Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Өлкөнүн бюджети дээрлик эки эсеге өстү №32, 05.05.08

0

«Ак Жолдун» максаты өзүнө ишенген, өнүккөн, туруктуу, бакубат Кыргызстан!
Кыргыз Республикасынын Президент
Курманбек Бакиевдин 30-апрелде «Ак Жол»
элдик партиясы» саясый партиясынын
III съездинде сүйлөгөн сөзү

Урматтуу делегаттар жана съезддин катышуучулары!
Сиздерди партиянын ушул башкы форуму менен чын жүрөктөн куттуктайм жана кезектеги съезд «Ак Жол» элдик партиясынын тарыхындагы эң маанилүү учур боло тургандыгына ишеним билдире кетким келет.
Урматтуу делегаттар!
Сиздер, бардык конструктивдүү күчтөр менен бирдикте биз 2005-жылдын мартындагы тарыхый окуялардан кийин өлкөдөгү кырдаалды оң жолго салуу үчүн көп күч жана убакыт короттук.
Коомубуз ошол күндөрү өздөрүнүн бүткүл үмүт-тилегин жаркын келечекке, жаңы бийлик алардын жашоо турмушун жакшырта тургандыгына байланыштырган болучу. Алдыга коюлган бардык милдеттерди план ченемдүү жүзөгө ашыра баштоо үчүн болгон күчтү жумшоого туура келди. Анын үстүнө бүткүл кыргыз коомчулугу, бүткүл эл өнүгүүнүн артыкчылыктуу жолдорун тандап алууга жигердүү катышты. Биз бардыгыбыз пикирлердин жана позициялардын кеңирилигине, көз караштардын ажырымдыгы бар экендигине күбө болдук. Коомдун ашкере саясатташуусу ошол мезгилдин мүнөздүү белгиси болуп калган.
Тилекке каршы, мына ушунун бардыгы экономикадагы көйгөйлүү маселелерди чечүү зарылчылыгын экинчи планга жылдырып салган эле. Парламент Өкмөттүн бардык демилгелеринин жолун тосуп салган шартта биз шашылыш чараларды жүзөгө ашырууда кыйынчылыктарга дуушар болдук.
Бирок, коомдун турмушунун башатында саясат, саясый мамилелер турган шартта да биз экономика чөйрөсүндө келечектеги реформалардын негизин түптөп, калктын көп сандаган көйгөйлүү маселелерин чече алдык.
Саясый кармаштар менен мамлекеттик казынаны арттыруу жагындагы оор процесс катарлаш жүрдү. Ушунун аркасында биз ондогон жылдардан бери топтолуп кеткен көйгөйлөрдү чече баштадык.
Биринчи жолу бюджет бизге курулушту жана ремонт иштерин баштоого, үмүтсүз тилек бойдон калган жолдорду салып, бүткүл өлкө боюнча мектептерди, башка социалдык объектилерди кура баштоого мүмкүнчүлүк берди, бардык муктаж болгон тармактар мамлекеттен олуттуу материалдык-техникалык колдоо алды. Эң ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу башталды, өткөн жылы Кыргызстан өз күчү менен региондогу масштабы боюнча эң ири объектти — «Камбарата» ГЭСинин курулушуна киришти.
Ошол эле учурда, көп саясатчылар, анын ичинде мурдагы чакырылыштын депутаттары, тилекке каршы, бийлик үчүн күрөшкө баш-оту менен кирип кетти. Алардын талаптарынын радикалдуулугу, шайлоочулардын ишеними менен кызыл кулактык кылышы эл тарабынан кабыл алынбады, иштин мындай формасы нааразычылыктарды пайда кылды.
Бул жарандарыбыздын Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү маселени бүткүл элдик референдумда колдоого алышына алып келди. Бул өлкөнүн саясый тарыхындагы кийинки этапка чыйыр салды.
Биздин негизги мыйзам парламентти партиялык принцип боюнча түзүүнү караган жаңы саясый түзүлүштү жарыя кылды. Элдин мындай кадамдарды колдоого алышы өлкөнүн жаңыча, туруктуу жана ыргактуу өнүгө баштоо мезгилине карай кадам таштоонун эң маанилүү учуру болду деп ойлоймун.
Бардык кыйынчылыктарга жана тос-
коолдуктарга карабастан, экономикадагы өтө оор абалды оңдой алдык жана өткөн жылдын жыйынтыгы бизге ишеним берди.
Анын өсүшү көптөгөн жылдардан бери биринчи жолу 8% дан ашты, өлкөнүн бюджети дээрлик эки эсе өстү, анын мүмкүнчүлүктөрү жарандарыбыздын көп сандаган категорияларын социалдык жактан колдоого алуу чараларын күчөтүүгө көмөк көрсөттү.
Ошентип, биз чыгашаларга кабылып, кыйынчылыктарга туш болсок да, саясый туруктуулукту камсыз кылып, экономикадагы жигердүү темпти баштай алдык. Соңку жылдардагы дурус натыйжалар экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча маанилүү кадамдарды чечкиндүүлүк менен жасоого бизге негиз берди.
Ушул жылдын башында мен жаңы Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Билдирүү менен чыктым. Анда өнүгүүнүн негизги багыттары жана өлкөнүн калкынын жашоо турмушунун сапатын жакшыртууга багытталган жаңы экономикалык саясаттын кыйла маанилүү чаралары жөнүндө кеп болгон.
«Ак Жол» элдик партиясынын программалык платформасына негизделген жаңы экономикалык саясатта биз прогрессивдүү экономикалык багытка, дүйнөлүк масштабдагы татаал экономикалык абалга, өлкөнүн ичинде орун алган процесстерге ылайык боло ала турган реформаларды жүргүзүүбүз абдан маанилүү.
Урматтуу делегаттар!
Экономикалык саясаттагы жаңы чаралар жөнүндө демилге көтөрүп жатып, мен финансылык жана фискалдык натыйжалуу система, экономиканы модернизациялоо, дасыккан кадрлар менен камсыз кылуу, социалдык секторду реформалоо, региондорду өнүктүрүү маселелери биз үчүн өтө артыкчылыктуу багыттар деп айткан элем.
Муну менен бирге мен ошондо эле бир катар багыттар боюнча кырдаал тышкы факторлордун таасиринен улам кыйындап кете тургандыгын да белгилеген болчумун.
Тилекке каршы, ошол божомолдор туура чыкты. Дүйнөлүк экономикадагы кырдаал начарлап, ал биз күткөндөн да кыйла татаал болду. Мындай тенденциялар биздин башкы соода өнөктөштөрүбүз болуп саналган өлкөлөрдө да орун алды. Кыязы, ушундай глобалдык процесстер жана тышкы факторлор биздин экономикага да таасир тийгизчүдөй.
Ошондуктан, бүгүнкү күндөн баштап эле бизге жаңы экономикалык саясаттан келип чыккан биринчи кезектеги мыйзамдар керек. Алардын ичинен эң орчундууларын Өкмөт жана Жогорку Кеңеш кечиктирүүсүз иштеп чыгып, кабыл алуулары зарыл. Бул туурасында Өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен биз кеңири сүйлөштүк.
Жаңы экономикалык саясатты жүзөгө ашыруу Өкмөт гана эмес, ошондой эле өлкөдөгү алдыңкы партия беттеген мамлекеттик саясаттын жаңы тилкеси болуп калууга тийиш. Бул жерде жарыш сөздө сүйлөгөн партиянын мүчөлөрү айткандай, ал алдыбызда турган мезгилге биздин саясый жана партиялык турмушубуздун башкы маселеси болуп калууга тийиш экендигинде шек жок.
«Ак Жол» парламенттик фракциясы менен жолугушууда мен өзүбүздүн депутаттарды жана партиянын саясый кеңешин жаңы экономикалык саясатты жүзөгө ашыруу үчүн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ишке жигердүү катышып, четте калбоого чакырдым. Менин бул чакырыгым түшүнүүгө ээ болот деген ойдомун.
Жалпысынан алганда, урматтуу партиялаштар, Өкмөт менен парламенттен жүзөгө ашырууну күтүп турган артыкчылыктуу беш багытты бөлүп көрсөткүм келет. Алар биздин экономиканын пайдубалын түптөйт.
Бул багыттардагы маселелердин бүткүл комплексин чечүү бизге экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Маселелердин биринчи багыты биздин энергетикабыздын маселелерине жана келечегине тиешелүү. Эң оболу — бул электр энергиясын мыйзам тарабынан товар катары таануу, электр энергиясын уурдагандыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу маселеси.
Энергетикалык кризис кандай кесепеттерге алып келип, көп өлкөлөр, анын ичинде биздин коңшуларыбыз энергетика системасынын ишиндеги үзгүлтүктөргө байланыштуу кандай кыйынчылыктарга туш келгендигине Сиздер күбөсүздөр. Кудайга шүгүр, бизге ал тийген жок. Бирок бул бизде андай маселе жок дегенди билдирбейт. Алдын ала чараларды, ачык эле айтып коеюн, анча популярдуу эмес болсо да, өтө маанилүү чараларды кабыл албасак болбойт.
Ушул жерден партиялаштар түнкү мезгилде электр энергиясын өчүрүп коюу зарылчылыгын элге кеңири түшүндүрүү менен олуттуу жардам көрсөтө тургандыгына өтө ниеттенем. Кыш мезгилине даярдыкты азыр башташыбыз керек болууда.
Ошондой эле, электр энергиясы менен камсыз кылуу жөнүндө, электр энергиясынын рыногу жөнүндө жана электр энергиясынын орду толуп туруучу булактары жөнүндө мыйзамдар зарыл.
Финансы секторуна тиешелүү экинчи блок жоопкерчиликтин төрт түрүн — милдеттүү камсыздандырууну, мурдагы пенсиялык куракты калыбына келтирүү системасын киргизүүнү карайт. Дүйнөлүк финансылык кризистин шартында каражатка жараша жашоо керектигинин зарылчылыгын четке кагып коюу бизге кымбатка турат. Муну түшүндүрүүнүн кажети жок деп ойлойм. Бул жерде партия активдүү позицияны ээлеп, калкка туура түшүндүрүп, мындай чараларды кабыл албасак, экономикабыз кыйналып кала тургандыгын, өнүгүү темптери бошоңдоп кетерин ачык айтышыбыз керек. Бул маселелердин үстүндө саясый чайкоочулук кылган жарабаган иш.
Үчүнчү багыт айыл чарбасына жана кайра иштетүү өнөр-жайына тиешелүү. Азык-түлүк коопсуздугун толук камсыз кылуу, ошондой эле биздин айыл чарбабыздын дүйнөлүк атаандаштыктын чакырыктарына жооп берүүгө жөндөмдүүлүгү дал ушул айыл чарбасындагы реформаларга байланыштуу болот. Бул үчүн биринчи кезекте, бизге үрөнчүлүктү жана асыл-тукум ишин, ветеринардык кызматты калыбына келтирүүгө көмөктөшүүчү мыйзамдар керек. Муну кырдаалдын өзү талап кылып жатат жана бул «Ак Жол» партиясынын программалык талабы экенин да эске алышыбыз керек.
Ишкердик чөйрөсүн жакшыртуу боюнча чараларды мен төртүнчү базалык багытка кошоор элем. Бизде бул багытта белгилүү жылыштар бар. Бирок, кийин, жаңы мыйзамдарды кабыл алуу менен биз бизнести бүлдүрүп албашыбыз керек.
Ишкердик чөйрөсү жөнүндө айтуу менен мен түп-тамырынан берки өзгөрүүлөрдү караган Салык кодексинин жаңы редакциясы жөнүндө эске сала кетким келет. Ал бизнес жамааттарынын бардык каалоо-тилектерин эске алуу менен иштелип чыкты. Бул маселеде биз кийинки жылга жаңы Салык кодекси менен кириш үчүн парламенттен оперативдүү колдоону күтүп жатабыз.
Бир нече күн мурда мен ишкерлер менен жолуктум, анда жакшы пикир алмашуу болду деп ойлоймун. Ал эми андан мурда мен ар кандай ишкерлерди текшерүүгө мораторий жарыялоо боюнча Указга кол койгонмун, кабарыңар бар. Ачык айтайын, бул өтө чечкиндүү кадам болду, мындай кадамдарды жасоо эмес, аны элестетүү да мурдакы мезгилде мүмкүн эмес эле.
Ишкерлер муну туура түшүнүп, биздин салык жыйымдарыбыз кээ бирөөлөр ойлогондой, азайбастан, кайра көбөйөт деген терең ишенимдемин.
Кечиктирилгис чаралардын экинчи этабынын бешинчи багыты — социалдык сектордун өзөктү өрттөгөн маселелерине тиешелүү. Биринчиден, алдын алуу медицинасында мамлекеттин ролун күчөтүү, практикалык саламаттыкты сактоо функцияларын жеке секторго өткөрүп берүү, илим жана инновациялык иш жөнүндө мыйзам, андан соң жигердүү иш жүргүзүү зарыл.
Январдагы Билдирүүдө парламентке алдыңкы саясый партиянын келишинин өтө маанилүүлүгүн белгилеп, мен Жогорку Кеңешке жана ал түзгөн Өкмөткө зор үмүт арткам.
Азыр Сиздердин кесиптештерге — депутаттарга жана Өкмөт мүчөлөрүнө муну далилдөөгө жана жарыя кылынган программаны конкреттүү аракеттерге айландырууга убакыт жетти.
Биздин партиялык максаттарыбызды иш жүзүнө ашыруу жаңы Өкмөткө тапшырылды, эми аларды турмушка ашырууну баштоо зарыл. Анткени, партиянын, жалпы элдин ишеним кредити чексиз болушу мүмкүн эмес. Үмүт-тилектердин убактысы да чексиз болушу мүмкүн эмес.
Урматтуу съезддин делегаттары!
Мага партиялык курулуштун процессинин өзүнө түздөн түз тиешелүү болгон айрым маселелерге да токтоло кетүүгө уруксат этиңиздер. Азыр «Ак Жол» элдик партиясынын ар бир мүчөсү партиянын программалык максаттарын турмушка ашырууга өзүнүн умтулуусун иш менен, жигердүү аракет менен көрсөтүүгө тийиш болгон маанилүү учур келди.
Ооба, жаңы типтеги партия кыйла кыска убакыттын ичинде түзүлдү. Партиянын катарына кирүү боюнча «Содружество», Республикалык эмгек жана биримдик партиясынын, «Менин өлкөм («Моя страна»), «Авангард» саясый партияларынын мүчөлөрү өздөрүнүн чечимдерин кабыл алып, мындан кийинки саясаттагы келечектерин толук «Ак Жол» партиясы менен байланыштырышты. Ал эми «Жаңы Кыргызстан» саясый партиясы «Ак Жол» менен бирге шайлоого барып, анын мүчөлөрү мындан ары да үзөнгүлөш иштөөгө бел байлашты. Республикалык фермерлердин, пенсионерлердин саясый биримдиктери да бир болорун билдиришти. Мен алардын баарына ыраазычылык билдиремин. Биз көптөгөн саясый күчтөрдүн ажырагыс биримдигин түзгөнүбүз жалпы эл үчүн чоң утуш болду деп ойлоймун.
Жаңы партия ал Кыргызстан калкына өлкөнүн өнүгүшүнүн андан аркы кадамы боюнча өзүнүн конкреттүү пландарын сунуш кылып гана тим болбостон, ошондой эле шайлоодо бүткүл элдин жактыруусун алып, аларды турмушка ашырууга киришти, бул өлкөнүн саясый турмушундагы таптакыр жаңы көрүнүш.
Жаңы Кыргызстандын тарыхында бир дагы саясый партия эч качан ушунчалык реалдуу жана байкаларлык потенциалга ээ болгон эмес. Андыктан, биздин башкы жетишкендигибиз — бул шайлоочулардын добуштары, алар «Ак Жол» элдик партиясын, Жогорку Кеңештеги анын фракциясын кыргыз парламентинин чечүүчү күчү кылды. Муну менен сыймыктануу жана аны баалоо керек.
Жарым жыл мурда биз өтө жооптуу кадамга бардык — парламенттин табиятын өзгөрттүк. Мен жогоруда айтып кеткендей, соңку жылдардын саясый процесстери конституциялык маселени биротоло чечүү зарылчылыгына жана партиялык тизмелер боюнча шайлоо керектигине алып келди. Андыктан, калк бүткүл элдик референдумда коюлган маселелерди колдоду, эми бизде толук партиялык парламент бар.
Шайлоонун натыйжалары жаңыдан гана белгилүү болуп, Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышына даярдык жүрүп жаткан күндөрү мен партиядан келген депутаттар менен жолугуштум. Эң биринчи орунга жалпы улуттук кызыкчылыктарды койгон партия көрсөткөн адамдар менен жолуга турган ушул мүнөттөрдү өтө күткөнүмдү дароо эле айттым. Мамлекет башчысы катары өлкөнүн жаңы парламентинен чоң үмүттөрүм бар экенин жашырган жокмун.
Менин экинчи жолугушуум жакында эле болду жана жаңы парламенттин иши башталган күндөн бери болгону бир нече ай өткөнүнө карабастан, бизде талкуулап жана маектеше турган маселелер арбын болду.
Мен азыркы парламенттин ишине, анын ичинде «Ак Жол» партиясынан келген депутаттардын ишине кунт коюп көңүл буруп турам. Жогорку Кеңештин үзүрлүү иши миллиондогон кыргызстандыктар сыяктуу эле мени да кубандырат. Ага чейин парламентте ушунчалык көп убакыттын саясый кагылышууларга, аягы жок талаштарга кеткендигинен жаңы курамдын иштиктүү, үзүрлүү иши көпчүлүк адамдар үчүн жаңы, үмүт жандырган көрүнүш болуп калды.
Карап чыгууну күткөн бүтүндөй бир катар мыйзам долбоорлорун парламент жактырып койду. Экономикалык блоктогу мыйзам долбоорлорунун жаңы пакети карап чыгууну күтүп жатат, андыктан аларды жактыруу — экономикалык программабызды турмушка ашыруунун шарттарынын бири. «Ак Жол» фракциясындагы депутаттар менен жакында болгон жолугушууда биз дал ушул жөнүндө маектештик.
Фракциянын өзүнүн ичинде депутаттар кээде Өкмөттүн тигил же бул демилгелерине олуттуу оңдоолорду киргизип жаткандыгы табигый көрүнүш, бул туура, ушундай болууга тийиш. Бирок башкысы — парламент Өкмөт киргизген мыйзам долбоорлорун көп учурда толуктап, оңдоп-түздөп, алардын дээрлик бардыгын жактыргандыгында.
Бул жерде биздин депутаттарыбыз катышып олтурганынан пайдаланып, өзүмдүн айрым байкоолорумду сиздер менен бөлүшкүм келет.
Сиздер башка принциптерде түзүлгөн парламентке келдиңиздер. Сиздер, түз эле айталы, шайлоодо сиздерге жардам бергендердин алдында майда-чүйдө милдеттерден бошсуздар. Бир мандаттуу округдар боюнча шайлоолор кантип өтүп жүргөнүн мен жакшы билем. Эми болсо, образдуу айтканда, эл партияга ишеним билдирди, ал эми партия өзү алган мандаттарды элге кызмат кылууга дал сиздерге ишенип берди.
«Ак Жол» партиясынан айрым депутаттар фракциялык көпчүлүктүн позициясына каршы туруу менен өзүнүн «принциптүү позициясын», өзгөчө пикирин билдирип жатат деп кээде угуп, прессадан да окуп калам. Мен бардык өзгөчө пикирлерди фракциянын ичинде шашпастан талкуулоого кеңеш берер элем. Ооба, ар бир адамдын өз пикири боло турган маселелер дайыма боло берет.
Менин байкоолорум боюнча, бизде партиялык парламентаризмдин өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү милдети али алдыда турат.
Бул болсо айрым маалымат каражаттарына партиячы депутаттардын арасында интригаларды жакшы көргөндөрү да бар, алар үчүн кандайдыр бир маселе боюнча ар кандай бөлүп-жарылуу — ойдогудай көрүнүш деп айтууга жана жазууга шылтоо болууда.
Мен буга ишенбеймин жана ишенгим келбейт. Ооба, балким, партиялык тартипке көнүү керек, кыязы айрымдар муну дароо аңдап-түшүнө алган жок.
Бирок кандай болгон күндө да ар бир депутат өз мандатынын маанисин сезүүгө
тийиш. Чындыгында эле партия тизмесиндеги орундарды бүгүнкү күндө депутат болуп калгандарга ишенип берип, жаңылышкан жок деп ойлойм. Биздин партиялык фракциябыз — бул партиянын ажырагыс бөлүгү, партиянын максаттарын жана милдеттерин турмушка ашыруу үчүн парламентке жиберилген анын өкүлдөрү экендигин түшүнүү керек.
Урматтуу делегаттар!
Партиялык курулуш маселесинде жаңы этап башталууда. Бул биздин катарды чыңдоо, жер-жерлерде так системалык иштерди түзүү, жергиликтүү, аймактык партиялык түзүмдөрдү активдештирүү жана алардын ролун жогорулатуу этабы.
Ал эми бул иштин башаты болуп дал ушул съезд, анын чечимдери болот деп ойлойм.
Партиянын саясый кеңеши өзүнүн күнүмдүк ишин уюштуруу менен байланышкан айрым маселелерди карап чыккан. Күн тартибинде экинчи маселе болгон, Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароону да, жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууну да мен колдойм.
Чындыгында мобилдүү, коллегиялуу орган керек, ал партиянын саясый кеңешинин кеңири курамын ар түрдүү маселелер боюнча чогулта бербестен, учурдагы бардык иштерди тез арада чечүүгө ыйгарым укуктуу болот.
Урматтуу делегаттар!
Баштапкы партиялык түзүмдөрдүн андан аркы иши тууралуу өзүмдүн оюмду бир аз айта кетейин.
Шайлоо алдында партияны колдоо боюнча элдин демилгесин уюштуруучулук жактан колдоо үчүн партиянын жетекчилиги болгон күч-аракетин жумшагандыгы баарыбызга белгилүү.
Жер-жерлерде баштапкы уюмдар түзүлгөн, алар дароо эле программалык максаттарды жана милдеттерди түшүндүрүү боюнча ишке жигердүү киришкен, техникалык мүнөздөгү маселелер менен алектенишкен, дароо эле, бир эле учурда жер-жерлерде шайлоо алдындагы таймашуу да башталган.
Учурдан пайдаланып, бардык жергиликтүү партиялык активисттерге ак ниети менен иштегендиктери үчүн, саясый күрөштүн очогунда болуп, жалпы жеңишке өз үлүштөрүн кошкондорго ыраазычылык билдирем.
Эми, өлкөнүн азыркы учуру жана келечеги үчүн өзүнө жоопкерчилик алган партия өлкөнүн негизги саясый күчү болуп калгандыгын түшүнгөндөн кийин, иштин жаңы этабына бардык жерде жана кыйла жигердүү киришүүбүз керек.
Жер-жерлердеги партиялык түзүмдөр региондорду өнүктүрүү боюнча маселелерди ишке ашырууда баштоочу болуп калышы зарыл.
Азыр ар бир регионду өнүктүрүү пландары боюнча иштер жүрүүдө, жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына мындай тапшырма коюлган жана Өкмөт бул багытта бардык ишти координациялоодо. Мен биздин партиячылардын региондорду андан ары өнүктүрүүгө тийиштүү бардык маселелерге жигердүү катышуусун күтөөрүмдү жашырбайм.
Съезд башталардын алдында партиячылар уюштурган көргөзмөгө барып, мен биздин көптөгөн шакирттер жаңы экономикалык саясатты жүзөгө ашыра баштагандыгына көзүм жетти. Бул кубандырып, жакшы нерселерге үмүттөндүрөт.
Урматтуу партиячылар, жергиликтүү калк колдогон сиздердин демилгелер, сиздердин жигердүү позицияңар жергиликтүү бийликтердин күч-аракеттерине сезилерлик колдоо бере аларына ишенем.
Урматтуу делегаттар!
Жергиликтүү мүнөздөгү көйгөйлөрдү чечүүдө партиянын аймактык түзүмдөрү реалдуу күчкө ээ болушу үчүн жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдарга — кеңештерге боло турган шайлоого активдүү катышуу абдан маанилүү.
Сиздер билгендей, күзүндө көптөгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары бүтөт. Албетте, партия жер-жерлерде өзүнүн мүчөлөрү аркылуу депутаттык мандаттарга ат салышууга жарай турган саясый күч болуп калышы керек.
Мунун бардыгын системалык иш болгон учурда гана жасоого болот. Партиянын аткаруу комитети, региондук лидерлер райондордо, шаарларда жана айылдарда биздин активисттердин ишин материалдык-техникалык камсыз кылуу үчүн колдорунан келгендерин жасады деп ойлойм.
Азыр мыкты баштапкы уюмдардын тажрыйбаларын кылдат үйрөнүүгө, партиялык актив менен окууларды өткөрүүгө, жер-жерлерде жана борбордо партиялык түзүмдөрдө иштөө үчүн татыктуу кадрларды тандоого мүмкүнчүлүк бар.
Патриоттуулукка, мекенге чыныгы болгон сүйүүгө негизделген партиялык биримдик депутаттарды же көрүнүктүү адамдарды гана эле эмес, өлкө боюнча партиянын бардык катардагы мүчөлөрүн да бириктириши керек. Ал үчүн партиялык жаңы каада-салттар калыптанышы жана пайда болушу керек.
Партия реалдуу иштери жана максаттары менен өзүнүн оппоненттерине ал жалпы улуттук масштабдагы негизги бириктирүүчү жана мобилизациялоочу фактор болгондугун, бүткүл кыргыз элинин кызыкчылыгына кызмат кылгандыгын жана кыларын далилдеши керек.
Жашоо-турмуш ар түрдүү, жөнөкөй жарандардын күндөлүк оокатынан, жеп жаткан наныбыздан стратегиялык программалык максаттарга чейин — мына күнүмдүк партиялык иш үчүн кеңири спектр.
Партиячыларга консолидация жана биримдик абдан керек, позициялардын тактыгы жана чечимдердин ачык-айкындыгы зарыл. Партиялык катарды реалдуу күчөтүү керек.
Ооба, партиянын катарына жаңы мүчөлөрдү жөн эле санды көбөйтүү үчүн кабыл алууга болбойт. Партиянын катарына кирүүнү каалагандарга кандайдыр бир жасалма тоскоолдуктарды коюуга да болбойт, акыл эс менен жана ойлонуп жүргүзүлгөн үгүт керек.
Бул иш системалуу болуп калышы керек, эгерде партия элдин жыргалчылыгы үчүн иштесе, иш жүзүндө болуп жаткандай, эл ага өзү эле келет.
Партиячылардын бардык ийгиликтүү иштери, демилгелери адамдарда түшүнүүнү жана колдоону жаратарына ишенем. Дал ушунда биздин биримдигибиздин, келечекти бирге түзүүгө болгон аракетибиздин негизги маңызын көрүп турам.
Кыргызстан — эбегейсиз чоң потенциалы бар өлкө, биздин биргеликте жаркын келечек куруу үчүн мүмкүнчүлүгүбүз кенен.
Биздин ажайып жерибиз, кичипейил, эмгекчил элибиз бар. Биздин байыркы тарыхыбыз бар, бизде эртеңки келечегибиздин программасы бар.
Урматтуу партиялаштар, жалпы аракеттин мезгили келди. Биздин тандап алган жол, «Ак Жол» партиясынын жолу — өнүккөн, стабилдүү, өз мүмкүнчүлүгүнө
таянган бакубат Кыргызстан!
Сөзүмдүн аягында баарыңыздарга бакубат ден-соолук, биздин элдин жыргалчылыгы үчүн иштеген ишиңиздерге ийгилик каалайм!

«Ак жол» элдик партиясынын
III съездинин делегаттарынын Кыргызстандын коомчулугуна
КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Салиевич Бакиевдин Парламент менен Өкмөткө 2008-жылдын 10-январындагы биргелешкен отурумундагы өлкөнүн Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө кайрылган Билдирүүсү мамлекеттин экономикалык саясатына болгон мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүү менен өлкөнү социалдык-экономикалык жактан мындан ары өнүктүрүү боюнча Парламент менен Өкмөттүн иштеринин негизги багыттарын аныктайт. Мамлекет башчысы Кыргызстандын элине биздин өлкөбүздүн өнүгүшүндөгү сапаттуу жана тез өсүштү камсыз кыла турган, экономикалык реформалардын системалуу программасын — жаңы экономикалык саясатты сунуштады, биздин коомдун өнүгүшүнүн жаңы чектерин белгиледи.
Бүткүл дүйнөдө энергияга болгон баалар өсүп, дүйнөлүк экономиканын өсүш ыргактарынын жайлашы алдын-ала болжолдонуп жаткан шарттарда, Президент Курманбек Салиевич Бакиев сунуш кылгандай; өлкөнүн экономикасынын өнүгүү тенденцияларындагы керектөө форматын инвестициялоо форматына буруу биздин өлкө үчүн тең салмактуу өнүгүүгө жана тобокелдик факторлорунун төмөндөшүнө реалдуу өбөлгө түзөт.
Урматтуу мекендештер!
Мамлекет башчысынын демилгеси экономиканы өнүктүрүүгө, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган, ал сунуштаган жаңы экономикалык саясат ушул максатка жетишүүдөгү оптималдуу жолду аныктайт. Ириде, ал бардык коомдук институттарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган. Программалык документте жашоонун деңгээлин жана сапатын жогорулатууга багытталган чаралардын комплекси, күчтүү социалдык блок сунушталган. Албетте, бул милдеттерди аткаруу бир кыйла татаал жана аларды иш жүзүнө ашыруу Парламент менен Өкмөттөн гана эмес, бүткүл коомчулуктан максималдуу күч-аракеттерди талап кылат.
Президент Курманбек Салиевич Бакиев уюштурган жана лидери болуп эсептелген республикалык «Ак жол» элдик партиясы, парламенттик көпчүлүктүн партиясы катары, мамлекет башчысы сунуштаган Кыргызстандын жаңы экономикалык саясатын чоң ынтызарлык менен кабыл алды. Биздин партия бул милдеттердин өтө маанилүүлүгүнө баа берүү менен, алардын жүзөгө ашырылышына ар тараптан көмөк көрсөтөрүн билдиребиз.
Курманбек Салиевич Бакиев өз кайрылуусунда «Биз конституциялык өзгөртүүлөрдү соңуна чыгардык. Саясый туруктуулук үчүн бардык шарт түзүлдү. Прогрессивдүү жана ишке жөндөмдүү парламент түзүлдү, Өкмөттүн жаңы курамын бекиттик. Экономиканын жана социалдык чөйрөнүн бардык багыттары боюнча жакшы жылыштар бар,»- деп айтылат. Ал эми азыр биз коомубуздун өнүгүүсүнүн жаңы этабынын башталышында турганыбызды, ал жалпы журттан, саясый партиялардан жана коомдук кыймылдардан алардын жасаган иштери жана анын натыйжалары үчүн эбегейсиз зор жоопкерчиликти талап кылышат. Жаңы экономикалык саясат — бул аракеттин программасы, аны кыргызстандыктар ар-намыстуулук менен ишке ашыруусу зарыл. Кыргызстан 5-10 жылдан кийин дүйнөдө кайсыл орунда болору буга түздөн-түз байланыштуу болот.
Биз бардык прогрессивдүү күчтөрдү, Кыргызстандын бардык жарандарын өлкө Президентинин айланасында баш кошууга жана социалдык-экономикалык реформаларды жүзөгө ашырууда көмөктөш болууга чакырабыз!

Cүрөттөрүн тарткандар Э.БОЛЖУРОВ, С.ДОСАЛИЕВ (Кабар)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus



Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».


Добрые рисунки: «585*ЗОЛОТОЙ» запустила конкурс ко Дню защиты детей

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

Раскрыт секрет, как и где отдохнуть в России летом за 11 тыс. рублей


Brentford B and Tiverton Town Friendlies Announced

Where to find Real Madrid vs Dortmund on US TV: June 1, 2024

Rangers backed into a corner, must beat Panthers on road to force Game 7

When Narine asked Gambhir 'can I bring my girlfriend to IPL?'


Тысячи активистов разгромили офис Socar в Стамбуле, обвинив «Азербайджан» в поддержке геноцидальной политики Израиля в Палестине

Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала

Количество «брака» в биомедицинских работах увеличилось в четыре раза за 20 лет

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе


Лучшие Эхо в Wuthering Waves — соберите самую мощную сборку

"Расхитительница гробниц: Легенда о Ларе Крофт" получила дату выхода и тизер

Gamesblender № 676: God of War: Ragnarok на ПК, осенний ремейк Silent Hill 2 и новости Warhammer

Видеоновости: Дата релиза Tarisland, Zenless Zone Zero и Auroria, релиз Construction Simulator 4 и бета NFS Assemble



Артисты – они все особенные!

В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала




Спортивные соревнования на призы Мособлдумы прошли в Воскресенске

Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

ИА «Время Н»: выставку «Окно в постмодернизм» включили в сотню лучших проектов России


Детсад на 300 мест в подмосковном ЖК «Люберецкий» готов на 90%

Shot: 1,5% имущества блогерши Блиновской продадут на аукционе в случае банкротства

Артисты – они все особенные!

Эксперт Гетта: на «Госзаказе» обсудили поддержку предприятий ОПК


Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

Итальянская забастовка: Рублёв, Котов и Самсонова вылетели с «Ролан Гаррос», Потапова обыграла Ван Синьюй

17-летний россиянин Даниил Саркисян разгромил Форбса из США на юниорском «Ролан Гаррос»

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции


Артисты – они все особенные!

Детсад на 300 мест в подмосковном ЖК «Люберецкий» готов на 90%

Нового начальника мобилизационного управления администрации назначили в Подмосковье

Фасады квартала в Южном порту украсят минеральным кирпичом


Музыкальные новости

Бутман и Долина приняли участие в Akra Jazz Festival в Турции

Модель Самойлова призналась, что Джиган не хотел ехать на реалити-шоу

Документальный спецпроект — Главком ВМФ адмирал Владимир Высоцкий (03.06.2024)

Рассылка Песни или Музыки на все Радиостанции.



Артисты – они все особенные!

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей

Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала


Скандал с пенальти, отмена гола Вендела и решающий мяч Алипа на 95-й! «Зенит» победил «Балтику» в финале Кубка России

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»

ЧЭРЗ запланировал оздоровительную кампанию для сотрудников и их детей

Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году


Первое историческое ралли в Москве 2 июня 2024

Как подобрать запчасти на китайские авто?

Отзывы об EXEED VX: что говорят владельцы в 2024 году

РАБОТКА ТАКАЯ ОФИС ДОМА


Российские ракеты средней дальности могут появиться под боком восточноазиатских сателлитов США

Песков рассказал об обсуждении Путиным и Си Цзиньпином вопросов энергетики

«Так вкусно»: Путин поблагодарил главу Минсельхоза Узбекистана за фрукты

Москва рассчитывает на большую поддержку от банков КНР





Выставку ко Дню медицинского работника подготовили в центрах госуслуг

Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году

Судебная система России защитила врача «Евроонко» Екатерину Тимофееву, поддержав ее позицию в споре с некой травницей, обещающей вылечить рак с помощью фиточая

Риелтор Сырцов назвал три безопасных для аллергиков округа Москвы


В Киеве допускают, что Зеленский может не попасть на саммит G7 в Италии

Зеленский признал, что у солдат ВСУ едет крыша, и попросил "психиатрического подкрепления"


Неделя легкой атлетики пройдет в Москве

«Зенит» добыл волевую победу в матче с «Балтикой» и завоевал Кубок России

В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей

Один из лидеров «Салавата Юлаева» подписал контракт с ЦСКА: теперь официально


Прямое авиасообщение открыли между Ульяновском и Минском

«Генерал КГБ»: Лукашенко на закрытом совещании объявил, что скоро вступит в войну



Сергей Собянин назвал главные нововведения МЭШ в прошедшем учебном году

Собянин рассказал о расширении функционала МЭШ

Собянин: На северо-западе Москвы открылся волонтерский центр «Доброе место»

Сергей Собянин рассказал о новых трамвайных линиях в Москве


Орнитологи напомнили москвичам, как вести себя при встрече с птенцами

Шесть семей из Оренбургской области вышли в финал конкурса «Это у нас семейное»

Юбилейный Международный форум «Экология» пройдет в Москве 4 и 5 июня

В Рослесхозе заявили, что площадь пожаров в РФ превысила 650 тыс. га


Посетители ночной «наливайки» устроили поножовщину из-за распития алкоголя во дворе дома

Фасады квартала в Южном порту украсят минеральным кирпичом

Двое новосибирцев вернулись в Россию из плена

Источник 360.ru: во «Вкусно — и точка» в Москве произошла утечка азота


В филиале фонда «Защитники Отечества» в Архангельской области подвели итоги первого года работы

В Архангельске медики России обменялись методиками оказания офтальмологической помощи

Архангельская область подключается к марафону "Сила России"

Летняя оздоровительная кампания: в фокусе внимания – безопасность детского отдыха


Выставка-представление «Не просто город, а судьба, которой я не устаю гордиться!»

Арт-знакомство «Искусство должно давать счастье и радость»

ВТБ начал выдавать ипотеку на жилье в Крыму

Выставка-откровение «О городе своем красивыми словами»


Делегация Крыма планирует заключить меморандумы на 39,5 млрд рублей на ПМЭФ

В ЛЭТИ пройдет презентация второго профориентационного конкурса «Первое рабочее место» от БФ «Система»

Shot: 1,5% имущества блогерши Блиновской продадут на аукционе в случае банкротства

Из Саратова в Москву нельзя улететь бортом S7 Airlines












Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андре Агасси

Не ходите, дети, в теннис: как Андре Агасси и Штеффи Граф подарили детям право выбора






Нового начальника мобилизационного управления администрации назначили в Подмосковье

Эксперт Гетта: на «Госзаказе» обсудили поддержку предприятий ОПК

Тренер "Зенита" Семак объяснил антипатию к клубу постоянными победами

Детсад на 300 мест в подмосковном ЖК «Люберецкий» готов на 90%