Жашы жете электерди зордуктаганы үчүн соттолгон кылмышкерлерге пробация ыкмасын колдонууга тыюу салуу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда кабыл алынганын, эми аны экинчи жана үчүнчү окууда чукул карап, кабыл алуу керектигин бүгүн 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев билдирди.
Акаев Жогорку соттун жана Пробация департаментинин маалыматына таянып билдиргендей, 2022-жылдын башынан бери 16 жашка чыга электер менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге барган, жашы жете электерди зордуктаган 88 адам абактан пробация менен бошонуп кеткен:
“Эки жылга жетпеген убакыт ичинде 88 адам. Зордуктоо боюнча беш берене менен бошогондор 100дөн ашыптыр. Бир фактыны айтсам үрөйүңөр учат – пробация менен чыгып кеткен киши мурда зордуктаган секелекке кайра барып зордуктап, кайра боюна болуптур. Соттор мыйзамдан ушундай жылчыкчаларды таап алышкан экен. 16 жашка чыга электерди зордуктаганы үчүн соттолгондорго карата пробация иштебеши керек. Алар оор жазага тартылган боюнча түрмөдөн бошонушуна бүт жагынан бөгөт коюшубуз зарыл”.
Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын өз кайрылуусунда былтыр мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирген. Ал келтирген маалыматка караганда, 2021-жылы 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган, ур-токмокко алынган 264 балага коргонуу ордери берилген. Мамкатчы билдиргендей, 2022-2026-жылдары балдарды коргоо боюнча программанын негизги максаты – балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатындагы укук-ченемдик базаны өркүндөтүү. (RK)
Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".
"Святой Ленин" спасает мир и возглавляет "восстание ИИ машин... хороших по существу". 8 серия, СЕРЬЁЗНЫЕ НОВОСТИ.
Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: какие бьюти-средства должны быть в идеальной косметичке для путешествий
Самые безопасные для аллергиков округа Москвы
Клиника «Евроонко» в Нижнем Новгороде начинает регулярный прием пациентов
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Соцфонд с начала года обеспечил техническими средствами реабилитации 13,6 тыс. детей с инвалидностью