көптөгөн мечиттерди жок кылган, бул жүрүм азыр дагы уланууда.

Шинжаңда кармалгандардын көбү - имамдар, динди мамлекет бекиткен эреже менен тараткандар. Атайын программа менен дин тааныткандар дагы камакка түштү. Ошондой эле белгиленген жайлардан башка жерде намаз окугандар же диний жөрөлгөлөрдү ишке ашыргандар дагы камалган.

Кысым, көзөмөл күчөгөнү аз келгенсип, Кытай бийлиги исламды, Куранды социалисттик баалуулуктарга төп келгидей чечмелеп, мусулмандарды Коммунисттик партиянын микроскобунан өткөрүүдө.

Ошентип, Бээжин дин аркылуу Компартияга сый-урмат, Кытай мамлекетин сүйүү сезимин өрчүтүп, динди бир улуттуу улуу мамлекетке кызмат кылуунун куралына айлантууда.

Ооба, Коммунистик партиянын көзөмөлүндө алар мусулман же диний жамаат болуп жашай берет. Бирок ошол эле маалда Кытайдын мыйзамын бузбагандар деле азапка кабылып, түрмөгө түшүп жатпайбы.

Телефондо кайсы бир тиркемени колдонгондук же Түркияга барып келгендик - кылмышпы? Жок. Мыйзам ага жол берет. Андыктан Шинжаңда азыр элдин башы айланып, эмне кыларын билбей калды.

Мечитке барса болобу? Ооба. Намаз окуса болобу? Ооба, ага уруксат. Орозо кармаса болобу? Болот. Мунун баарына уруксат бар. Ажылыкка барчулардын тизмесин бийлик өзү бекитет.

Бирок анда эмне үчүн коңшусунун тажыясына барганы үчүн же намаз үчүн жапырт камалгандар бар? Алар эч кандай мыйзам бузган эмес болчу да!..

- Азчылыктар улуттук жана маданий кимдигин (иденттүүлүгүн) сактап кала алабы? Бир нече он жылдыктан кийин Шинжаңда түрк тилдүүлөр жапырт кытайлашып кетпейби?

- Чындап ошондой коркунуч бар. Кытай бийлигинин саясаты, аны күчкө салып ишке ашырып жатканы ошол маданий ассимиляцияга барып такалат. Тил жагынан алганда, дин тутууга келгенде өкмөт былк эттирбей көзөмөлдөп турат. Эми кайсы бир деңгээлге чейин иденттүүлүк сакталып турса керек, бирок алар бара-бара азайып отуруп, ханзуларга аралашып кетет.

Өзүңүздөр билгендей, Кытайдагы айрым этностук топтор, атап айтсак, дунгандар (хуэйзу) кытайларга дээрлик жуурулушуп кеткен. Алар көп жагынан ханзулардын өздөрүнө окшош, бир айырмасы - ислам динин тутуп келишет.

Кытай өкмөтү мындагы дунгандарга басымын ого бетер күчөтүүдө, анткени алар мусулманчылыкты карманганы үчүн соңку жылдары, мен жогоруда айткандай, өзгөчө катаал кысымга кабылышты.

Ал эми уйгурлар, кыргыздар, казактар үчүн репрессиянын капканы андан да каардуу. Анткени алар жалпы ханзулардан кескин айырмаланышат. Бээжиндин мындай өкүмзор саясаты башка этностук топторду да бутага алып жатканы талашсыз.

Ондогон жылдардан кийин, эки муун өткөн соң, этностук кимдиктин (иденттүүлүктүн) өзгөчө белгилери жоголуп, чакан этностор жалпы ханзуларга жуурулушуп кетиши ыктымал.

Азыркы саясатка ылайык, эгерде ата-эне кайра тарбиялоочу лагерлерге түшүп калса, анда мындай үй-бүлөлөрдөгү жаш балдарды мамлекеттик балдар үйүнө алып кетишет. Андай балдар үйлөрүндө жана мамлекеттик мектептерде мандарин тилинде (б.а. Кытайдагы стандарттык ханзу тилинде) гана сүйлөө талап кылынат да, балдардын өз эне тилинде сүйлөшүнө уруксат берилбейт.

Демек, мындай жайларда чоңоюп, эс тарткан балдар өз элинин маданиятын билмек тургай, эне тилинде сүйлөй албай да калат. Ошентип, Кытай өкмөтү мындай балдарды маданий, диний тамырынан ажыратып салат. Каардуу репрессиянын капшабы менен Шинжаңда ойчулдар, айдыңдар, акын-жазуучулар, агартуучулар кайра тарбиялоочу лагерлерге айдалган.

- Сиз айткандай, Шинжаңдан чыккан айдыңдар (интеллектуалдар), илимпоздор дагы репрессиянын чеңгелине түшүп атканы тууралуу маалыматыбыз бар. Мисалы, бери дегенде эки таанымал кыргыз илимпоздун тагдыры белгисиз.

- Кытайдын бул аймагы узактан бери эле катуу көзөмөлдө болгонун эстен чыгарбасаңыз. Андыктан ал жакта жашаган элдерде улуттун эне тилин жана иденттүүлүгүн өнүктүрүү эркиндиги болгон эмес.

Азыркы репрессия оболу чыгармачыл көрөңгөсү барларды да бутага алып, аларды бир нече жылдап абакка салды. Репрессия маалында карапайым киши орто эсеп менен 12 жылга кесилсе, айдыңдарга андан да көп мөөнөт берилет. Мен ушундаай кырдаалды "муундун жоголушу" деп баалаар элем.

Бул жүрүмдү өз алдынча, өз элинин тагдыры тууралуу уникалдуу ойлонгондорду, Коммунисттик партиянын саясий нугунан айырмаланган көз карашты туткандарды жок кылуу жүрүмү деп түшүнсө болот. Анын кесепети бүтүндөй бир элдин жок болуп кетүүсүнө туш кылат.

Шинжаң аймагы – байыркы элдердин, эзелки цивилизациянын очогу болгон. Бул репрессиянын айынан аймактагы көп элдер, жергиликтүү цивилизаци мурасы түп-тамырынан жок болушу ажеп эмес.

- Бээжин Борбор Азиядагы өлкөлөргө эң бараандуу инвестор экени маалым. Шинжаңдагы кандаштарынын репрессияга кабылып жатканына постсоветтик коңшу өлкөлөр көз жумду мамилесин уланта береби?

- Борбордук Азиянын көпчүлүк постсоветтик өлкөлөрдүн бийликтери өздөрү авторитардык түзүлүштү орноткондугу белгилүү. Кытайдагы боордошторун карамак тургай, алардын көбү өз өлкөсүндөгүлөрдүн камын көрүүнүн машакатын тартууда. Ага кошумча болуп, Кытай өкмөтү чындап эле бул Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн башкаруучу элитасын ар кандай айла-амал, схемалар аркылуу арбап алган.

Борбор Азияда бул көйгөйдү көтөрүп, чек аранын ары жагындагы боордошторун ойлогондор, албетте, бар.

Бирок өз калкын ушунчалык тебелеп-тепсеп жаткан Кытай өкмөтүнө ишенсе болобу? Ал өлкөдөгү дүйнө таанымы - күч менен укуктун өз ара тиреши менен чийеленген. Коммунисттик партия "кимде-ким Бээжиндин таасиринде болбосун, кандай көз карашта экенине карабай аны эртедир-кечтир идеологиябызга баш ийдиребиз" деген максатта чечимдер кабыл алат.

Андыктан Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн азыркы турумун алсак, келечекте Бээжин менен өтө тыгыз карым-катнашынын айынан бул чөлкөм туш келчү жагдай катаал жооп менен коштолушу ажеп эмес.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus



Ежегодная церемония вручения Всероссийской премии Евгения Зубова прошла в библиотеке Видного

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 308,9 тысячи детей в Московской области получают единое пособие

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Соцфонд выдал проактивно 3,2 млн сертификатов на материнский капитал

Профилактический рейд по противопожарной безопасности прошел сегодня в Ленинском округе


Уход за кожей летом: мнение эксперта

Комплект зубных щеток для детей Revyline S4800 "Чебурашка" появился в филиале бренда в Уфе

Купаться надо уметь: правила, которые сохранят вам жизнь

«В девять лет я уже был очень любвеобильным». Актер Михаил Богдасаров вспомнил детство в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3  


What If You Spent 5 Seconds in the Mariana Trench

Big 12 commissioner Brett Yormark addresses Arizona Board of Regents, asks for continued investment in athletics

Panthers take Game 1 of Stanley Cup Final as Sergei Bobrovsky shuts out Oilers

Watch awkward moment baffled French Open teen is ‘teleported’ into Eurosport studio for live TV interview


Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Соцфонд выдал проактивно 3,2 млн сертификатов на материнский капитал

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70

Мост в Нагатинском затоне соединил берега

В Шебекино подорвались на мине трое бойцов самообороны и оператор “России-24”


Мафия-НН: Все в сборе, правила с тревогой выслушаны, роли прочитаны, и сразу же в бой!

Life is Strange: Double Exposure продолжит историю Макс Колфилд

Take a mystery lover's holiday by solving crime on the Italian Riviera in On Your Tail

В новом трейлере Indiana Jones and the Great Circle Индиана спускается на корабле с горы


Досвідчені садівники обирають великі технічні горщики для своїх рослин і квітів


Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 308,9 тысячи детей в Московской области получают единое пособие

Парадоксы двойного стандарта

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Соцфонд выдал проактивно 3,2 млн сертификатов на материнский капитал

"СВЯТОЙ ЛЕНИН: сенсация о прогнозах направит Америку и Европу творить добро?!




Ежегодная церемония вручения Всероссийской премии Евгения Зубова прошла в библиотеке Видного

Суд назначил девять лет колонии бывшему главному коммунальщику Минобороны РФ

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 308,9 тысячи детей в Московской области получают единое пособие

Эксперты рассказали о ценах на новое жилье в российских мегаполисах


Песков сообщил, что Путин 11 июня проведет встречу с главой МИД Турции Фиданом

Терапевт из Подмосковья купила жилье благодаря «Социальной ипотеке»

Заммэра Сергунина пригласила москвичей и туристов на программу в честь Дня России

Новое производство по пошиву одежды появится в районе Южное Медведково


В России заговорили о Елене Рыбакиной после смены теннисисткой гражданства

Ига Свентек в четвертый раз выиграла Открытый чемпионат Франции по теннису

Испанец Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

Итальянский теннисист Синнер стал лучшей ракеткой мира в рейтинге ATP


Песков сообщил, что Путин 11 июня проведет встречу с главой МИД Турции Фиданом

Заммэра Сергунина пригласила москвичей и туристов на программу в честь Дня России

Названы обладатели театральной премии «Хрустальная Турандот»

Вместо японских палочек — кишечная: чем можно заразиться через суши и роллы


Музыкальные новости

Басте пришлось идти пешком по Октябрьскому мосту после конфликта с гаишниками

Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»

В Саратове перенесли концерт певицы Доры

VK Fest в Красноярске принял 19 тысяч гостей



Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 308,9 тысячи детей в Московской области получают единое пособие

"СВЯТОЙ ЛЕНИН: сенсация о прогнозах направит Америку и Европу творить добро?!

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Соцфонд выдал проактивно 3,2 млн сертификатов на материнский капитал

2014 • «Лёд и Пламя» приглашает на турнир 7-8 сентября 2024 г юношей 2014 г.р. «Орион-Технопул» Московская область г.Балашиха


«В девять лет я уже был очень любвеобильным». Актер Михаил Богдасаров вспомнил детство в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3  

Легкоатлетка Тангара назвала кринжем участие Бузовой в забеге на Никольской

"Евро-Футбол.Ру": "Спартак" летом купит форварда только в случае ухода Соболева

В Туле завершился V этап культурно-просветительского проекта «Классика: история и современность»


Сотрудники Росгвардии оказали первую помощь пострадавшей в ДТП девушке в Москве

Игорь Рыбаков купил 88 га земли на Ильинском шоссе у ГК «Галс-Девелопмент»

Грузовик загорелся на Каширском шоссе

В Москве отреставрирован музейный автобус "Турист" Львовского завода


Песков: Путин сегодня проведет рабочую встречу с главой МИД Турции Фиданом

Посол Крутой: Путин и Лукашенко поручили решить вопрос отмены роуминга к декабрю

Было две даты переворота: Хазин рассказал о провале бунта элиты против Путина

О важности решения об индексации пенсий работающим пенсионерам





Врачи из региональных медучреждений положительно оценили столичные ИИ-сервисы

УЗИ и КТ при диагностике урологических заболеваний: что выбрать

Рия Горбунова развеяла популярные мифы о уходе за кожей

Спортсменки из Пскова привезли два «серебра» с соревнований по джампинг-фитнесу в Москве


В чем успех визита Зеленского во Францию и почему надо брать Mirage 2000


Прославленный вратарь Икер Касильяс присоединился к кампании Hisense «Ставшие легендой» в поддержку УЕФА ЕВРО 2024™

Московские школьники завоевали медали на Азиатской физической олимпиаде

Турнир по рукопашному бою в Солнечногорске собрал 250 спортсменов

"Евро-Футбол.Ру": "Спартак" летом купит форварда только в случае ухода Соболева


Минск подтвердил готовность наращивать сотрудничество с Баку

Рабочий визит в Республику Беларусь совершил воронежский губернатор

Стало известно, о чём беседовал Александр Гусев с президентом Беларуси в Минске



Собянин рассказал о волонтерском движении Москвы

Собянин рассказал о развитии Москвы на ПМЭФ   

Собянин рассказал о развитии столичного района Мнёвниковская пойма

Сергей Собянин. Главное за день


Ученый РАН: вероятность возникновения торнадо в Подмосковье выше, чем в Москве

В Мытищах прошла акция по очистке лесной территории

Кубань вошла в топ-10 регионов с наибольшими эффектами от реализации проектов до 2035 года

Жителям Подмосковья рассказали о лесопожарной обстановке в лесах на 11–13 июня


МИД России объяснил приостановку работы над договором о сотрудничестве с Ираном

Москва и Тегеран не будут подписывать договор о сотрудничестве до выборов в Иране

Заммэра Сергунина пригласила москвичей и туристов на программу в честь Дня России

Вместо японских палочек — кишечная: чем можно заразиться через суши и роллы


Мастер и Принцесса: в «Архангельском» вручили «Хрустальную Турандот»

В Архангельске пройдет IV Межрегиональный фестиваль национальных культур «Гармоничная Россия»

В Архангельске прошёл межрегиональный теннисный турнир «Белое море»

На следующей неделе в Архангельске стартует межрегиональный фестиваль «Сияние»


Гражданско-патриотический час: «История России от истоков до наших дней».

Выставка-галерея «России славной имена»

Полиция ищет пассажира, упавшего на ребенка с верхней полки

В районе Симферополя появится крупный жилой микрорайон - ЖК "Республика"


В Гагаринском районе демонтировали незаконную пристройку у ресторана

Ни «зебры», ни главной дороги — как бы вы разъехались в этом случае

«Найти и удержать: пять дискуссий о маркетинге». 18 июня состоится бесплатная онлайн-конференция от Mindbox

Жители Нижнего Новгорода смогут посетить выставку «Вселенная BRICS»












Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Мария Шарапова

Мирра Андреева может стать новой Марией Шараповой






Суд назначил девять лет колонии бывшему главному коммунальщику Минобороны РФ

В МИЦ «Известия» обсуждают новые возможности лечения орфанных заболеваний. Трансляция

Жители Нижнего Новгорода смогут посетить выставку «Вселенная BRICS»

С 07 по 09 июня 2024 года в Многофункциональном социальном комплексе "Восход" городского округа Химки состоялся открытый Чемпионат городского округа Химки по шахматам