28-сентябрда Жогорку Кеңеш “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз эле колдоду. Документти парламентте талкуулабай эле кабыл алууну депутат Надира Нарматова сунуштады.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна экинчи окууда 64 “макул”, эки депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда документти 63 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болду. Эми мыйзам долбоору кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт.
“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы мүмкүн экени көрсөтүлгөн.
Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так белгиленген.
Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле “Жогорку Соттун чечими акыркы болот” деп жазылганын билдирип, бирок Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирген.
Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.
Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.
“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси ушул чечимден кийин көтөрүлгөн.
6-сентябрда спикер Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасын жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылган. (BTo)
"Святой Ленин" спасает мир и возглавляет "восстание ИИ машин... хороших по существу". 8 серия, СЕРЬЁЗНЫЕ НОВОСТИ.
Студенты Академии Игоря Крутого раскрыли свои таланты
Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
У «Грузовичкоф» появился чудесный чудик
Два дня, наполненных театром, музыкой, книгами и наукой, — в Парке Горького во 2-й раз прошел Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»
Талантливый актер и неугомонный скандалист - несчастная судьба и ранний уход Николая Сектименко
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
За флаг и кокошник — под арест: Русской девушке запретили быть патриоткой на Красной площади
17 и 18 августа 2024 года в городе Мончегорск Мурманской области состоится VI фестиваль северной культуры «Имандра Викинг Фест».
Слушатель из Смоленска выиграл на «Авторадио» «Москвич 3»