Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Ташкентти абакта отурган каракалпакстандык журналист жана юрист Даулетмурат Тажимуратовдун коопсуздугун сактоого чакырды. Буга чейин анын адвокаты Сергей Майоров 18-сентябрда Навои облусундагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан Тажимуратов менен жолукканын, абак кызматкерлери медициналык тейлөөнү камсыздабай жатканын айткан.
Адвокат Тажимуратовго радио угууга, китепканага барууга, гезит окууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын кошумчалаган. Майоров белгилегендей, мындай чектөөлөр активисттин саламаттыгына кедергисин тийгизип, ал абдан азып кеткен.
Эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Ритман Тажимуратов камактагы башка адамдардай эле жакшы тамактануу, медициналык жардам алууга укугу бар экенин белгиледи.
Human Rights Watch уюму жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдын коопсуздугу үчүн толугу менен өзбек бийлиги жоопкер экенин белгилейт.
"Тажимуратов түрмөдө калбашы керек эле. Анын болгон күнөөсү Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөргө каршы тынч митингге чакырганында", - дейт Ритман.
Каракалпакстандагы толкундоолорго байланыштуу камалган 22 активист быйыл жыл башында Өзбекстанда соттолгон. Алардын ичинде "Эл кызматы" гезитинин мурдагы башкы редактору Даулетмурат Тажимуратов "массалык баш аламандыктарды уюштурууга" айыпталып 16 жылга кесилген. Ал сотто өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып, күнөөсүз экенин айткан.
Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн митингдер күч менен басылган. Кеминде 21 адам каза таап, 243ү жараат алган бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган. 500дөн ашуун киши кармалып, сурак-соболдон кийин көбү бошотулган.
РОССИЮ ОЖИДАЕТ ПЛЮС 50 ГРАДУСОВ: КАКИМ ГОРОДАМ ЖДАТЬ АНОМАЛЬНУЮ ЖАРУ
Пожар в пятиэтажке унес жизнь неосторожного курильщика
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
"Обещали кругленькую сумму": две медсестры могут попасть в колонию из-за одной надписи у Кремля
Самые безопасные для аллергиков округа Москвы
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Соцфонд с начала года обеспечил техническими средствами реабилитации 13,6 тыс. детей с инвалидностью
Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: какие бьюти-средства должны быть в идеальной косметичке для путешествий