"Көлбаев, Матраимовго катышы бар 180ден ашык киши иштен кетти". Райымбек Матраимов кайда?
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажыда Райымбек Матраимовдун коррупциялык схемасы иштебей калгандан бери көп акча чогулуп жатканын кыйытты. Ал тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кримчөйрөнүн анабашы атыккан маркум Камчы Көлбаев жана мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирди. Бирок алардын башында турган Райымбек Матраимов өзү кайда экени белгисиз. "Бажыдан көп киреше алып жатабыз"... Читать дальше...