Айлампа 07.11.11
ОМА келерки жумада АКШнын Калифорния штатында өтө турган «Аткаруучулук искусство» бүтдүйнөлүк конкурсуна аттанганы турат. Кыргызстан аталган...
Сообщение Айлампа 07.11.11 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.
ОМА келерки жумада АКШнын Калифорния штатында өтө турган «Аткаруучулук искусство» бүтдүйнөлүк конкурсуна аттанганы турат. Кыргызстан аталган сынакка алгачкы ирет быйыл гана катышууга укук алган. Алматыда өткөн тандоо турунда кыргыз ырчыларынан Ома гана тандалды.
Нуриса АБАЗОВА темир тулпарлуу болуп олтурат. Айдоочулук күбөлүгү болсо да, тажрыйбасы жок ырчы жакында зуулдата айдап калам деген ишенимде. Нурисага «Фольксфаген-Поло» маркасындагы автомашинени биртууган агасы белек кылган.
Режиссер Асан Айтикеев «Той» тасмасын Евразия фестивалына кароого жөнөттү. Буга чейин аталган тасма Россиядагы «Открытая Россия» кинофестивалынан диплом алып келген.
Ислам АКМАТОВ жакында кичи лейтенант даражасын алды. Ырчы жигит сахнада гана эмес, запастагы офицерлер катарында да жылдыз экенин белгилеп коелу, ээ, окурман?!
«Boney M» тобу Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Ысыккөл жээгиндеги «Каприз» эсалуу борборунун 26-июлда боло турган ачылышына аталган топ 26 миң доллар гонорарга чакырылган.
«60 К» тобу иштешелек жатып, продюсери менен кош айтышты. Эки тараптын мамилесин алгачкы эле гастроль аныктап койгон. Продюсер Назгүл НАСИЕВА автокырсыктан улам ушул тапта бейтапканада. Кызыгы, аталган топтун жигиттери анын акыбалын да сурай элек экен.
Айгерим РАСУЛ кызы Россиянын 20 шаарына чакыруу алды. Ош-Жалал-Абад-Баткенди кыдырып чыккан соң, алыстагы мекендештерге өнөрүн тартуулап кайтмакчы. Ага катар күздөгү туулган күнүнө карата ири концертке да азыртан даярдык көрүүдө.
Акбар СҮЙҮНБАЕВ ушул тапта «Кайдасың, махабатым» деп издөө салып турган чагы. Эң оболу досу Султан экөөлөп «Махабатымды» созуп, кийинчерээк досунан талашкандай — «Ал менин махабатым» деп, ортодо «Махабат көктөмү», анын соңунан «Кош махабатым» деп кош айтышып алганы да бар эле.
БЕКА ири масштабдуу жана кең бюджеттүү клип тарттырды. Баш-аягы 12 миң долларга эсептелген клип ырчынын айрым дос-тааныштарынын жардамы менен 8 миңге тартылды. Көп объекттер, сулуу кыздар, казино, бассейн… Ошондой эле бир кадр үчүн 7 саатка 11 метрлик лимузин ижарага алынган. Тартуу, монтаж, баары үч айда аяктады. Ырчы жана клипти жараткандар аталган клип кыргыз клиптеринин арасында РЕВОЛЮЦИЯ жасайт деген ишенимде. Канетсе да, бирге күбө бололу, окурман!
Баш-аягы 35 ырдын авторлору болгон биртууган Нурлан жана Мирлан Алыкуловдор жаңы альбом жана клиптер түрмөгүн даярдап, өлкө ичине таратып бүтүп калды. Ал эми учурда сентябрь айына белгиленген жеке концертке кам көрүшүүдө.
Куудул Жаныбектин уулу Алмаз АЛЫКУЛОВ ырчылыкка киришкени жаңы музыкалык аппаратура, жаңы тулпарлуу болуп, ал гана эмес, үй да курууга билек түрдү. Айтмакчы, ырчылык гана эмес, ушул жайдан тарта ири концерттерге алпаруучулукту да баштаганы турат.
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы
Сообщение Айлампа 07.11.11 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.